Куудул Борончу Кудайбергеновдун боорду эзген тамашаларынан сырткары президенттикке да талапкерлигин коюп, саясатка да аралаша баштаганын билебиз. Куудул мырза: «Азыр саясий партиялардын биринде беделдүү иш алып барып жаткан чагым. Күйөрмандарым мени мындан ары куудул эмес, көбүрөөк саясатчы катары тааный башташат»,- дейт. Мындан улам куудул ажолукка кайрадан ат салышабы деген ойдо калдык.