ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (17-февралдан 23-февралга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптанын башында буга чейин кетирген каталарыңыз билинип, аны оңдоого киришесиз. Жыйынтыгы көңүлүңүздү тынчтандырат. Шейшембиде олжолуу болуп калууңуз ыктымал. Бейшембиде каржылык маселени чечүүдө өз пикириңизде туруңуз. Апта акырында жакындарыңызга белек тандоодо шашпай, сапатына көңүл буруу кажет.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
«Аткара албайт окшойм» деп кыялыңыздан баш тартпай, аны ишке ашырууну көздөңүз. Бирөөлөргө карыз бербей туруңуз, болбосо өзүңүз жакын арада акча таппай убара болуп каласыз. Шаршембиде маанилүү маалыматты унутуп калбоо үчүн кагазга түшүрүп калуу керек. Жума күнү күтүлбөгөн кабар жан дүйнөңүзгө бүлүк салат.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жаңы идея, демилгеңизди жетекчиликке дүйшөмбүдө сунуштасаңыз колдоо таба аласыз. Шейшемби, шаршембиде активдүүлүк өсөт. Оор иштерди бүткөрүүнү же лыжа, чана тээп, ден соолукту чыңдоону пландаңыз. Бейшембиде жеке маселени чечүүдө сүйүктүүңүздү басынтпаңыз, болбосо узакка көрүшпөй каласыздар. Ишембиде конокко чакыруу аласыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада өжөрлүк менен пландарды ишке ашыруудан жазбайсыз. Жакыңыздын ички сыры менен муктаждыгын угуп, ага көмөк көрсөтүүгө да ашыгасыз. Шейшембиде профессионалдык жөндөмүңүз бааланып, жаңы орунга көрсөтүлүүңүз мүмкүн. Шаршемби орчундуу жаңылык тартуулайт. Жума күнү уурулардан сак болуңуз.


АРСТАН (23.07-23.08)
Жакын арада кошумча билим алуу же узак жолго сапарга чыгуу маселеси жаралып, сизди бир топ түйшөлтөт. Дүйшөмбүдө уккан маалыматка ишенүүдөн мурда, анын чын же калп экендигин тактоо кажет. Бейшембиде каржы жаатында толуктоолор болот. Ишембиде сүйүктүүңүз сизди сындан өткөрүүнү көздөйт, андыктан сыр бербей, токтоо болуңуз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Дүйшөмбү, шейшемби - катуу иштей турган күн. Болбогон нерселерге маани берип, ар ким менен урушууга жетпеңиз. Шаршембиде эргүү жаралат. Мүмкүн буюм жасап, бир нерселерди кайра оңдоп-түзөйсүз. Бейшембиде жакындарыңыздын бирин тосуп алууңуз же узатууңуз ыктымал. Эс алуу күндөрү туугандардыкына баш багасыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптанын башында жамаатта буга чейин жашыруун болуп келген кагылышуулар ачыкка чыгып, талкууга коюлат. Бөөдө сын угуп калбайын десеңиз, билбеген маалыматтарды айтпоо кажет. Шейшембиде эсиңизде узакка сакталып кала турган окуяга кез келесиз. Жума күнү мурунку жакшылыктарыңыз үчүн эски достордун сыйына татыйсыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Досторуңуз шаршембиде каржылык маселеңизди чечип бергиче көңүл бөлүндү болосуз. Мындан тышкары жакшы көргөн адамыңыз да одоно жоруктары менен жиниңизге тиет. Бейшембиде үйдөгүлөрдүн талаптарын аткарууга туура келет. Ишембиде кошумча акча табуу жаатында түшкөн сунушка макул болуу керек.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптада кер-мур айтышуу чыкпоо үчүн үйдө өзүңүзгө жүктөлгөн милдеттерди аткарганыңыз оң. Дүйшөмбүдө врачтын кеңешине кайрылууңуз ыктымал. Шаршембиде жол жүрүү түйшүгүнө кабылууңуз күтүлүүдө. Бейшембиде көптөн бери көрө элек досторуңуз өздөрү тууралуу кабар берет. Жекшембиде чарба иштери убактыңызды алат.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада терс энергиялардан арылууну көздөп, үйдөгү ашыкча эски буюмдардан кутулуу кажет. Дүйшөмбүдө маанилүү маалыматтан куру калбоо үчүн чакырган жерден калбаңыз. Шаршембиде эмнелердин үстүндө иштегенде карьерадан өсүүгө мүмкүн болору айкындалат. Жума күнү сүйүктүүңүздө түшүнбөөчүлүк жаралбашы үчүн туура, ачык сүйлөө кажет.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Банктан же бирөөдөн насыя акча алууну пландоодон мурун, бул тууралуу анализдеп алуу кажет. Мүмкүн, колдогу каражатты үнөмдөп эле абалдан чыга аласыз? Шейшембиде кийин пайдасы тие турган адамдар менен таанышасыз. Бейшембиде бейтааныш адамдар менен талашуунун кереги жок, болбосо алар баарына сизди күнөөлүү кылып көрсөтүшөт.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Көп иштерди бүткөрүү үчүн алдыга умтулуу жана акчаны үнөмдөө керек. Дүйшөмбүдө айланаңыздагы окуя жеке жашооңузду жаңы багытка бурууга себепкер болмокчу. Шейшембиде кыймылсыз мүлк же мурас жаатындагы маселе чыгат. Жума күнү таанышыңыз ишеничиңизди актабай, көңүлүңүздү кирдетет. Апта акырында майда жандык сатып алууңуз күтүлүүдө.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 589, 14-февраль-20-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан