ӨКМӨТ ЖООП БЕРЕТ

Урматтуу окурман, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Супер-Инфо» гезитиндеги «Өкмөт жооп берет» рубрикасына кайрылыңыз же super.kg порталына кирип, «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Соболдоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. Байланыш телефону: (0312) 32-33-67

Бул ирет Социалдык өнүктүрүү министрлигине, Социалдык фондго байланыштуу суроолорго орун бердик.

«БАЛАМА ЖӨЛӨКПУЛДУ КАНТИП АЛАМ?»
– Мен мурда мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп чыгып кеткем. Анда биздин маянадан 2568 сом Соцфондго деп кармап калчу. Эми мен азыр ал жумушта иштебей калганыма байланыштуу үйдөмүн, 1 балам бар, жолдошум жок. Балама жөлөкпул берилеби? Берилсе, кайда кайрылышым керек?

God_Zmei

– Мыйзамга ылайык, балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул үй-бүлөнүн кирешесине жараша чектелет. Жөлөкпулдарды дайындоого арыз төмөнкүлөргө берилет:
Шаарларда – жарандардын жашаган (катталган) жери боюнча социалдык жактан коргоо органдарына;
Айыл жерлеринде – жарандардын жашаган (катталган) жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, айыл өкмөттөрүнө.

Суроого Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү КЫМБАТ КАДЫРАЛИЕВА жооп берди.

«ПЕНСИЯДАГЫ АДАМ ҮЛҮШ ЖЕРИ ҮЧҮН СОЦФОНДГО АКЧА ТӨЛӨЙБҮ?»
– Пенсиядагы адам өзүнүн үлүш жери үчүн Соцфондго акча төлөйбү жана эмне үчүн? Биздин үй-бүлөгө тиешелүү 1 гектардан ашык үлүш жерибиз бар. Былтыр райондук Соцфонддун өкүлдөрү келип, олчойгон суммадагы акчанын көрсөткүчүн беришти. Буга чейин бизге «мындай төлөм бар, бирок ал ыктыярдуу төлөм» деп түшүндүргөн эле. «Эмне үчүн?» десек, «кийин өзүңөрдүн пенсияңарга топтоло турган төлөмдөр» деп түшүндүрүштү. Ата-энем пенсионер, мен Ички иштер министрлигинде кызмат кылам. ИИМдин пенсиялык фонду өзүнчө да. Биз бул төлөмдү төлөшүбүз керекпи? Кайсы жылдан бери милдеттүү түрдө төлөшүбүз керек? Кайсы укуктук ченемдик актынын негизинде?

Az81kg

– Ооба, пенсия курагындагы адам өзүнө тиешелүү үлүш жери үчүн 1996-жылдагы «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» мыйзамга ылайык, Соцфондго кошумча каражат төлөйт. Расмий келишими жок түзүлгөн дыйкан чарбалары жер салыгынын базалык чендеринин өлчөмүнө карата белгиленет. Тагыраак айтканда, пенсионерлер да үлүш үчүн акча төлөшөт, ошол эле учурда пенсиясына кошумча акча ала алышат. Ошондой эле ар бир райондун жана айылдын климаттык жер үлүштөрүнө карата каражаттын суммасы белгиленет. Төлөө милдеттүү түрдө жүргүзүлөт жана төлөнгөн каражаттар ар бир камсыздандырылган адамдын жеке эсебине түшөт.

Суроого КРнын Социалдык фондунун басма сөз кызматынын өкүлү Нурбек Кайсарбаев жооп берди.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Akjolbai110784
2014-02-16 03:16:21
Урматтуу Окмот!Мен сиздерден суранарым,Россия олкосундо иштеп жаткан жараандарыбыздын келечеги кандай болот?албетте сыймыктанаарлык оз элибиз оз жерибиз бар.Ошентсе да азыркы убактагы кыйынчылыктардан отуу учун башка олколордо иштеп жатабыз,ботон элде ботон жерде журо беруу да абдан кыйын!Кыргызстаныбзда да экономика онугуп завод фабрикалар ишке ашып оз элин качан иш менен камсыздандыра алат?же эч качан андай болбойбу?Кыргыздар бут дуйнону кезип жашоо учун кандай гана кыйынчылыкка туш болууда.
+1
Mamat_ele
2015-08-13 14:30:34
Кыргызстан ЕАЭБке кирди.Эми Орусиядагы кыргыз жарандар жеке ишкерлик менен алектене алабы ? Кыргыз жарандары ИП(индивидуальный предприниматель)
жэ Юр.лицо ООО (общество с ограниченной ответственности)катары каттала алышабы ?
0
№ 588, 07-февраль-13-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан