БИАТЛОН – АҢЧЫЛАРДАН КАЛГАН СПОРТ

Мурун бутуна лыжа тагып аңчылыкка чыгуу түндүк элдеринин турмушундагы кадимки көрүнүш болгон. Бирок 18-кылымда гана бул ишмердүүлүк спорттук мелдеш катары карала баштаган. Учурдагы биатлонго окшош спорттук мелдеш расмий түрдө алгач 1767-жылы өткөрүлүп, аны Швеция менен Норвегиянын чек арачылары уюштурушкан. Ошол мелдеш «Аскер патрулдарынын мелдеши» аталып, 1924-жылы Олимпиадалык оюндардын катарына кирген. Бара-бара толукталып отуруп, 1954-жылы биатлон деп спорт түрү катары таанылган. Азыркы учурда биатлон бүйүр кызыткан кышкы спорттордун бири болуп эсептелинет.

Биатлон – белгиленген аралыкты лыжа менен басып өтүп, атайын коюлган буталарды мылтык менен таамай атып түшүрүүчү спорт түрү.

ЖАРЫШТАРДЫН ТҮРЛӨРҮ:

Жекелик жарыш:

  • Эркектер – 20 чакырым.
  • Аялдар – 15 чакырым.
  • 4 ок атуучу чектин ар биринде 5тен бута бар.
  • Ар бир жаза аткан бута үчүн спортчунун жалпы убактысына бирден мүнөт кошулат.

Спринт:

  • Эркектер – 10 чакырым.
  • Аялдар – 7,5 чакырым.
  • 3 ирет айлануу.
  • Стартка өз-өзүнчө чыгышат (ар бир 30 секунд сайын).
  • 2 ок атуучу чекте 5тен бута бар.
  • Ар бир жаза аткан бута үчүн спортчу кошумча 150 метр жаза айлампасын басып өтөт.
  • Марага биринчи келген 60 спортчу кубалашуу жарышына катышат.

Масс-старт:

  • Эркектер – 15 чакырым.
  • Аялдар – 12,5 чакырым.
  • Биатлон боюнча Дүйнөлүк кубоктун жалпы эсебиндеги мыкты 30 спортчу стартка жалпы чыгышат.
  • 4 ок атуучу чекте 5тен бута бар (2 жолу жатып, 2 жолу туруп атуу).
  • Ар бир жаза аткан бута үчүн спортчу ок атуу бүткөндөн кийин дароо 150 метрлик жаза айлампасын басып өтөт.

Бул жарыштардан сырткары эстафета, кубалашып жарышуу жана жайкы биатлондун түрлөрү да бар.

Ок атуу жана буталар:

  • Бутага чейинки аралык – 50 метр.
  • Буталар кара түстө жана металлдан жасалышы шарт.
  • Бутага ок тийгенде ак капкакча менен жабылат.
  • Тийди деп эсептелүүчү зонанын диаметри:
    жатып атканда – 45 мм
    туруп атканда – 115 мм

МЫЛТЫК:

  • калибр – 5,6 мм
  • минималдык салмагы – 3,5 кг
  • узундугу – 500 мм
    Топтомдо 2 түрдүү
    магазин болот:
  • кадимки – 5 октуу
  • капкагы менен – кошумча 3 октуу
  • мылтыкты кайрадан октоо кол менен ишке ашырылат
  • мылтыкта мээлөө үчүн бутаны чоңойтуп көрсөтүүчү аспап болбошу керек

БИАТЛОН ТУУРАЛУУ:

  • Биатлон тарыхындагы эң титулу көп спортчу катары 40 жаштагы норвегиялык Уле-Эйнар Бьёрндален эсептелинет.
  • Учурда биатлончулардын жалпы рейтингинде алдыңкы сапты эркектер арасында француз Мартин Фуркад, ал эми айымдардыкында норвегиялык Тура Бергер ээлейт.
  • Кыргызстандын атынан кышкы Олимпиадага катышкан биатлончулар:
      • 1994-жыл. Лиллехамер, Норвегия – Евгения Роппель, 66-орун.
      • 1998-жыл. Нагано, Япония – Александр Тропников, 65-орун.
      • 2002-жыл. Солт-Лейк-Сити, АКШ – Александр Тропников, 73-орун.

«СОЧИ-2014» ОЛИМПИАДАСЫНЫН ЖЫЛДЫЗДАРЫ
Аты-жөнү
– Уле-Эйнар Бьёрндален
Каймана аты – Биатлон падышасы
Мекени – Норвегия
Туулган жылы, күнү – 1974-жыл, 27-январь
Спорту – Биатлончу
Жетишкендиктери – 7 жолку Олимпиаданын,14 жолку Дүйнө чемпиону, 6 жолку Дүйнө кубогунун ээси
«Сочи-2014» – Спринтерлик жарышта алтын медаль

 

Аты-жөнү – Свен Крамер
Мекени – Голландия
Туулган жылы, күнү – 1986-жыл, 23-апрель
Спорту – Коньки жарышчысы
Жетишкендиктери – 2 жолку Олимпиаданын, 19 жолку Дүйнө чемпиону, 6 жолку Европа чемпиону
«Сочи-2014» – 5000 метр аралыкта Олимпиада рекордун койду

 

ОЛИМПИАДА ОЮНДАРЫНЫН ЖҮГҮРТМӨСҮ
(Бишкек убактысы менен берилди)

14-февраль
12:00 Тоо-лыжа спорту – Суперкомбинация – Эркектер
15:00 Лыжа жарыш – Эркектер
19:00 Биатлон – Жекелик жарыш – Айымдар
17:30 Скелетон – Эркектер
20:00 Муз үстүндө бийлөө – Эркектер
23:10 Фристайл – Акробатика – Айымдар

15-февраль
13:00 Тоо-лыжа спорту – Супергигант – Айымдар
14:00, 18:00 Хоккей – 1/4 финал – Айымдар
16:00 Лыжа жарышы – Эстафета – Айымдар
18:12 Шорт-трек –1500 м – Айымдар
18:25 Шорт-трек –1000 м – Эркектер
17:30 Коньки жарыш –1500 м – Эркектер
23:30 Трамплинден секирүү – Жекелик – Эркектер

16-февраль
13:00 Тоо-лыжа спорту – Супергигант – Эркектер
14:00 Лыжа жарыш – Эстафета – Эркектер
18:00 Коньки – 1500 м – Айымдар
19:00 Биатлон – Масс-старт – Эркектер
19:00 Муз үстүндө бийлөө – Микст
20:15 Бобслей – 2 кишилик – Эркектер

17-февраль
18:30, 23:00 Хоккей – 1/2 финал – Айымдар
21:00 Биатлон – Масс-старт – Айымдар
23:30 Фристайл – Акробатика – Эркектер
00:15 Трамплинден секирүү – Эркектер

18-февраль
13:00 Тоо-лыжа спорту – Слаломгигант – Айымдар
17:00 Шорт-трек – Эстафета (3000 м) – Айымдар
19:00 Коньки жарыш – 10000 м – Эркектер
21:15 Бобслей – Жуптук жарыш – Айымдар
03:00 Хоккей – 1/8 финал – Эркектер

19-февраль
13:00 Тоо-лыжа спорту – Слаломгигант – Эркектер
14:00 Хоккей – 1/4 финал – Эркектер
15:48 Сноуборд – Эркектер
17:45 Лыжа жарыш – Айымдар
18:15 Лыжа жарыш – Эркектер
19:30 Коньки жарыш – 5000 м – Айымдар
20:30 Биатлон – Эстафета – Микст
21:00 Муз үстүндө бийлөө – Жекелик – Айымдар
23:00 Хоккей – 1/4 финал – Эркектер

20-февраль
16:30 Кёрлинг – 3-орун үчүн
16:45 Фристайл – Ски-кросс – Эркектер
18:00 Хоккей – 3-орун үчүн – Айымдар
19:30 Кёрлинг – Финал
23:00 Хоккей – Финал – Айымдар
23:30 Фристайл – Хавпайп – Айымдар

21-февраль
16:45 Фристайл – Ски-кросс – Айымдар
18:00 Хоккей – 3-орун үчүн – Айымдар
19:30 Биатлон – Эстафета – Айымдар
21:00 Хоккей – 1/2 финал – Эркектер
22:15 Тоо-лыжа спорту – Слалом – Айымдар
23:30 Шорт-трек – 500 м – Эркектер
23:30 Шорт-трек – 1000 м – Айымдар

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
hakker
2014-02-17 11:40:44
Кыргызстанда качан спортко жетиштуу конул болунуп онугот экен.66-орун деген катышпай эле койбоптур да дегендей кеп.Чондор--оз чонтогунорду толтура бербей улуттук ар-намыс дегенди ойлонуп,Ата-Журт учун да иштеп бергиле.Бизде бир эле бай--спорттун бир турун онуктуро алат.Дени сак улут--онугуп жаткан олко дейт.Минтип журо берсек бизден чемпион чыкпайт.Тренерлер баруучу жолдомону да чондор алып алат экен...
0
Sagy
2014-02-17 16:49:46
hakker, Биатлонго шарт тузуу хоккейдей эмес. Буга деген атайын жер керек. Анан да коп каражат керек. Ага бизде кайдагы каражат???
0
Sagy
2014-02-17 16:48:26
Ольга Зайцева, Светлана Слепцова дегендер жонундо да жазып койсонор..
0
PROS
2014-02-17 18:56:05
Биатлон менин суйгон спортум да.
0
look
2014-02-19 02:38:15
ээ достор бизде жер жетишпейт андай чон спорт комплексин курууга же онуктурууго андан коро жерлерди сатып же ижарага берип иштеткенибиз туура го чондордун ою боюнча
0
№ 589, 14-февраль-20-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан