Кечээ жакында КТРКда «Супер-Инфо» гезити уюштурган «Супер концерт-2013» көрсөтүлмөк. Бирок кандайдыр бир түшүнүксүз себептерден улам концерт аягына чейин көрсөтүлгөн эмес. Бул бизге жана миңдеген күйөрмандарыбызга түшүнүксүз жагдай катары калды. Гезиттин окурмандарынын, концертти толук көрбөй калгандардын нааразычылыгы күч экени айтпаса да белгилүү. Бирок сиздерди сүйүндүрө турган жагдай бар, «концертти толук көрбөй калдым» деп капа болуп тургандар, SUPER.KG'ден көрсөӊүздөр болот. Ошондой эле концертибиздин толук версиясы дисктерге чыгып, сатылууда.