Адамдын мээсинин иштөөсү эмнеден көз каранды экени толугу менен изилденип бүтө элек. Биз билгенден көп окуп, билим алуу менен адамдын мээсинин өнүгүүсүн камсыздап, ойлонууга жана эс тутумду жакшыртууга болот. Ал эми мындан сырткары азык-түлүк, жемиштер да мээ үчүн абдан зарыл экенин билесизби?
Мээм жакшы иштесин, мен да экинчи Эйнштейн болом десеңиз, баш катырмалардын жандырмагын таап, китеп окуп, маалымат топтоодон сырткары төмөнкү азыктарды аш тизмегиңизге кошуңуз:
Суу. Организмдеги заттардын алмашуусун камсыздагандыктан, сууга ар бир орган муктаж, ал эми мээ өзгөчө муктаж. Окумуштуулардын байкоолорунда, чаңкап турган адам сынактын алдында жарым литр суу ичкен адамга салыштырмалуу логикалык маселенин жообун табууда көбүрөөк кыйналган.
Омега-3. Мээнин иштешине өтө пайдалуу, каныкпаган май кислотасы. Бул майлар энергиянын клеткадан клеткага өткөрүүсүн жогорулатып, ойлонууну жакшыртып, эс тутумдагы керектүү маалыматты алууну тездетет. Омега-3 балыкта, грек жаңгагында жана зыгыр майында көп.
Жаңгак. Белокко бай. Ал эми белок мээни энергия менен камсыздайт. Фундук, бадам, грек жаңгагы окуучулардын жана студенттердин аш тизмегинде болушу шарт. Ошондой эле грек жаңгагында организмге өтө керектүү лецитиндин запасы көп. Эгер бул заттын жетишсиздиги байкалса, анда адам склероз жана ар кандай нерв ооруларына чалдыгат.
Ашкөк. Тамак-ашка салттуу түрдө ашкөктү көп колдонгон элдер узак жашашат жана карылыкка алдырып алжыгандар аз кездешет. Шпинат, ашкөк, райкан, кинза жана башкалар Е жана К витаминдерине бай. Бул витаминдер деменциянын (акылдан азуу) өөрчүшүнө каршы турууга жардам берет.
Витаминдер. В9 (цитрус өсүмдүктөрү, нан, буурчак, бал) клеткалардын абалын жакшы сактоого көмөк берет. Витамин В12 (боор, жумуртка, балык) кары адамдардын акылынан азып, алжып калуусунун алдын алса, жаштардын эске тутуусун күчөтөт.
Жумуртка. Тооктун жумурткасынын сарысы мээнин көптөгөн функцияларын өөрчүтөт. Алсак, заттарды аңдап-түшүнүү, таанып-билүү, абалды кабыл алууну жана анын үстүндө ой жүгүртүүнү жогорулатат. Андыктан жумуртка аң-сезими жаңыдан өөрчүп келаткан жаш балдардын алмаштырылгыс азыгы десек болот.
Кофе. Кофеин ынтызарды ойготот жана кыска мөөнөттүү эс тутумдун иштөөсүн күчөтүп, оор эсептик маселелерди тез чечүүгө өбөлгө болот. Ошондой эле сергек болууну камсыздайт.
Алма. Аталган мөмө-жемиштин курамындагы кверцетин заты мээдеги клеткалардын бузулуусунан сактайт. Кверцетин алманын кабыгында көп.
Шоколад. Көңүл көтөрүүгө жана акылды көп талап кылган жумуштагылардын мээсинин иштөө жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Ылдамыраак ойлонууга, бир нерсени тез эске тутууга жардамы чоң.
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg