(Башталышы өткөн сандарда)
– «Таш түшкөн жеринде оор» деп коёт. Эми кайда бармак элең, отур! Баары эле ушинтип ыйлап келип, кийин жашап кетишет! Болбосо менин үстүмөн аттап кет!- деген тиги кемпир босогого туурасынан жатып алды.
– Отурбайм дедимби, отурбайм! -деп кыйкырды да, жанына киши жолотпой, айласы куруп отура калып ыйлап жиберди.»Ыйлап алсын» дештиби, айтор, баары башка бөлмөгө чыгып кетишти. Аз өтпөй эшик акырын ачылып, куурчагын бекем кучактаган кичинекей кыз кирип келди.
– Эже, сиз эмнеге ыйлап жатасыз?
Бала эмеспи, баёо көздөрү менен ыйлап жаткан Айдайды бир саамга таңыркай карап калды.
– Эч нерсе.
Көзүнүн жашын сүртүп, тиги кызды карагыча, эшиктен бир жигит баш бакты. Артынан жеңеси кирип келип Айдайга карап:
– Ай, жоолукту эмне салынбай отурасың? Мына сенин жолдошуң. Бой десең бой, өң десең өңү бар. Экөөңөр өзүңөрчө жакшылап сүйлөшүп алгыла! Кийин тез эле сүйүшүп
кетесиңер, - деп кайнисин далыга таптап коюп кайра чыгып кетти.
Айдай бул жигитти сыртынан таанычу. Бирок аты ким экенин эстей албай жатты. Жана машинанын алдыңкы орундугунда унчукпай отуруп келе жатканында көзү чалган.
– Айдай, мен сени жакшы көрөм!
– Жолобо!
Тиги кыздын көзүнө тике карай албай:
– Суранам, мени уят кыла көрбө. Мен сени бактылуу кыла алам,- деди мукактана.
– Түшүнсөң... Керек болсо мен сенин атыңды да билбейм. Анан биз кантип жашайбыз?
– Жашап кетебиз.
– Суранам, мени коё бергилечи?
Айдай жалбара үн катты. Аңгыча эшиктен бир досу үйлөнмөкчү болгон жигитти чакырып калды.
– Талант, келсең...
Бул учурда жаңыдан гана айланага күүгүм түшө баштаган. Аңгыча эле оозгу бөлмөгө топураган кишилер кирип, ага удаа эле:
– Ассолому алейкум. Кулдугубуз бар!- деген үндөр угулду.
– Кана менин кызым?
Керимдин өктөм чыккан үнүн уккан Айдай сүйүнүп кетти. Жүрөгү элеп-желеп болуп, отурган ордунан так секире тура калды. Жулкуна кирип келген Керим көшөгөнүн ичинде
бүрүшүп турган кызын көрө сала суроолорду жаадыра баштады. Жанында аймактык тескөөчү Азамат да бар эле.
– Бул баланы тааныйсыңбы?
– Жок
– Кызым, ачык айт. Эгер көңүлүң болуп, жашайм десең калтырайын, жок жашабайм десең да сенин тандооң. Апаң экөөбүз сенин бактыңа каршы чыга албайбыз.
– Ата, мен отурбайм. Мени алып кетиңиз...
Аңгыча Азамат да кепке аралашты.
– Дагы ойлонуп көр. Эгер көңүлүң жок болсо алып кетели.
– Жок, мен калбайм!
Айдай буулуга ыйлап жиберди. Ушул тапта топурап көшөгө турган бөлмөгө кишилер толуп алган болчу. Туш тараптан Керим менен Азаматка ар кайсыны айта башташты:
– Кой эми, Керим. Кызың жаштык кылса да сен туура чечим чыгар!
– «Кызды сураганга, кымызды суусаганга бер» - дейт. Кудай кошкон куда бололу!
– Ай, милийса бала, сен кийлигишпей тура турчу!
– Киргиле чайга!
Жабалактаган үндөргө Азаматтын бир эле жообу жетиштүү болду.
– Таарынбагыла, туугандар! Кыздын көңүлү жок экен, демек, алып кетебиз. Эгер балаңар камалышын каалабасаңар, жолду бошоткула!
Ошентип ай-буйга келбей Керим кызын алып чыгып кетти. Аңгыча каргап-шилеген жанагы кемпирдин үнү угулду. Ыйлап алган кемпирдин:
– Менин алмончоктой уулумду чанып кеттиң. Ылайым жакшылык көрбөй кал! Күйөөгө жетпей, зар какшап кал! - деген үнү далайга угулуп турду.
ххх
Күн көтөрүлүп калган учур эле. Дем алыш болгондуктан Айдай үйдө болчу. Ал шыпты телмире тиктеп, ойлуу жата берди. Кемпирдин каргаганы улам эсине түшүп, түнү бою уктай албай койду. Сабира кызын эс алсын деп өзү оозгу бөлмөдө камыр жууруп жаткан. Керим болсо кечээ Салимбайдын жайлоосунан алып келген күрөң музоолуу уйду сатыш үчүн райондун борборуна кеткен болчу. Аңгыча коңшу жашаган Калича кирип келди.
– Кандайсыз, Сабира эже?
– Жакшы, кел, кир үйгө. Мен азыр камыр жууруп бүтө калайын.
Сабира шаштысы кете ага кайрылды.
– Шашпай эле коюңуз, күтө турам. Деги эмне болуп кетти, билип коёюн деп баш баккам. Кандай жатасыздар?
– Ой, жакшы. Кечээ Айдайды ала качып кетишип, атасы барып алып келди, уктуң да?
– Ооба, бүгүн уктум коңшулардан. Жаман болгон турбайбы...
– Ошентип кызыбызды көчөгө чыгарбай, кайтарып отурабыз,- деди Сабира.
– Ооба, кыз чоңойгон сайын кайтарбаса болбойт экен да...
Калича шуу үшкүрдү да, жыландын башын кылтыйта буларды кошумчалап койду:
– Бирок тиги балага да жаман болду. Жапжаш эле кете бериптир байкуш.
– Эмне болуптур?
Сабира эси чыга Каличаны карады.
– Сиз уккан жоксузбу?
– Жок, ботом! Эмне болуп кетти?
– Тиги Айдайды ала качкан бала намыстанып муунуп алыптыр...
– Апе-ей, кашайгыр!
Сабиранын өңү бозоро түштү. Жанатан бери Айдай да тигилердин кебине кулак түрүп жаткан эле. Эмне кыларын билбей, жуурканын чүмкөнө калды. Он гүлүнүн бири ачыла элек кыздын тагдырына биринчи жолу балта чабылды. Азыр бар-жогуна кайыл боло, жашоосу менен коштошкусу келип кетти.
Ал ортодо көчөдөн кечээги кемпирдин ачуу ыйлаган үнү чыкты.
– Сенин айыңан ушундай болду, шуркуя! Керим, Сабира, чыккыла. Мына, мен келдим. Көкүрөк күчүгүмө кошуп, мени да өлтүрүп таштагыла!
– Апа, болдуңуз! Сабыр кылыңыз!
Топтошкон кишилер кемпирди үйгө жолотпой, ары алып кетишти. Сабира менен Калича өң-алеттен кете, үн-сөзсүз бири-бирин тиктеп туруп калышты.
(Уландысы кийинки санда)
Асхат Субанбеков