Айжамал Кабылова:

– Айжамал, машина менен жүргөн кандай экен?
– Сонун экен. Алдыңда тулпарың болсо ишиңдин баары бүтөт турбайбы. Ата-энеме да бат-баттан каттап, жыргап эле калдым.

– Машина айдаганды мурун билчү белең же белекке алгандан кийин үйрөндүңбү?
– Мурун жакшы билчү эмесмин. Айдамак түгүл машинанын алдына отургандан коркчумун. Гүлшайыр эже бул машинаны белек кылгандан кийин чындап үйрөнүүгө кириштим. Бишкекте эки жума, Ошко келип бир жумадай мага өзүбүздүн айдоочубуз машинанын тилин жакшылап өздөштүргөндү үйрөттү. Күндүзү убакыт жок болгондуктан, кечинде аэропорттун жолуна чыгып жаттык. Мен ойлогондой кыйын эмес экен. Бат эле үйрөнгөнүм менен үйрөнчүк болгондуктан, айдоочу ар дайым жанымда болуп жатты.

– Биринчи жолу өзүңчө айдап чыкканыңда кандай абалда болдуң?
– Ошко баргандан кийин бир күнү жумуштар менен көчөгө чыгалы десек айдоочу жок экен. Кенже эже экөөбүз тобокелге салып айдап кеттик. Ошондон баштап өз алдымча айдай баштадым. Биринчи албетте, бир аз толкунданып, сүр­дөдүм. Ал эле эмес, жол эрежелерин бузуп жиберип, башка айдоочулардан тил да уктум.

– Кандай ылдамдыкка чейин айдай аласың?
– Эң катуу айдаганым саатына 100-120 километр болуп жатат.

– МАИге кармалган күнүң болдубу?
– Алгандын бери эки жолу кармашты. Биринчи жолкусунда айдоочулук күбө­лүгүм жок болчу. “Айдоочулук күбө­лү­гүңдү көрсөт” деди эле: “Байке, айдоочулук күбөлүгүм жок эле, кете берейинчи?” десем коё берди.

– Машинаңдын ичин эмнелер менен кооздодуң?
– Эң биринчи эле көз мончок тактым. Андан кийин ырчынын машинасы болгон соң магнитофон койдурдум. Азыр ар качан машинамда өзүмдүн жана мага жаккан башка ырчылардын ырлары жаңырып турат.

– Бир күндө канча литр бензин куя­сың?
– Он литр бензин куйсам, эки күнгө жетет.

– Сага белек кылышкан бул машина үчүн ата-энең да сүйүнүп жатышса керек?
– Албетте. Аларды да бат-бат машинама салып Ошко алпарып турам.

– Алмаштырайын же сатайын деген оюң жокпу?
– Азырынча андай оюм жок. Аз дегенде дагы эки жыл айдап, андан кийин алмаштыруу жөнүндө ойлоном го.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 208, 27-октябрь-2-ноябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан