Келдибек Ниязов:«АЛГАЧКЫ СҮЙҮҮМДҮ АЙТА АЛБАЙ АРМАНДА КАЛГАМ»

Кыргыз сатирасында ачуусу келсе Ак үйдөгүлөрдү эшекке салыштырып жиберген Келдибек Ниязов аттуу куудулдардын аксакалы бар. Соңку жылдары сахнадан алыстап кеткен каарманыбызга жолугуп, анын бала чагы, чыгармачылык чыйыры тууралуу маектештик.

«БАҢГИ БОЛУП КЕТПЕГЕНИМЕ КУБАНАМ»
– Мен 1952-жылы 8-сентябрда Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Куланак деген айылында төрөлгөм. 5-6-класс курагымда сакман деген бар эле. Апам сакманга кошо ала кетчү, бетимдин кесилгенин, чачымдын өскөнүн, биттегенимди айтпа. Козулар менен аралашып ошол жакта жүрчүмүн. Союз учурунда Нарынга да апийим айдашты. Таң ата электе апам апийим талаага ээрчитип жөнөйт. Караңгы, уйдун музоосу артынан бутун сүзгүлөп ээрчийт го, кудум ошондой апаңды ээрчип бараткан болосуң. Ошондо апама жардам берип жүрүп баңги болуп кетпегениме таң калам. Чогулткан апийимди тапшырып акчабызды алган соң апам келе жатып айыл четиндеги чоң дүкөндөн момпосуйдун түрүн сатып берип койсо ошого сүйүнчү элем.
Эсимде, айылда эски клуб бар болчу. Ал кезде сыналгы, гезит-журнал жок, элдин аң-сезими башка да, согуш кинолорун «биздикилер жеңсе экен, тээтиги командир өлбөсө экен» дешип тынчсызданып көрүшөр эле. Акырында жеңсе сүйүнүшүп, ошол жерден «өмүрү узун болсун» деп бата берип жиберишчү.
Теңтуш балдар-кыздар айылдын жогору жагына Өрдөш деген өрөөнгө тезек тергени барабыз. Мүшөктөр толгон соң кубалашып кечке ойнойбуз. Бир күнү оюн бүткөн соң чечип койгон жаман өтүгүмдү киейин деп оң бутумду салсам, муздак бир нерсе урунуп батпай койду. Ылдый каратып алып күүсөм, ичинен салбырап жылан түшүп келе жатпайбы. Өтүктү ушундай бир ыргыттым да, бакырган бойдон айылды көздөй чуркап келе жатам. Бир бутумда өтүк, экинчи бутум жылаңайлак. Мен качкандан кийин баягы балдар «тоодон бир нерсе келатабы?» деп мүшөктөрүн ыргытып, артыман айкырык сала качышып, айылга кирип келдик. «Эмне болуп кетти?» дешип элдин жүрөгү түшүп калыптыр.

«ЖЕҢЕЛЕРИМ НИЯЗОВ ДЕП ФАМИЛИЯМДЫ АТАЙ АЛЫШЧУ ЭМЕС»
– Мугалимдердин үй-бүлөсүндө чоңойдум. Атам, апам, атамдын иниси жана эки жеңем мектепте мугалим болуп иштешчү. Бир жеңем математикадан, дагы бир жеңем физикадан сабак берип калды. Экөө тең «Ниязов» деп фамилиямды айта албай тергейт, мен болсо жылт коюп сабактан качам. Акырын барып журналды карасам «3»,»4» деген баалар коюлуп калган. Ошентип 10-классты бүткүчө ошол эки сабакты окуган жокмун. Куудулдук чымыным ошол кезде эле жаралганбы деп ойлойм. Анткени клубга артисттер келип спектакль коюшат. Артында сөзсүз бир-экөө чыгып алып куудулданышат. Аларды кунт коюп карап отуруп, эртеси мектептен балдарга кудум өзүндөй кылып туурап берчү элем. Мектепте ар түрдүү иш чараларды уюштуруп жиберүүгө маш болчумун.

«КАТ ТАШЫП ЖҮРҮП, ӨЗҮМ ДА КАТ ЖАЗДЫМ»
– Кичинекей чакта улуулардын катын ташып акча тапчубуз. Кийин кыздарга өзүм да жаза баштадым. Болгондо да эски китептердин баарын чогултуп алып «Булбулдан гүлгө кат» деп бир жагына булбулдун, берки жагына гүлдүн сүрөтүн тартып, жаздым (күлүп). 7-классымда биздин айылга Лариса аттуу татынакай орус кыз немис тили сабагынан мугалим болуп келди. Атамдын иниси Ырысалы мектепте завуч эле, аныкында туруп калды. Үйдөгү жумушту жасай коём да, шүмшүңдөп ал жакка жетип барам. Ларисаны ушундай эле карап отургум келет. Анан мен «Сизди сүйүп калдым дегенди орусча кантип айтам?» деп ичимден ойлоном. Классташтарыман сурасам «Я люблю» деп айтат» дешти. «Кудай урбадыбы, антип айтсам ал дагы мени сүйөм десе, андан ары эмне деп айтам?..» деп толгоном. Ал байкуш болсо мени сабак окуганы келди деп ойлоп немис тилин үйрөтүп кирет. Сабак өтүп жатканда айтып жибергим келет, бирок оозум барбайт. Классташтарым «Айттыңбы?» деп күндө сурашат. Ошентип айта албай жүрүп, жаз келип каникулга чыгып калдык. Лариса шаарга кетмекчи болду. Анан мен анын сумкаларын автобуска чейин көтөрүшүп барып, «автобуска кирип баратканда «я люблюну» айтайын, тиги эч нерсе айтканга жетишпей, автобуска кирип кетет» деп ойлоп даяр турам. Кашайып ошол маалда чоң ата, чоң апаларыбыз автобуска түшүп калбаспы. Алардын көзүнчө «я люблюмду» айткандан уялдым. Сүйгөнүм ошол кеткен бойдон кийинки жылы келген жок. Ошентип балалык сүйүүм айтылбай кала берген.

«ЖАМАН ОЮМДА ЫРЧЫМЫН ДЕП ОЙЛОЧУМУН»
– Мектепти 1969-жылы аяктап, Фрунзедеги эки жылдык эстрадалык студияга тапшырдым. Айылдан жаман оюмда ырчы экенмин деп ойлоп келгем. Ал кезде клёш шым мода болчу, аны кийип алып экзаменде турам. Комиссияда 5-6 киши бар экен. Айкырып «Долонду» ырдап баштадым. Тигилер күлүп жатышат. Үнүң катуу чыкса эле жакшы ырдаганың деп ойлочумун. Өтпөй калдым. Маанайым түшө кетип баратсам артыман бир бала чуркап чыгып: «Сени чакырып жатат» деди. Барсам бир аксакал тамеки тартып туруптур.»Каяктан келдиң?» деди. «Нарындан» десем, «ой, атаңдын оозун урайын. Адырда кой кайтаргандай бакырасың да, эртең жанагы актёрлукка экзамен болот, ошого тапшыр, бир нерсе жаттап кел» деди. Эртеси комиссияга жаттап келгенимди айтып жатсам, алар бир кишини карап алып күлүп жатышат. Дагы өтпөй калдым деп ойлодум. Көрсө, мен Отеллонун монологун айтып, Муратбек Рыскуловду туурап жаткан экем. Ал киши болсо комиссиянын арасында экен. Ошентип окууга өттүм. Анан 1-курста окуп жүргөндө аскерге алып кетишти. Аскерден «милиция кызматкери болом» деп келгем. Анан Панфилов паркында кетип баратсам мени менен мурда студияда окугандар жолугуп калышты. Алар мени «комедиялык актёр кылабыз» деп ойлошуп, филармониянын жетекчисине: «Ушундай узун бойлуу, өң-келбеттүү бир бала келет»,- деп айтып коюшуптур. Барсам эле жетекчиси: «Кайсы курсуңда кетсең, экзаменсиз эле ошол курстан окууңду уланта бер»,- деди. Ошентип кайра окуумду уланткам. Окууну бүткөн соң филармонияда иштеп калдым.

«ЖЫЛДЫЗ ООРУСУ МЕНЕН ООРУБАПТЫРМЫН»
– Куудулдук – чоң өнөр. Эргүү келгенде оозуңан тамашалар куюлуп турат. Кээде каяктагы бир куйкум сөздөрдү таап алганыңа өзүңө ыраазы болуп кетесиң. Куйручук, Шаршендерден кийинки Асанкул Шаршенов менен иштешип калганым, Жараткандын чоң белеги экен. Ушу адам менен жүрүп куудулдукка биротоло кирип кеттим. Мага атактуулук 1974-жылдан тарта келди. Анткени «Мыскыл жана тамаша» ошол жылдан тарта экранда көрсөтүлүп, анын алып баруучусу болуп калдым. Айылда баары «Мыскыл жана тамашаны» күтүшөр эле. Даярдык да укмуш өтчү. Ошондон баштап «Эл шайырлары» тобу кайсы жерге концерт койбойлу, эл батпай, балдар артыбыздан ойногон тамашаларыбызды туурашчу. Азыр ойлосом ошондо «жылдыз оорусу» менен деле оорубаптырмын. Анткени залкар аксакалдар менен иштеп, ыйман бар экен да. Ал кишилердин комуздарын ташып, кээде автобусту таза суунун жанына токтотуп алып кийимдерин жууп берчү элем.
Азыр пенсиядамын. Концерттерге чакырса барып калам. Кээде тойлордо тамадалык кылам.
Мындан тышкары үйдөн китеп, гезиттерге макала жазуу менен алекмин. Сахнага байма-бай чыкпасам да чыгармачылыктан алыстаган жокмун. Бала-чакамдын маңдайында, үйдөн деле иштеп жатам. Келинчегимдин аты Жаңылча, кесиби финансист. Чыгармачыл адам болбосо да менин чыгармачылыгымдын биринчи сынчысы. Жети-Өгүздүн Саруу айылына күйөө баламын. Экөөбүз 1975-жылы мен филармонияда иштеп жүргөндө борбордогу ресторандардын биринен таанышканбыз. Ошол күндөн баштап жылдызыбыз келишип, көп өтпөй баш кошуп, 1 кыз, 1 уулдуу болдук. Экөө тең үй-бүлөлүү, 6 неберебиз бар. Улуу неберелерим мектепте окушат. Орус класста билим алгандыктан эшиктен кирип келатканда эле аларга «Орусчаңарды эшикке таштап келгиле!» деп кыйкырам. Ушинтип неберелерим менен эрмектешип үйдөмүн.

«Мектептен куудулдарды кудум өзүндөй кылып туурачумун».

««Мыскыл жана тамаша» телеберүүсүн алып барып жүргөн кезим. Ал кезде алып баруучулар дээрлик жокко эсе эле».

Асхат Субанбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Алгачкы сүйүүмдү айта албай арманда калгам" дейт Келдибек Ниязов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Begim8678
2014-02-11 12:50:04
Сиз мыкты сатириксиз. Мен сиздин онорунузду баалайм. Коп жашаныз, оорубаныз!
+1
aiza11.3
2014-02-11 17:47:42
Сонун айтат экен го неберелерине
0
skromnica-1
2014-02-11 19:08:18
Oo..Keldibek baike jerdeshim, chachin kirktirgani kelip kalat keede maga..kochodon korushup kalsak aiabai sonun suiloshot, antkeni men ishtegen raiondo jashait.
0
skromnica-1
2014-02-11 19:09:07
kop jashaniz Keldibek baike
0
merim
2014-02-11 22:57:34
СОНУН МАЕК куруп берипсиз,коп жашаныз!
0
merim
2014-02-11 22:58:31
БАла чагы ДОБР эле экен !
0
Nelli85
2014-02-12 00:51:51
Азаматсыз Келдибек байке байбичениз менен бактылуу карылыкта бирге жашаныз неберелериниздин убайын корунуз
+1
Sagidko88
2014-02-14 10:22:02
суйуусун айтканда сонун болмок экен да))) Омурун берсин Алла!
+1
hakker
2014-02-14 13:20:36
Кыргыз элине чон эмгек кылдыныз.Узак жашаныз.Сахнага тез-тез чыгып турунуз.
+1
№ 588, 07-февраль-13-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан