Жантөрө Сатыбалдиев баштаган министрлер кабинетинин отставкага кетери жөнүндө президенттик аппараттан чыкты делген кептер жети күндүктүн жаңылык төрүн ээледи. «Премьер-министрликке Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, спикерликке «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев келет» дешүүдө. Бул имиш төгүнгө чыгарылбаганына караганда Сатыбалдиевдин «ичер суусу» аз калган көрүнөт.
ЖАЗГА АЗ КАЛДЫ
Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов «чилде чыксын» дегендей, жаз жакындаган сайын «Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү кетет» деген сөздөр оголе көп айтыла баштады. Буга биринчиден, «Кумтөр» долбоору боюнча жаңы макулдашууну түзүүдө министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештин талабын аткара албагандыгы себеп. Парламент «Кумтөрдөгү» Кыргызстандын үлүшү 67 пайыздан кем болбошу керек деген шарт койгон болсо, премьер Жантөрө Сатыбалдиев 50дөн ары бир пайызга да көбөйтүү мүмкүн эместигин кайталап келет. Экинчиден, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишмердүүлүгүнүн алкагындагы депутаттык комиссиянын билдирүүсү эмки аптада Жогорку Кеңеште жарыяланат. Анда ыңгайсыз соболдордун жооп берүүчүсү дирекциянын экс-жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев болуп, эки шаарды калыбына келтирүүгө бөлүнгөн каражаттын ичинен 7 миллиард сомго жакын сумманын кайда кеткенин түшүндүрүп берүүгө мажбур. Мамлекеттик дирекция жогорудагы акчанын кайда чыгымдалганын айтып бере албаганы аз келгенсип, атайын түзүлгөн депутаттык комиссия да тагдыры белгисиз 7 миллиард сомго чукул сумманын кайда жумшалганын аныктай албай койгон.
«КУМТӨР» КҮРӨШҮНҮН БААТЫРЫ КИМ?
5-февраль күнү Жогорку Кеңеште «Кумтөр» долбоору боюнча өкмөт өкүлдөрү менен бирдиктүү позицияны иштеп чыгуу үчүн беш фракциянын лидерлери кирген макулдашуу комиссиясы түзүлдү. Бирок комиссия ал күнү бир ымалага келе албай койду. Жыйын аяктаарда «Ата Мекен» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Эркинбек Алымбеков: «Кумтөр» боюнча өкмөт сунуштап жаткан келишим парламентте колдоо таба турган болсо, мен депутаттык мандатымды тапшырам»,- деди. Бул учурда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев «Кыргызстандын үлүшүн 67 пайыз кыла алам деген бирөө чыкса, ордумду бошотуп берүүгө даярмын» дей салды. Ушуну эле күтүп турган белем, депутат Э.Алымбеков: «Мага премьер-министрликтин кереги жок. Вице-премьерликти бергиле, 1 жылдын ичинде үлүштү 67 пайызга жеткирем. Эгер жеткире албасам, мени камасын. Үлүштү 67 пайызга жеткирсем, Сатыбалдиевдин өкмөтү коррупция боюнча айыпталып сотко барат»,- деди.
Үлүш пайызынын айынан жаралган талаш бекеринен чыгып отурган жери жок, анткени өкмөт сунуштаган 50/50 пайыздан турган тараза таштарынын теңдиги бир жагына ооду дегиче кенди ким башкарып, ким ээлик кылып каларына таасир этет.
Бул аралыкта Жогорку Кеңеште оппозициядагы «Республика» фракциясы өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча депутаттардын арасында кол топтой баштаганы белгилүү болду.
САРУУ ЧЫКЫРООНДО ЖОЛ ТОСТУ
3-февраль күнү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылынын 50-60тай тургуну Каракол-Балыкчы унаа жолун тосуп алышты. Каракол-Балыкчы жолун бөгөп жаткандардын талабы – ИИМдин кызматкерлери тарабынан 2-февралда кармалган Айбек Сарыбаевди жана «Кумтөрдүн» менеджеринен
3 миллион доллар талап кылган Эрмек Жунушбаев менен Бахтияр Курмановду бошотуу. Кийинчерээк экс-депутат Кубанычбек Кадыровдун да кылмыш ишинин алкагында көрсөтмө берүүсү үчүн кармалгандыгы белгилүү болду. Анын Саруу айылындагы курултай менен жыйындарга активдүү катышып жүргөндүгү маалым.
Эске салсак, 2013-жылдын 7-октябрында Ысык-Көл облустук администрациясынын алдында акция өткөрүлүп, өкмөттүн облустагы өкүлү Э.Каптагаев барымтага алынган болчу.
ЫЙЫК ОРУН БОШ КАЛБАЙТ
Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөттүк курам отставкага кетчү болсо, аны менен кошо коалициялык көпчүлүк ыдырайт. Эң алгачкы коалициялык вариантты – КСДП, «Ата Мекен» жана «Республиканын» башын бириктирүүчү көпчүлүктү кайтарып келүү ыктымалы да каралууда. Андай болсо, экс-премьер Өмүрбек Бабановдун жылдызы кайра жанышы мүмкүн.
Жаз алдындагы толкундоолордун алдын алуу максатында бийликтен четтей түшкөн аттуу-баштуу саясатчылар да кызматка келип калышы толук ыктымал. Андыктан Камчыбек Ташиев менен Мелис Мырзакматов жаңы өкмөттүк курамдын ичинен орун таап калышын да күтүүгө болот.
Гезит басууга кетерде «Кумтөр» долбоорун кайра түзүмдөштүрүүнүн шарттары жазылган макулдашуу тууралуу токтом каттоодон өткөн 97 депутаттын 60ынын макулдугу менен колдоо тапты. Каршы добуш бергендердин эң көбү «Ата Мекен», «Ата Журт» жана «Республика» фракцияларынын мүчөлөрү болду. Эске салсак, өкмөт жаңы макулдашуунун шарттарына ылайык, «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча 50/50 пайыз катышындагы биргелешкен ишкананы түзүүнү жана 2026-жылдан кийин 17 пайыздык үлүштү сатып алууну сунуштаган эле.
Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg