КG Эльмурат бойдокчулук менен коштошконун гезитибиздин өткөн сандарында жазган элек. «Үйлөнгөндөн бери токтоо болуп калдым» деген ырчы жигиттин жашоосунда жаңылыктар көп. Ордолуу Ош шаарынан борборго биротоло көчүп келип, жаңы Мерседес үлгүсүндөгү темир тулпарлуу да болду. Бул ырчы мырзанын үчүнчү темир тулпары. «Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» дегендей, ырчылыктан тышкары дагы актёрлук талантын сынап көрүүнү чечип, учурда бир тасмага тартылып жаткан чагы.