Ильяз Абдыразаков:«ТАКСИСТ ЧОГУЛТУП БЕРГЕН АКЧАГА «АРМАНЫМДЫ» ЖАЗДЫРГАМ»

Ильяз Абдыразаков кыргыз эстрадасына 5-классынан аралаша баштаган. Мотурайган «Малыш» лакап аттуу жигиттин ырлары менен «ооругандар» сансыз эле. Бул жолу ырчынын баш айланткан атактуулугу, эсепсиз күйөрман кыздары, Ильяз деген аттын түптөлүшү тууралуу сөз болмокчу. Мунун баарын Ильяздын жанында жүргөн устаттары, дос-туугандары баяндамакчы.

Уулкан Темирова, Ильяздын апасы:«БАЛАМДЫ ЖОГОТУП АЛАМБЫ ДЕП ЫЙЛАГАМ»
-Ильяз кичинесинде эле колун көкүрөгүнө коюп алып кыңылдап ырдап, кыялданып жүрчү. Башка балдардай болуп оюнчукка да кызыккан жок. Магнитофон, музыка, артисттер менен сүйлөшкөнгө куштар эле. Башында биз Өзбекстандагы Андижан облусунун Мархамад районунда жашап жүрдүк. Ал жактан Ильязды бала бакчага берейин десем, ал «өзбекче сүйлөй албайм, кыргыз мектепке кирем» деп көгөрүп 5 жашында эле кыргыз мектепке кирип алды. Мен ал мектепте музыкадан сабак берчүмүн. «Окуудан жакшы, зээндүү бала» деп мугалимдери көп макташчу. Бир жылдан соң үй-бүлөбүз менен Баткендин Кадамжай районундагы Марказ айылына көчүп келдик. Ал жактан 2-класска бармак, бирок өзү курактууларга бою жетпей, 6 жашында кайра 1-класска отурган.
Кийин Кызыл-Кыя шаарына көчүп барганда таланты ачыла баштады. Анда үйдө «Ямаха» бар эле, аны балдар бузуп койбосун деп шкафтын үстүнө коюп койчумун. Бир күнү жолдошум экөөбүз базардан келсек (ал кезде «Сары кыз» деген ыр мода эле) «Сары кыздын» музыкасы чыгып жатат. «Ким болду экен?» деп эшиктин тешигинен карасак, тыпырайып отуруп алып тердеп-кургап Ильяз «Ямахада» ойноп жатыптыр. Балам байкуш бизди көрө калып урушат деди окшойт, чуркап качып кетип жатпайбы. «Урушпайбыз, балам, ойной берчи» десек, кадимкидей ойноп салса аябай таң калганбыз. Ошондо 3-класста окуса керек эле. Көрсө, уулубуз биз жокто отургучтарды бири-бирине коюштуруп шкафтын үстүндөгү «Ямаханы» алып, ойноп жүргөн экен. Бара-бара баламдын өнөрү элге жетип, тойлордо ырдап баштады. Кичинекей болгондуктан аны отургучка чыгарып коюшчу. Тойго келгендер бийлешпей эле Ильяздын «Ямаха» ойноп, ырдаганына кызыга беришер эле.
Бир жолуАбдумалик Шерматов биз жакка концерт коюп келип калды. Оюмда баламды бирөөлөргө көрсөтсөм деп жүргөм. Анан Абдумаликке жетелеп бардым. «Менин балам ырдайт эле» десем, «менде ырдай турган балдар толтура» деп койду. «Бир угуп көрсөңүз, ал аспапта да ойнойт» десем, ойнотуп көрүп эле «болду, балаңды мен алам» деген. Ошентип, Ильяз Абдумаликтин тобуна алынды. Топто Мирлан Ниязов жана бир топ балдар бар экен. Ильяз анда 5-класста окучу. Клавишалык аспапта ойноп, Абдумалик менен чогуу ырдап жүрдү. Бир жолу тааныштар «Ильязды Орусияга алып кеткени жатышыптыр. Азыр алар Көлдө жүрүшөт, ошол жактан афиша аркылуу издеңиз. Болбосо таппай каласыз» дешти. Дароо эле Кызыл-Кыядан Ильяз менен чогуу ырдап жүргөн Жумагүл Райымжан кызынын апасы экөөбүз жолго чыктык. Таксиде баратабыз же алардын так дайынын билсекчи. Көлдүн ар кайсы айылдарына барып афишаларды карап жүрөбүз. «Ушинтип эле баламды жоготуп аламбы?» деп ыйлап алгам. Ар кимден сураштырып отуруп Балыкчыдан таптык. «Кетесиңби?» десем, «кетем» деди. Эртеси Жумагүл экөөнү алып кайттык. Кайра жөнөтөбүз дегенбиз, бирок Абдумалик алардын артынан келген жок.
Ошону менен айылда жүрүп Мирлан Ниязов экөө «Шер» тобун түзүшкөн. Анан Гүлшайыр (ред. Садыбакасова) эжеге барып, ошол жакта жүрүштү. Кийинчерээк Мирлан менен Бишкекке келип, ал үйлөнүп алганда өзү жалгыз калды.
Балам бизге оорчулугун тийгизбеди, жардам берели десек да көнчү эмес. Ошон үчүн балама ыраазымын.

«Мирлан Ниязов менен көп кыйынчылыктарды жеңип, экөөбүз тең акыры максатыбызга жеттик».

Гүлшайыр Садыбакасова:«ИЛЬЯЗДЫН АЛГАЧКЫ КОНЦЕРТИН БИЗ УЮШТУРУП БЕРГЕНБИЗ»
-Ильяз мага 5-классында келген. Айрым адамдар «Абдумалик Шерматов буларды Ысык-Көлгө гастролго алып барып, таштап кетип калыптыр» дешти. Анан Мирлан, анын агасы Кубат, Ильяз үчөө мага келишкен. Бизге ыр жазып берген балдар Ильяз менен Микиге аранжировка жасаганды көрсөтүштү. Экөө күнү-түнү уктабай үйрөнүшкөнү эсимде. Ильяз аябай аракетчил эле, бир нерсени билбей калды дегиче ыйлап кирчү. Жадакалса мен башкаларды урушуп жатсам да өзүнө алып ыйлай берчү.
Кийинчерээк Мирлан экөө Бишкекке иштегени кетишти. Ильяздын кафелерде иштеп жүргөнүн угуп калчумун. Бир күнү апасы кеңешкени келиптир, «Ильяз концерт берейин деди эле...» деп. «Акчаңар барбы?» десем, «жок» дейт. Менде ошол кезде «Кыз-Бурактын» гастролдон түшкөн акчасы бар эле. Ага Ильязга Гольф-3 үлгүсүндөгү унаа алып бердик. Спорт Ордосунда эки күн тең аншлаг менен концерт өткөрдүк. Анда Ильяз 18-19 жашта. Концерт ийгиликтүү өтүп, биздин акчаны актап, Ильяздын машинасынын акчасы да чыгып, андан тышкары 60 миң сом пайда түшкөн. Акчанын баарын Ильязга бердим. Ал убакта акча күчүндө эле. Ильяз «Жакшылыгыңызды унутпайм. Алтын апа, буга чай ичип коюңуз» деп 30 миңди кайра мага берген.
Ошентип, алгачкы концертин өткөрүп, жылдыздардын арасына кошуп коюп Ошко учуп кеттим. Ильяз жана анын апасы менен бүгүнкү күнгө чейин жакшы катышабыз. Ушундай балдарды тарбиялаганыма абдан сыймыктанам.

«Биринчи концертимди Гүлшайыр Садыбакасова уюштуруп берген» -дейт Ильяз.

Абдумалик Шерматов:«ИЙГИЛИГИМ – ИЛЬЯЗДЫН ЖЫЛДЫЗ БОЛГОНУ»
-Ильяздын сахнадагы биринчи атасы менмин. Ал мага 1999-2000-жылдары келген. Өтө жагымдуу, жөнөкөй бала эле. Ынтызарлыгын айтпа. Чогуу иштешкен эки жылдан арттырган ийгилигим – азыркы сый, Ильяздын жылдыз болгону. Ошол учурда топту багыш кыйын болуп калгандыктан, аргасыздан таратып жибергем.

 



Алтынбек Алымов:«АЙРЫМДАР 30 ЖАШТА ЖЕТИШПЕГЕН НЕРСЕГЕ ИЛЬЯЗ 15 ЖАШТА ЖЕТИШКЕН»
-Ильяз менен 2003-жылы аранжировкачы Мирлан Ниязовдун студиясында таанышкам. Анда мен Сыймык Бейшекеев менен иштешчүмүн. Бизге үн оператору керек болуп, Ильязды жөндөмү бар экен деп сунуштагам. Көргөндүн баары «Кантип бул кичине бала иштесин?» деп ишенишкен эмес. Анын талантына биринчи жолу мен кепилдик берип, Ильязды гастролго алып чыктык. Кичинекей болсо да аппаратура менен музыкаларды коюп, бир иштегенде эле таланттуу экенин көрсөттү. Бир-эки ай Сыймык байке менен иштешип жүрдүк. Кийин кафелерде музыкант, ди-джей болуп, ырдай баштады. Ошол убакта «менин мындай ырларым бар, музыка жазып жатам» деп угузуп калды. Ошентип алгач «Сагынамын сени» аттуу ырынын сөзүн жазып бергем. «Арманым» деген ырдын музыкасын «тааныштарга угузсам жакшы болбойт деп жатышат, сиз угуңузчу» дегенинен уксам жакты. «Муңдуу ырларды да түшүнгөн угармандар болот. Муну коркпой эле жаза бер» деп «Арманымдын» сөзүн жазып берип Көлгө кетип калган элем, келсем ыры бат эле хитке айланып кетиптир. Ошондо ыраматылык досум Баяке Чааров продюсерлик кылып баштаган. Удаасынан ырларды жаза бердик. Ал кезде Ильязга да, мага да тоскоол болгон киши жок. Мен ыр жазам, Ильяз аранжировка жасайт, күн-түн дебей чогуу жүрдүк. Ырларыбыз четинен хит болду дегендей.
Популярдуу болуп, көп нерсеге өзү жетишип калганда туш тараптан адамдар келип, Ильяздын жанында жүрүп атак-даңкка жетишүүгө аракет кылышты. «Продюсер болуп берейин» дегендер чыкты. Анда Ильяз продюсерге муктаж эмес болчу. Бизге телеге чыгабы-чыкпайбы, маанилүү болгон эмес. Ырларыбыз кассета, дисктер аркылуу элге жайылып, ийгилик алып келгени жетиштүү болчу. 15 жаштын тегерегинде эле атактуулукка жетишти.
Көбүнчө концерт бүткөндө аягында экөөбүз калып, чогуу кетчүбүз. Ильязды арткы эшиктен же терезеден чыгарып жиберген күндөр да болгон. Антпесе 50-80 чакты кыз гримёркага чейин бастырып кирип келишет да. Машинанын астынан чуркап чыгып, тороп алып жүргүздүрбөй койгон учурларчы... Ошондо кыздарга айтчумун, «Ильяздын жашоосуна суктанбай эле койгула. Мунун жашоосу жашоо деле эмес, эркин көчөгө чыга албаса, дүкөнгө бара албаса. Ушу кантип жашоо болсун?!» деп. Машинадан чуркап ресторанга кирет, ал жактан чуркап чыгып кайра машинага отурат. Жашаган жерибизге келип, подъездди кайтарган кыздарды канча кубалап жүрдүк. Бирок канчалык популярдуу болсо да, Ильяз атак-даңкты жакшы көтөрдү, чектен чыккан жок. Буга себеп анын жалаң өзүнөн улуу адамдар менен жүргөнү болду окшойт. Ильяз алар менен чогуу жүрүп «жылдыз оорусу» менен ооруганга да жетишпей калды. Албетте, «жылдыз болуп кетти» дегендер жок эмес. Антип айткандар анын ордунда болуп көрсө, абалын түшүнөр эле.
Ильяз ата-энесинен эрте эле бөлүнүп, өзү нан таап жеп калды. Биз менен жашап жүргөндө ата-энеси «үйгө келип жаша» дегенине көнчү эмес. Негизи, ырчылардын үйлөнүүсү чыгармачылыгын артка тартат дегенге кошулбайм. Ильяздын чыгармачылыгы мурдагыдай эле, болгону мүнөзү токтолду. Ильяз эрте жылдыз болду. Айрым эркектер 30 жашында жетише албаган нерселерге Ильяз 15-20 жашында жетишип, ийгиликтин даамын татып, турмуштун кандай экенин түшүнүүгө үлгүрдү.

Чыңгыз Султанов, досу:«5-КЛАССЫНДА ТЕХНИКУМДА ИШТЕЧҮ»
-Ильяздын атасы менен менин апам бир тууган. Экөөбүз теңтушпуз, бирге окуп, чогуу чоңойдук. Ильяз 5-классында техникумга майрамдарда музыкалык аппарат коюп берип иштечү. Ошондо эле тыпыйып алып кыйын болчу. Мурун арабыздагы эң шайыр бала болчу, азыр үй-бүлөлүү болгонгобу, аябай токтолду. Канча популярдуу болсо да жөнөкөй бойдон калды.
11-кичи райондо көп кабаттуу үйдө чогуу жашадык. Ырчыларды билесиңер го, түнү иштешет. Ал жакта кошуналар орустар эле. Алар аны түшүнүшпөйт. Бизге «түндө отуруш кыласыңар, акырын болгула» дей беришчү. Бир күнү аймактык тескөөчүнү чакырып коюшуптур. Ал киши келди, өзү да ырдаганга кызыгат экен. Алтынбек байке менен сүйлөшүп, «мага да ыр жазып берчи» деп суранганы эсимде. Жакшы эле сүйлөшүп кетип калган. Ильяздын атактуулугу менен көп иш бүтчү. Эсимде, Мирлан (Ниязов) байке «Ильяз «Кыз-Бурак» болбосо деле, Абдумалик Шерматов болбосо деле өзү чыкмак. Анткени анда талант бар» деп айткан.

Ильяз Абдыразаков:«КҮЙӨРМАН КЫЗДАРЫМ ДАГЫ ДЕЛЕ БАР ЭКЕН ДА...»
-Эс тарткандан баштап эле ырчы болом дечүмүн. Эсимде, кичинекейимде досторума «мен «Ямахада» ойнойм» деп кокустан мактанып алдым. Кийин сурап калышса ойной албай уят болбоюн деп аталган аспапты өзүм үйрөнгөм. Барган сайын музыкага болгон кызыгуум артып, сабактарга көңүлүм чаппай, кача берчү болдум. Бул чөйрөгө аз-маз аралашкан соң Мирлан Ниязов менен Бишкекке келип, кафелерде музыкант болуп иштей баштадым. Ал кезде Моймой деген тааныш таксист байке бар болчу. Дайым мени концерттерге алып барып, кайра алып келип жүрчү. Ошол байке «тапкан акчаңдан аз-аздан мага берип кой, мен чогултуп берем» деген. Анда кыйраткан деле акча таппайм да, бир жумада 5000 сомдой чогулат. Ошентип Моймой байке акчамды чогултуп берген. Ал акчага алгачкы «Арманым» деген ырымды жаздырдым, клип тарттырдым.
«Чоңойгондо Бек (ред. Борбиев) байкедей ырчы болом» деп кыялданчумун. Анын ырларын кагазга жазып алып жаттаганымчы. Кийин чыгармачылыкка келгенде кумирим менен кол алышып учураштым. Мирлан (Ниязов) байке аркылуу Алтынбек Алымов менен таанышып, аны менен чогуу катар-катар хит ырларды жараттык, күйөрман кыздар көбөйдү. Концерттен кийин кыздардан качып терезеден чыкчу элек. Досторум мага суктанып «Ильяз эле болуп калбаймынбы...» деп калышчу. Азыр кыздар маданияттуу түрдө кол тамга сурап, иреттүү сүрөткө түшүп калышпадыбы. Мурун андай эмес эле. Былтыр Кытайдагы кыргыздарга гастролдоп барганда кыздар машинага чейин чуркашып айлабызды кетиришти. Анан ойлоп калдым, күйөрман кыздарым дагы деле бар экен да деп (күлүп)...

Бир кездеги «Малыш» азыр бир үйдүн ишенген адамы.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Ильязды кызганып ыйлачумун" дейт жубайы Медина
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (85)
o.aza
2014-02-12 19:31:59
Арманымды биз айылда гитарада ырдачубуз анан рус байке бишке барганда илязга ушул ырды бердим десе иляз дегенин ким дегенбиз Алтынбек болбой эле мен жазгам дейтко же мейли деген ырды омарга берип салгандан кийин Таарынып калганбы аа илязга талантЫн оркундой берсин
-1
joysin77
2014-02-13 08:10:48
o.aza, дааа анан не озун ырдап чыкпадын Ильяздыда сен чыгарбадынбеле
0
emirlan81
2014-02-13 00:04:35
ийгилик каалайм Ильяз чыгармачылыгына!бирок Руслан аке сага "Арманым" деген ырды бекер жазып бергенин баса белгилесен болмок,"Арманым" менен сен таанылгансын! эмгекти баалай билиш керек!
-2
joysin77
2014-02-13 08:12:59
emirlan81, неге мынча артынан суйлойсунор эркексинерби озу же шымчан кызсынарбы
0
emirlan81
2014-02-13 16:58:43
joysin77, Сен пикирди окуп тушунуп анан жооп жазсан!эркек адам эмгекти баалаш керек!асмандан тушуп калгансыбай!анан бул менин пикирим сен мага аралашпа!кимге сунуш айтсам ал озу чечим чыгарат!
-2
joysin77
2014-02-13 21:47:17
emirlan81, неге озуно звонок кылып айтпайсын же пияриться эткин келип жатабы
-1
Mariyana
2014-02-13 00:36:23
Ден соолук,чыгармачылык ийгилик Ильяз сага!
+1
moskva
2014-02-13 09:52:38
Аялынын кашы кантет?озунон улуу корунуп калыптыр..
0
moskva
2014-02-13 10:13:21
А так молодчина !!!так держать!
+1
artur007
2014-02-13 15:27:18
иляз брат чыгармачылыгыны ийгилик менда кадамжай районунан болом сенин ырларында туулуп оскон кадамжай жонундо ырларын жок неге ырдабайсын же ата журтунду унуттунбу. сенин чыгырмычылыгынды баалайм
0
Shamdagai2013
2014-02-13 17:21:42
Молодец онорун дагы да оркундой берсин!Баласы ширин го момпоюп.
0
chikakorea
2014-02-14 05:49:08
eldar87, менда кошулам!
0
manas.91
2014-02-15 01:26:53
молодец
0
Zair_Alimov
2014-02-15 04:29:35
Менин кумирим. Ошондо Ильяз байке, узбекистандык Кыргыз болуп калабы? Андижан облусу, Марахамат бул район эмес, айыл болчу го. эмнеси болсо дагы Ильяз байке сизге ийгилик, эн эле биринчи ден-соолукту кароосуз калтырбаныз, ушинтип элдин алдына чыгып кетпей, элдин артында да калып кетпей, элдин ортосунда журо бериниз! Администратор??? Мага Ильяз Абдыразаковдун анкетасын тапканга жардам берип койунуздарчы?!?
+1
Zair_Alimov
2014-02-15 04:31:26
кечиресиз, анкетасын тапканга деп жазайын дегем...
0
lusi2013
2014-02-15 14:48:55
Уулу атасына оппокшош экен,ушунча да окшош болобу э
0
Jena.Oligarha
2014-02-15 20:07:49
Иляз азаматсын,сага коз тийип кетпесе эле болгону!
0
aiperi.1993
2014-02-20 04:43:20
Baktyluu bolushsun!
0
uli0404
2018-03-25 11:13:00
Ильяз чыккандан баштап кумир тутам.баардык ырларын калтырбай угам.мыкты талант
0
№ 588, 07-февраль-13-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан