ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (10-февралдан 16-февралга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Каржылык жактан кыйынчылык жаралып, ойлогон оюңуздун ишке ашуусуна кедергисин тийгизип, мүмкүнчүлүгүңүз чектелүү болот. Андыктан көзүңүз жетпеген ишти бүтүрүүгө милдеттеме алуудан баш тартканыңыз оң. Ал эми бирөөгө убада берүүдөн алыс болуңуз, анткени убаданы аткара албай калышыңыз мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптанын биринчи күндөрү ийгиликсиз башталат. Бирок кандай гана кыйынчылыктар болсо да, пландарыңызды өзгөртүүгө шашылбаңыз. Эмоцияга алдырып чечим кабыл алуудан оолак болуп, колдо бар мүмкүнчүлүктү жумшаңыз. Жыйынтыгы өз жемишин берет. Апта соңунда баары калыбына келип, эс алууңуз тынч өтөт.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Кошумча мүмкүнчүлүк түзүлүп, ишиңиз тез бүтөт. Жумуштагы жана жеке жашооңуздагы маселелерди чечип, тартипти орнотууга сиздин сөзүңүз чоң мааниге ээ болот. Бирок белгисиз адамдар менен байланыш каржылык чыгымга алып келет, сак болуңуз. Эс алуу күндөрү жакындарыңыздын суранычын аткарууга туура келет.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Көздөгөн максатыңызга жетүүдө кыйынчылыктар орун албайт. Бирок жамааттык иштерде өзүм гана дебестен, башкалардын да кызыкчылыктары бар экенин унутпаңыз. Бойдоктор жактырып жүргөн адамына сезимин билдирүүгө ылайыктуу апта. Эс алуу күндөрү достордун арасында конокто болосуз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Жалган маалыматтын айынан жакындарыңыз менен пикир келишпестик жаралат. Андыктан көзүңүз менен көрбөгөн соң ишенүүдөн оолак болуңуз оң. Бирок жумуш жаатында ийгилик коштойт. Каржылык абалыңыз да чыңдалып, көп иштерди бүтүрүүгө жетишесиз. Ал эми иш кагаздар менен иштөөдө тактык талап кылынат.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Апта ичи жагымдуу окуяларга бай. Жаңы таанышуулар, жолугушуулар күтүлүүдө. Бирок каржы жаатында үнөмдүү болууну унутпаңыз. Болбосо капчыгыңыз бош калып, карызга каражат издөөгө мажбур болосуз. Жуманын соңунда алыстан  келген коноктор босогоңузду аттайт.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптанын алгачкы жарымы бир нукта өтөт. Ал эми ишке келсек, мүмкүнчүлүгүңүз жетпеген ишти бүтүрүүгө милдеттеме албай эле койгонуңуз туура. Антпесе өз учурунда бүтүрө албай, сөзгө каласыз. Эс алуу күндөрү таза абага чыгып, табияттын койнунда эс алууга барасыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Жумуштарыңызды кийинки планга жылдырып, жеке жашооңузга көңүл буруңуз. Таарынышып кеткен адамыңыз менен мамилени кайрадан жандантууга кадам шилтеңиз. Бул ийгиликтүү болот. Кандай ишке барсаңыз да, башкалардын сөзүнө кулак салбай, өзүңүз туура деп тандаган жолдон кайтпаңыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Ашыкча түйшүк арттырбоо үчүн бейтааныш адамдардын чырына аралашпаңыз. Пикир келишпестиктер жаралып, айрым түгөйлөр ортосунда чоң чырга да айланышы мүмкүн. Бирок апта соңунда жагымдуу окуялар орун алып, жашооңуз кубанычка бөлөнөт.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптанын биринчи жарымында башкалар менен кеңешип иш кылсаңыз, жыйынтыгы жемиштүү болот. Аны менен катар каржылык абалыңызды жакшыртып алууга жетишесиз. Жума күнү жеке жашооңузда чоң бурулуш болушу ыктымал. Акылга таянып кадам таштоо зарыл. Апта соңу көптөгөн бойдоктор издеген адамына туш болушат.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Апта башында жеке жашооңузда чоң өзгөрүү күтүлүүдө. Тааныштарыңыз сиздин көздөп жүргөн максатыңызды орундатууга жардам беришет. Үй-бүлөдө туугандар арасында түшүнбөстүк жаралат. Бирок «калыс сөздүн атасы» болуп чыга келесиз. Аптанын аягында алыс сапарга аттанууңуз мүмкүн.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Көзүңүз көрбөгөн маалыматка ишенип, чыр жаратуудан качыңыз. Болбосо анын арты чоң өкүнүч менен аяктайт. Акчаңызды үнөмдүү пайдаланбасаңыз, каржы тартыштыгы келип чыгат. Апта ортосунда тамак-аштан ууланып калуу коркунучу бар, этият болуңуз. Ал эми эс алуу күндөрү сиздин адамдык сапатыңызды сынап көрүүнү каалагандар болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 588, 07-февраль-13-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан