«Ээнсиреген үй» тасмасында башкы каармандардын образын жаратышкан актриса Марал Койчукараева менен актёр Атай Өмүрбеков 5-февраль күнү баш кошушту. Буга чейин эки жаш «кыз-жигитсиңерби?» деген шектүү суроолорду четке кагып келишкен. Атүгүл Атайдын гезитибиздин мурунку сандарында «Маралды жубайым катары көрө албайм» деп айтканы бар. Эми минтип экөө чогуу түтүн булатып отурушат. Актриса Марал Койчукараевага байланышканыбызда: «Атай экөөбүз «Ээнсиреген үй» тасмасы аркылуу таанышканбыз. Ошондон бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, кыргыздын салты менен үйлөндүк. Чоң той жакында болот. Жолдошум мени чечкиндүүлүгү, ак көңүлдүгү менен арбап алды. Азыр келиндик милдетимди аткарып, көшөгөнүн артында толкунданып отурган чагым»,- деп кубанычы менен тең бөлүштү. Жаш түгөйлөрдүн кармашкан колдору бекем болушун каалайбыз!