«Ээнсиреген үй» тасмасы коомчулукта кызуу талкууга алынган эле. Айрыкча кинодо ачык эпизодду аткарышкан актёрлор «тепкиге» алынышкан. Мына ошол сынга көп кабылган тасманын баш каармандары Атай Өмүрбеков менен «2012-жылдын супер актрисасы» наамынын ээси Марал Койчукараева 5-февраль күнү үйлөнүштү. Үй-бүлө деген китепти жаңы баракташкан жаш жубайлар бүгүн биздин куттуу төрүбүздө.
– Куш бооңор бек болсун, Атай, Марал! Силердин баш кошууңар көпчүлүк үчүн күтүүсүз болду окшойт...
Атай: – Рахмат. Нике кайып деп коёт эмеспи, буйрук экен, минтип Марал экөөбүз кичинекей мамлекеттин пайдубалын тургузууга кириштик. Күтүүсүз деп айта албайм, анткени мамилебизди дос-туугандардын баары эле билишчү. 3 жыл кыз-жигит болуп жүрдүк, бул жылдар ичинде уруштук-жараштык, таарыныштык, кайра кечириштик, айтор, бири-бирибизди абдан жакшы билип калдык. Мен «үйлөнөм» десем, досторум «сенин жаныңда Маралдан башка эч кимди көрбөй жатабыз» дешкен, ошондой эле болду. Мамилебиздин бышып жетилгенин сезип, Жаңы жылдын алдында үйлөнүүнү чечкенбиз.
Марал: – Мен да курбуларыма «турмушка чыгып жатам» деп айтсам, «болочоктогу күйөөң деп Атайды эле элестетебиз, ата-энең кыйнап башкага берем десе да тийбейт болушуң керек» деп күлүшкөн болчу.
– Мамилеңер «Ээнсиреген үй» тасмасы тартылганга чейин курулду беле же андан кийинби?
А.: – Сүйүүбүз «Ээнсиреген үй» тасмасынан тутанган. Москвадагы тартуу иштеринде эмес, Ысык-Көлдө жүргөндө башталган. Ушу Ысык-Көлдүн касиети да чоң таасир берди окшойт, жаз, пляж, романтика дегендей (күлүп)...
М.: – Бир сырды айтайынбы, экөөбүз кыз-жигит болгонго чейин Атайдын сүйлөшкөн кызы, менин сүйлөшкөн жигитим бар болчу. Кийин аларды жолуна салганга туура келди.
– Биздин «кыз-жигитсиңерби?» деген сурообузга экөөңөр тең так секире «доспуз» деп жооп берер элеңер, мынчалык жашыруунун сыры эмнеде?
А.: – Чынында, ашыкча сөздөрдөн оолак болуш үчүн эч кимге айтпайбыз деп чечкенбиз. Бизге сезимдерибизди жарнамалоонун кереги жок эле. Тар чөйрө билчү. Силер деле суроо бергениңерге караганда сезип, туюп жаттыңар да, биз сыр бербегенге аракет кылдык. Кыз-жигитпиз деп жар салып алып, үйлөнбөй калсак уят болмокпуз. Ошондой нерселерден коргонуп ачыкка чыккан эмеспиз.
М.: – Ооба, Атай экөөбүз үйлөнгөндө гана айтабыз деп сүйлөшүп алганбыз.
– Жүрөктөр кайсы сапаттар, кайсы жоруктардан улам багынып беришти?
А.: – Марал абдан шайыр, адам менен бат тил табышат, ичи-койнуна кирип кетет. Ичине кир сактабайт, таарынычы бат жазылат. Анан (ред. Маралга кайрылып) сен көөп кетпе, мактап койсо :)
М.: – Ха-ха... Атай биринчи көргөндө мага жаккан эмес, өтө «шустрый» болчу. Тартуу аянтында атам менен теңтуштардай эле «кайната» деп учурашып, тамашалашканда өлө жаман көргөм. Кийин эле өзүн башкача өңүттө көрсөтө баштады. Жүрөгү таза, боорукер, көп мактабай турайын, бул да көөп кетпесин (күлүп).
– Таарынышып кетсеңер ким биринчи элдешүүгө кадам жасайт?
А.: – Кимден ката кетсе ошол барчу. Менин мүнөзүм кырсыраак, ачуум чукул, бирок бат жазылам. Аялзатынын алсыз жери – ыйлаактыгы эмеспи, Марал ыйлап жиберсе кайра айткан нерсеме өкүнүп кетем.
М.: – Атайдын жини келсе унчукпай кутулам. Негизи, «уступка» болуш керек, тең тайлашып урушуп турсаң үй-бүлөнүн ыркы кетпейби.
– Сүйлөшүп жүргөн убак менен азыркы кезди салыштырып көрсөңөр...
А.: – Кыз-жигит болуп жүргөндө көчөдөн, кинотеатрдан, эс алуу жайларынан же Маралдын үйүнөн жолукчубуз. Азыр өзүмдүн үйүмдө жубайым болуп, иш кылып, келген конокторго чай сунуп жатканын көрүп мени кадимкидей жагымдуу сезимдер чулгап жатат. Ойлоп көрсөм, биздин үйгө Марал мен үчүн эле келди да.
М.: – Чынын айтсам, үйдө кыйратып деле кызмат кыла элекмин. Күндө эртең менен уктап калам же мени тургузган эч ким жок (күлүп). Кайненем аябай «современная» экен, коноктор келсе «бар боёнуп кел» деп жиберип коёт. Боёнуп келип көшөгөдө тыпыйып отуруп калам. Кечке күткөнүм эле Атай. Жумуштан келгиче жанын койбой чала берем.
А.: – Ошо кечке эле чала бербечи (күлүп).
– Ата-энеңер үйлөнүү тууралуу чечимиңерди кандай кабыл алды?
А.: – Таенеме «баягы кинодогу кызга үйлөнөм» десем, «ий, өлүгүңдү көрөйүн, андан башка кыз табылбай калыптырбы?!» деп чочуп кетсе болобу. Жай отуруп баарын түшүндүрдүм. Ал эми ата-энем, бир туугандарым туура эле кабыл алышты, анткени кыз-жигит болуп жүргөнүбүздү билишчү да. Апам Маралды өз кызындай көрөт.
М.: – Ооба, кабыл алган тарап да чоң роль ойнойт эмеспи, Атайдын туугандары мени абдан жакын, өз адамдай кабыл алышты. Жаңы келин болуп келгенде ыңгайсыз боло берет экенсиң, бөлөк эле үй-бүлө менен камыр-жумур болуп аралашып кетүү оңой эмес экен. Мен башында бир аз тартынып-уялып жаткам, бирок бат эле көнүп кеттим.
– Марал, үйүңдөн алып кетип жатканда ыйладыңбы?
М.: – Таң атпай Ысык-Көлдөн таенем чалып куттуктаганда эле ыйлап баштагам, үйдөн чыккычакты мөлтүрөп отурдум. Атайдын жеңелери менен тамашалашып жакшы эле отурганбыз. Үйдөн чыгып баратканда өңгүрөп ыйлап албадымбы. Кайненем «мен келин алган жокмун, кыз алып жатам» деп араң сооротту. Негизи, оңой менен ыйлабаган адаммын, мени ыйлатыш кыйын, бирок ошол күнү ыйлабайын десем да такыр болбой койду.
– Алдыдагы пландарыңар менен бөлүшүп кетсеңер, актёрдук кесибиңерди чогуу улантасыңарбы?
А.: – Ооба, мен өз кесибим менен эле иштейм. Марал кесиби боюнча мал доктур (күлүп). Эгер жакшы ролдорго сунуш түшсө тартыла берет.
– Үлпөт тоюңарды качан бересиңер?
А.: – Туугандарга чоң тойду берип бүттүк. Заманбап тоюбузду өткөрсөк досторду эле чакырабыз го. Күн жылысын, анан той тууралуу ойлоно баштайбыз.
– Алгач кимден куттуктоо уктуңар?
М.: – «Ээнсиреген үйдүн» режиссёру Нурбек Эген уга элек, силердин гезитиңерден окуйт болуш керек. Мага силердин гезитиңерден окуп ырчы Каныкей чалыптыр, андан кийин Гүлнур Асанова чалып куттуктады.
– Силерге бактылуу жашоо каалайбыз, маегиңерге чоң рахмат!
Лунара Бекиева
star@super.kg