СУЛАЙМАНОВ ДЕПУТАТТЫК МАНДАТЫНАН АЖЫРАДЫ...

  • Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин маалыматына ылайык, 2007-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандан Түштүк Кореяга иштегени кеткендердин саны 1713 кишиге жеткен.
  • Бишкек мэриясы сууктун айынан шаардык баш калкалоочу жайларга 218 ҮЙ-ЖАЙСЫЗ АДАМ, алардын ичинен 26 жаш бала кайрылганын билдирди.
  • Парламенттин 30дан ашуун сессиясына катышпаганына байланыштуу БШКнын чечими менен НУРЛАН СУЛАЙМАНОВДУН депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Анын ордуна Ажибай Калмаматов депутаттык мандат алды.
  • Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 2014-жылы дыйкандарга 5 МИЛЛИАРД СОМ жеңилдетилген насыя берүү пландалып жатканын айтты.
  • ИИМдин маалыматына ылайык, өткөн жылы уюшкан кылмыштуу топтордун 197 МҮЧӨСҮ кармалган.
  • Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, АСАНБЕК АЛЫМКОЖОЕВ Куралдуу күчтөрдүн генералдык штабынын башчысы болуп дайындалды.
  • 3-февралда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жаңы курулуп жаткан медресенин экинчи кабаты урап, андан 56 АДАМ жабыркады.
  • Саламаттыкты сактоо министрлигинин жыл жыйынтыгында 2013-жылы төрөт учурунда жана төрөттөн кийин 61 ЭНЕ каза болгону айтылды.
  • 4-февралда президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ өлкөнүн интеграциялык бирикмелерге катышуу маселелери боюнча кеңешме өткөрүп, Бажы биримдигине кирүү боюнча жол картасын иштеп чыгуу жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат алды.
  • Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Орозбек Молдалиевдин маалыматына ылайык, азыркы тапта АЖЫЛЫК ЗЫЯРАТТЫН накталай чыгымын эч ким билбейт.
  • Уламалар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, буга чейин 8-февралга белгиленген Кыргызстан МУСУЛМАНДАРЫНЫН КУРУЛТАЙЫ 4-мартка жылдырылды.
  • Айыл чарба жана мелиорация министри болуп ТААЛАЙБЕК АЙДАРАЛИЕВ дайындалды.

Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
tilkek
2014-02-10 16:39:34
men sayasatka kireiin prezidentten aiyl bashchyga chein (tizem) chekeden
0
№ 588, 07-февраль-13-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан