ОКУУНУ АЯКТАГАНДАН КИЙИН ИШКЕ КАНТИП ОРНОШТУҢУЗ?

Коомдо келечектин ээси болуп, өлкөнүн эртеңин түзө турган катмар бар. Ал – студенттер. «Студенттик лайф» деп аталган жаңы рубрика менен мындан ары студенттерге, алардын жашоосуна байланышкан ар тараптуу материалдарды да чагылдырып турууну чечтик. Рубриканын алгачкы материалы катары ЖОЖду аяктагандан кийин ишке кантип орношууга болот деген суроого жооп издеп көрдүк.

Карганбек Самаков, Жогорку Кеңештин депутаты:
– Фрунзедеги Политехникалык институтта билим алып, жол курулушчу адистигине ээ болгом. Жолдомо аркылуу алгач Нарын облусу боюнча Жолдорду эксплуатациялоо башкармалыгында, андан соң Нарын жол курулуш башкармалыгында эмгектендим. Жол куруучу болуп иштеп, Кытайга чейинки чоң жолдордун курулушуна катышкам. Эч кимди алдыга чыгарбай мыкты иштеген жумушчу болгонум үчүн көптөгөн сыйлыктарга ээ болгом. Совет доору таркагандан кийин өз алдымча иш баштап, бизнеске аралашып кеттим.

Данияр Аманалиев, «Кыргыз Концепт» ЖЧКсынын директору:
– «Кыргыз Концепт» ишканасына келгениме 10 жыл болду. Анда мен Санкт-Петербургдагы Мамлекеттик финансы жана экономика университетинин бүтүрүүчү курсунун студенти элем. Бир конференцияда «Кыргыз Концепттин» негиздөөчүсү Эмил Үмөталиев менен тааныштым. Ал долбоорлордун бирине катышууну сунуштады, бул иш менин да көңүлүмө туура келди. Практикамды ошол жерден өтөп, кийин биротоло иштеп калдым. Соңку 6 жылдан бери ишканада башкаруучу директорлук кызматты аркалап келем.

Максат Чакиев, Туризм департаментинин директору:
– Кыргыз улуттук университетинен менеджер адистигине ээ болгом. Мен ЖОЖдо окуп жүргөн мезгил Совет дооруна туура келгендиктен, окуу программалар жана китептер ошол учурдун реалдуу рыногунун талабына жооп берчү эмес. Ишке орношуу үчүн жардамы тийсин деп семинар-тренингдерге катышчубуз. Кошумча билимдин арты менен сынак аркылуу Бишкек калкынын жумуштуулугу боюнча Ленин райондук башкармалыгында жетектөөчү адис болуп ишке орношком. Бул мамлекеттик кызматта 3 жыл иштеген соң жеке ишканаларга иштеп кеттим.


Эрнест Абдыжапаров, кинорежиссёр:
– Мен мурдагы Орус тили жана адабияты институтун (азыркы Бишкек гуманитардык университети) 1983-жылы бүтүрүп, ошол кездин шарты боюнча Нарын облусунун Жумгал районунда жайгашкан орто мектепте мугалим болуп иштөө багытын беришти. Жарым жылдан кийин элдик билим берүүнүн райондук бөлүмү ошол эле райондун Кызарт деген айылына барып иштей турганымды билдирген. Бирок үйдөгүлөр «ал жактын балдары тентек» деп жибербей коюшту. Мектепти таштоого туура келип, Сары-Жаз айылына кетип калгам. Ал жакта бир жылдай куруучу, сакманчы болуп жүрдүм. Кийин жаңы салынган мектепте башталгыч класстардын мугалими болуп төрт жыл эмгектенгем. Үйлөнүп-жайланып алып, 1988-жылы гана Бишкекке кино тартам деп келип алгам.

Миржан Балыбаев, алып баруучу:
– Кыргыз улуттук университетинин саясат таануу факультетин аяктаган соң ошол эле окуу жайда үйрөнчүк болуп эмгек жолумду баштагам. Штаттык орунга жарым жылдан кийин гана кире алдым. Ал жакта иштеп жүргөндө мени окуткан агайым «Улуттук илимдер академиясында илимий кызматкерликке бош орун бар экен, иштеп көрбөйсүңбү» деп калды. Ошентип академияга ишке алынып, ал жакта 4 жылга жакын эмгектендим. Телекөрсөтүүгө келип калышыма менин саясий аналитика жүргүзүүгө болгон кызыгуум себеп болгон. Мындан 12 жыл мурун 3-4 тажрыйбалуу журналисттердин арасында сынакка катышып, жыйынтыгында алардын ичинен мени тандап алышкан. Учурда НТС телеканалынын орус тилиндеги маалыматтык-аналитикалык бөлүмүнүн жооптуу редактору болуп иш алып барып келем.

Акыркы мезгилде студенттин окуганынан иштегени көп болуп, акча табуу билим алуудан да биринчи максатка чыгып кеткендей. Кээ бир ата-эненин студент баласына «кокуй, билим ал» деген сөздүн ордуна «эптеп жумуш таап, өзүңдү бак» деп акылын айтып калган учурда жогорку билим алуу өз маанисин сактай алуудабы?

Адегенде сабагынан тышкары бош убактысында иштеген Кыргыз улуттук университетинин студенти КАЛЫБЕК АСАНАКУНОВДУН оюн билип көрдүк:
– Бүгүнкү күндүн камын бүгүн көрбөсөң, эртең кеч болуп калат. Окуу жайды бүткөндөн кийин дароо жумуш табылат деп эч ким кепилдик бербейт. Кээ бир сабактарды каалайсыңбы-каалабайсыңбы акча менен бүтүрөсүң. Азыр акчаң барбы, кызыл диплом да алсаң болот. Кээ бири «окууну бүттүм» деп сүйүнгөнү менен жумуш таба албай, сандыкта чаң баскан дипломдордун саны канча? Ушундайда беш жыл эмне болуп өтүп, окууга төлөнгөн акча кайда кеткенин ойлосоң, ичиң ачышары бышык. Ата-эненин капчыгын гана карап, жогорку билимге ишенип отура бербестен, аракет кылып бутка азыртадан тура бериш керек дегендердин катарындамын.

«Учурдун талабы деп окуу жайдын босогосун аттабай, дипломду сатып алып калабызбы?» деген суроого Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин студенти НУРЖИГИТ АБДЫЕВ мындайча жооп берди:
– Кыргызстандын ЖОЖдорунда коррупция абдан күч алган. Сессия учурунда ачык эле ставкаларын айткан мугалимдер кездешет. Мындан улам сенин сабакка келип-келбешиңдин мааниси жок болуп калат. Окуу жайды бүткөндөн кийин ишке орношоюн десең, тааныш-байланыш керек, болбосо дагы акча бересиң. Ушунун баарын ойлонуп, ыңгайы келгенде эптеп бир жумушка кирип аласың.

Өлкөбүздө билим алууну биринчи орунга коюп, китеп кучактап, сабакты жакшы окуган жаштарыбыз да аз эмес. Анын бири Бишкек гуманитардык университетинин студенти НУРЗАТ ТОКТОСУНОВА төмөндөгүчө сөз салды:
– Азыр ата-энелерин кыйнабай өзүм акча табайын деген курдаштарыбыз көп. Бирок минтип алар тобокелдикке барып жатышат. Иштеген студенттердин көбү чарчаганынан сабакта көңүлү жок отурушат, кээ бири жумуш деп сабакка кечигип же такыр эле келбей калышат. Студент болгондон кийин ашыкча коромжу болуудан алыс болуш керек. Окууну жакшы бүтүрсөң, жумушту бир жерден болбосо да экинчи жерден таап аласың. Карьера курам дегендер үчүн биринчи орунда билим болушу шарт.

Окууну жакшы аяктап, мына иштейм деген жаштардын жолунда дагы бир маселе көп чыгат. Ал иш берүүчүлөрдүн тажрыйбалуу адистерди издегендиги. Окуу процессин кесибине жараша иш менен коштогондор да бар. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенти БЕГИМАЙ АЛТЫБАЕВаны уктук:
– Билим алуу менен бирге кесибиңе байланыштуу жерде иштөө туура жана пайдалуу. Теория менен тажрыйбаны айкалыштыруу келечекте иштей турган кесибиңе тарбиялайт жана жөндөмдүү болууга жол ачат. Ошондуктан жардамчы болуп кирип, бекер иштөөгө туура келсе да макул болуу керек деп эсептейм. Бул жол менен биз келечегибиз үчүн иш ордун дайындап койгондой болобуз.

Ширин Турдакунова
Эржан Болот уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Elnuram090
2014-02-10 10:18:23
мен да жакында окуумду аяктадым иш каналарга резюме таштап койдум бирок азырынча эч чакыралек таанышын болбосо ишке орношуш кыйын болуш керек
0
ere
2014-02-10 14:11:43
мен да азыркы заманда ишке кириш учун окууну бутуп 2 жыл дипломуму которуп нары бери барсам албай жакшы эле кыйнашты пара бербей бара берип, изденип журуп анан аран интернет аркылууу жумуш таап азыр кудага шугур иштеп жатам!
0
rahat.87
2014-02-12 08:17:01
менин дипломум жатат чан басып озум болсо Орусияда иштеп журом
+1
subfield
2014-02-12 17:01:52
Ооба, тааныштар баарын чечет. Азыркы заманбап компанияларды да "туугандуу бийлер" башкарып жатышат.
Мен да жумуш издеп көрдүм, 2 ай издеп араң айлыгы 6 миң сомдук иш таптым. Бирок, кыйналып кеттим, Орусияга кетет окшойм. Үй-жайлуу болуу үчүн
0
Kumpulu
2014-02-12 18:00:56
Чындыгында өлкөбүздөгү ЖОЖдор абдан коррупциялашып кетти. Жогору жактан коррупцияга каршы күрөшүп жатабыз дегендери менен сабактардын акча менен бүтүрүлүп жаткандыгы баардыгына маалым.
Маршруткалардан студенттердин окуусу үчүн канча акча берип, ал тургай мугалимдердин канча сурап жатканынан бери сүйлөшүп баратканын бир топ ирет уктум.
Жаштар-биздин келечегибиз. Кирпич жакшы кыналба
0
sladkaja_konfetka
2014-02-13 12:55:33
Мен ЖОЖду кызыл диплом менен буткондон кийин 1,5 жылдай жумуш издегем. Ушул убакыттын ичинде стресс болуп, эмне учун окудум экен деген да суроо да болуп кеткен. Азыр кудайга шугур, туугандарымдын жардамы менен жумуш таап, иштеп отурам.
0
orhideika
2014-02-15 21:16:38
Bizde kop4uluk u4urda ailygy jak6y je mamlekettik jumu6targa taany6yn je tuuganyn bolso gana alynasyn jumu6ka,a e4 kimin jok bolso kalasyn,4alabyz sizge dep koiu6at o6ol boidon jok...ayabai okunu4tuu...
0
life-91
2014-02-20 22:15:35
Учурунда Кыргыз-Турк Манас университетинде окуп журуп сабакты окуганга да иштегенге да жетишчумун. Мендей студеннтер коп болчу окуу жайда
0
№ 588, 07-февраль-13-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан