Бийкечтерди өзүнө имерүү үчүн мырзалар тарабынан колдонулган ыкмалар «пикап» деп аталат. Бул тууралуу кызыктуу маалымат алган соң кыргыздын атактуу жигиттерине суроо салууга ашыктым. Бойдок мырзалар айымдардын жүрөгүн кантип багынтышат болду экен?
Атай Өмүрзаков, бийчи:«ДАЙЫМА ЖАГЫМДУУ ЖЫТТАНЫП ЖҮРҮҮ КЕРЕК»
– Эң негизгиси, мырзалардын өзүнө болгон ишеничи, бул нерсе кыздарды имерүүдө да чоң роль ойнойт. Өзүм табиятымдан романтик эмесмин, өзгөчө ыкмаларды деле колдонбойм. Бирок, менин оюмча, адамдын жыты деле көп нерсени чечип коёт. Мисалы, кандай гана жолугушуу болбосун мен дайыма жагымдуу атыр себинип алам. Себеби бул баарлашып жаткан адамды узак убакытка кармап калуунун бир жолу деп эсептейм. Эгерде мырза жагымсыз жыттанып турса, айымдар андан эртерээк качкандын айласын издей башташат. Ошондуктан дайыма жагымдуу жыттанууга умтулам. Бул жоругум мага кыздар менен гана эмес, жумуштагы кесиптештерим менен да мыкты мамиле түзүүгө өбөлгө болот.
Эмил Эсеналиев, «тамашоучу»:«ТАМАШАЛАШЫП АРБАП АЛАМ»
– Мен өзү аябай уялчаакмын. Бирок менин да ишенимдүү ыкмаларым бар. Мисалы, жактырып калган кызымдан көзүмдү албай тиктеп тура берем. Башында, албетте, жаман көрөт, бирок кийин өзү карай баштайт (күлүп). Анан кыздарды күлдүрө билүү керек. А менде тамашакөйлүк деген нерсе жетиштүү эле бар. Ошондуктан түрдүү тамашаларды айтып жатып өзүмө имерип алам. Бирок көбүнчө кыздарга тиешелүү суроолор пайда болгондо досум Самат (ред. Эркинбеков) жардамга келет. Алгач ал барып аны-мунуну сүйлөп таанышкан соң анан акырын барып мен да кошулуп кетем. Айрым жигиттердин «асмандагы айды алып берем, күндү батырып жиберем» же болбосо «бүгүн себеби жок эле бул чо-оң мамалакты белекке берем» деген кылыктарына мен кошулбайм. Себеби анын баарын жасап алып, анан эртең ал кызга үйлөнбөй калса кандай болот? Ошондуктан турмуш курууга чейин кызды тамашакөйлүк жана сый мамиле менен сүйдүрүп турсаң
жетиштүү.
Дайыр Исмадияров, ырчы:«НЕГИЗГИ КУРАЛЫМ – КЫЗДАРДЫ УГА БИЛГЕНИМ»
– Кыздарды мен 3 түргө бөлөм. 1-обу жок кыздар, 2-нуру төгүлгөн, 3-сырдуу кыздар деп. Бирок ар бир кыздын артыкча кыял-жоругу болот. Биз, жигиттер анын баарын биле албайбыз да. Ошондуктан кыздарды өзүбүзгө имерүүдө кылдаттык керек. Мисалы, кээ бир кыздар ашыкча бой көтөргөндүгү менен айырмаланат. Аларга өздөрүнө жараша «наглый» мамиле жасаганда гана мырзаларды көзүнө иле башташат. Назик кыздарга «кооз» сөздөрдү жаадырсаң жакшы жыйынтык берет. Ал эми жалпы жонунан кыздарга акылдуу жигиттер көбүрөөк жагат. Ошондуктан мээң илим-билимге толуп турганын көрсөтүү зарыл. Бирок аша чапкан да болбойт, себеби акылдуу сөздөрдү көп сүйлөп алсаң, кыздар өзүн билимсиз сезип калышы мүмкүн. Ошондуктан баарлашуунун айрым жерлеринде бийкечтин айткан сөздөрүнө да «ии, мен муну билбейт элем, кыйын турбайсыңбы» деп анын маанайын көтөрүү керек.
Мен өзүм психолог болгондуктан, кыздын жүрөгүнөн түнөк табуу оңоюраак. Айымдардын айтымында, көбүнө менин көздөрүм жагат экен. Бирок андан сырткары мен кыздарды уга билем, себеби бийкечтер арызданганды жакшы көрүшөт да. Ошондуктан негизги куралдарымдын бири бул – айымдардын арманын уга билгеним. Анан кээде болбой баратса, кыздын психологиясын жакшылап түшүнүп алып, ага «мен экстрасенсмин, сенин кыялың мындай» деп ар нерсени айтып, өзүмө болгон кызыгууну арттырып, аракетимди баштайм.
Данияр Эрматов, ырчы:«КӨЗДӨРҮМ – МЕНИН НЕГИЗГИ ЖАРДАМЧЫМ»
– Чынында, кыздар менен болгон мамиле дайыма изденүүнүн үстүндө болууну талап кылат. Бирок мен ошол романтика жагынан аксайм (күлүп). Ошондуктан Жараткандын берген келбетин ишке салам. Байкашымча, менин көздөрүм көпчүлүк кыздарга жагат. Ошондуктан көздөрүм менин негизги жардамчым деп билем. Анан да азыр кыздар ыймандуу жигиттерди издеп калышпадыбы, ошондуктан кыздарга жагуу үчүн тарбиялуу, динди мыкты билген жигит экенимди көрсөтүүгө аракеттенем. Негизи, адамдагы жөнөкөйлүк сапат деле өзүнө тартууда чоң өбөлгө, мисалы, менде бул сапат Кудайга шүгүр бар. Кыскасы, кыздар менен мамиле курууда кыйынчылык көп жаралбайт деле.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg