Балыкчы шаарына жакын жерде кылмышкерлер милиция кызматкерлерин атканы коомго дүң дей түшкөн окуя болду. Мындай окуяны кинодон гана көрүп жүрсөк, тилекке каршы, жашообузда да жолуга калып жүрөт. Ок жеген милиция кызматкерлеринин бири оор жаракат алса, экинчиси өмүрү менен коштошту. Көп өтпөй кылмышка шектелгендерди колго түшүргөнгө аракет көрүлдү. Бирок алар каршылык көрсөткөнү үчүн атышуу учурунда жок кылынды.
УНААДАН ТҮШӨ КАЛЫП ОК ЧЫГАРЫШКАН
ИИМдин берген маалыматына ылайык, окуя төмөнкүдөй болгон. Үстүбүздөгү жылдын 9-февраль күнү болжол менен саат 16:00 чамасында кызмат өтөп жаткан Балыкчы ШИИБинин 3 кызматкери катуу ылдамдыкта келе жаткан В87-87W номерлүү БМВ автоунаасын токтотууга аракет кылышкан. Бирок аталган унаанын айдоочусу милиция кызматкерлеринин талаптарына баш ийбей, Боом капчыгайы тарапка жүрүшүн улантат. Артынан түшкөн милиция кызматкерлери унааны кууп жетип, жол жээгине кысып токтотушкан. Ичинен 2 адам чыгып, бирөөсү күтүлбөгөн жерден тапанча менен милиция кызматкерлерин көздөй ок чыгарган. Андан соң 2 кылмышкер жолго чуркап чыгып, келе жаткан Ауди-А6 үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Айдоочусун жана жүргүнчүлөрдү тапанча менен коркутуп автоунаадан түшүрүп салып, ошол машина менен из жашырып кетишкен. Октон жараат алган 2 милиция кызматкери Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилип, бирок алардын бири Бакыт Абдраев эсине келбей каза тапкан.
Бул факт боюнча Балыкчы шаардык ИИБинин тергөө бөлүмү Кылмыш жана жаза кодексинин 340-беренеси (укук коргоо органынын кызматкеринин өмүрүнө кол салуу) жана 168-беренеси (каракчылык) менен кылмыш ишин козгогон.
Белгисиз кылмышкерлер таштап кеткен автоунааны текшерүү учурунда салондон бет кап, парик, бычак табылган.
ХИДЖАБ КИЙИП ЖАШЫРЫНУУНУ ОЙЛОШКОН
Кылмышка шектелгендердин өздүгү аныкталып, аларга издөө жарыяланган. Токтогул шаарчасынан милиция кызматкерлери алар башкарып бара жаткан автоунааны тоскондо кылмышкерлер дагы качып жөнөшөт. Көк-Бел ашуусуна жеткенде кылмышка шектүүлөр куугундан кутула албашын байкап, машинаны таштап, тоого жөө чыга качып кутулушат
Кылмышкерлердин биринин тууганы аларга аялдардын хиджаб кийимдерин бермекчи болуп Токтогулга барат. Алар хиджабдарды кийип качып кетүүнү пландашкан экен. «Бабур» кафесинен жолугушмакчы болуп, кылмышка шектүүлөр отурган автоунаанын айдоочусу кийимдерди алыш үчүн кафеге кирген учурда аларды кармоо операциясы башталат. Багынып берүү талабына ок атып каршылык көрсөтүшкөн кылмышкерлер атып өлтүрүлгөн.
КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮЛӨР КИМ БОЛГОН?
Кылмышкерлердин бири Заур Магомедов 1986-жылы Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында туулган. Улуту – лезгин. Мурун киши өлтүрүү жана каракчылык беренелери боюнча бир нече кылмыштарга шектелген. 2004-жылы да бир таксистти тоноп, өлтүрүп, Казакстанга качып кеткен. Ал эми туугандары анын изин жашыруу максатында «дайынсыз жоголду» деп издөөгө берип коюшкан. Заур Магомедов 2006-жылы Магамед Гаджиев деген ат менен Казакстандан жасалма паспорт сатып алган. Казакстанда жүрүп канча кылмыш кылганы белгисиз, бирок ал каракчылык боюнча 2 факты менен айыпталып, колго түшүрүлгөн. Казакстандын соттук-психиатриялык экспертизасы аны психикалык жактан жабыркаган деп таап, Талгар шаарындагы психиатриялык ооруканага мажбурлоо түрүндө дарыланууга жөнөткөн.
2012-жылы Кыргызстанга экстрадицияланып, бирок Кыргызстанда аны тергөө органдар кайрадан соттук-психиатриялык экспертизадан өткөрүшпөй, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар шаарчасындагы психиатриялык ооруканага жөнөтүшкөн. Мажбурлоо менен дарыланганы түшкөн Магомедов Талгардагы да, Кызыл-Жардагы да ооруканада ээн-эркин жүргөн. Ал тургай Кызыл-Жардагы ооруканадан каалаган убакта чыгып да кете алган. 2013-жылдын 31-декабрында да ал Бердимурат Арчаев, Рустам Бурканов менен Бишкек шаарында каракчылык кылышкан. Бизнесменди тоношкон эргулдар 50 миң доллар «пайда табышып», БМВ үлгүсүндөгү автоунааны сатып алышкан. Рустам Бурканов Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан мурун эле кармалып, ал эми анын шериктери качып жүрүшкөн. Бурканов кармалган учурда жанынан газ тапанчасы, скотч, бет каптар табылган. Үйүн тинткен учурда октору менен мылтык, Казакстан жана Кыргызстандын жарандарынын көптөгөн паспорттору, гашиш, чаптап коюучу сакал чыккан. Маалыматка караганда, Заур Магомедов жана Бердимурат Арчаев кезектеги кылмыш жасоо үчүн Каракол шаарына барышкан. Бирок Каракол шаарында 2 күн туруп, белгисиз себептерден улам бул кылмыш ишке ашпай, Бишкек шаарына кайтып келе жатышканда аларды милиция кызматкерлери тосушкан.
Дагы бир шектүү Бердимурат Арчаевдин биографиясындагы маалымат Заурдукуна караганда алда канча кыска. Ал 1971-жылы Аксы районунда туулган. Улуту – уйгур. Азырынча ал тууралуу башка маалымат жок.
Ал эми кылмышкерлер атылган автоунаанын ээси да кылмыштуу ишке жардамдашкан деп шектелип колго түшүрүлгөн. 1988-жылы туулган Токтогул районунун бул тургуну да алар менен кошо каракчылык кылмыштарына барып жүргөн деп шектелүүдө.
ТАБЫШМАКТУУ ЖАГДАЙЛАР
Эмне үчүн Заур Магомедовду Кыргызстанда кайрадан соттук-психиатриялык экспертизадан өткөрүшкөн эмес жана эмне үчүн ал ээн-эркин жүргөн, муну тергөө аныктамакчы. Бул боюнча Кызыл-Жардагы оорукананын кызматкерлерине карата Таш-Көмүр шаарынын прокуратурасы шалаакылык беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Прокуратуранын маалыматына караганда, Заур Магомедов 2014-жылдын 5-февралында ооруканадан качып кетсе, оорукананын жетекчилиги 7-февралда укук коргоо органдарына кайрылган. Ошондой эле Заур Магомедов 2013-жылдын 24-декабрынан 2014-жылдын 2-январына чейин да ооруканада жок болгон жана оорукананын жетекчилиги бул тууралуу укук коргоо органдарына билдиришкен эмес.
Рустам Бурканов да мурун оор кылмыштары үчүн 7 ирет соттолуп, Заур Магомедов менен чогуу Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканада мажбурлоо менен дарыланышы керек экен. Бирок белгисиз себептерден улам ал да эркиндикте жүрүп, кылмыштарга катышып отурат.
Кылмышка шектүүлөрдү тоскон учурда курман болгон жана жаракат алган милиция кызматкерлеринин жанында дагы бир милиция кызматкери болгон. Балыкчы ШИИБинин мыйзамсыз баңгизаттардын айланышына каршы күрөшүү бөлүмүнүн Нурбек Абдыкеримов аттуу кызматкери кесиптештерин атып жаткан учурда кайда болгону, эмне кылганы белгисиз. Бул боюнча кызматтык иликтөө иштери жүрүп жатат.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg