Майли Сайрус аттуу ысым учурда көптөрдүн көңүл чордонунда. Ырчы айымдын 2012-жылдан тартып өзгөрткөн имиджи, акылга сыйбас кылыктары ага атактуулуктун жаңы доорун тартуулады. Бейбаш жоруктары таланттуу ырчынын чыгармачылыгына боёк кошуп, атактуулугун арттырууда. Шок кыз Майлинин чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу төмөндөн маалымат алыңыз.
Толук аты-жөнү – Дестини Хоуп Сайрус
Туулган күнү, жылы – 23-ноябрь, 1992-жыл
Туулган жери – АКШ, Нашвилл шаары, Теннесси штаты
Тартылган тасмалары – «Ханна Монтана», «Жай. Классташтар. Сүйүү» («Лето. Одноклассники. Любовь») жана башкалар
Учурда актриса, жеке ырчы
Ырлары – «Биз токтото албайбыз» («We Can't Stop»),»Топту жара» («Wrecking Ball»), «Сенден айланам» («Adore you») жана башкалар
ЧИРКӨӨГӨ БАТ-БАТ КАТТАЧУ
Ырчы айым Билли Рэй жана Тиш Сайрустун үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Анын атасы Билли АКШда кантри стилиндеги ырчы катары таанымал. Алгач ырчыга ата-энеси Дестини деген ат коюшкан. Бирок аны кичинесинен эле Майли деп эркелетишчү, себеби бул аттын котормосу «шайыр» дегенди түшүндүрүп, кичинесинде ырчынын кыял-жоругун сүрөттөп турган.
Майли Сайрустун балалыгы Франклин шаарындагы фермалардын биринде өткөн. Беш бир туугандын төртүнчүсү Майли абдан ыймандуу жана чиркөөгө бат-баттан баш багып турган кыз болгонун айтат.
ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫНА АТАСЫ ТҮРТКҮ БОЛДУ
Майли 2001-жылы үй-бүлөсү менен Торонто шаарына көчүп келген. Анда анын атасы «Доктур» («Doс») аттуу сериалга тартылып жүргөн кези эле. Атасынын таасири менен Майли алгач «Чоң балык» («Крупная рыба») аттуу тасмага тартылат. Кийин «Ханна Монтана» аттуу сериалда жараткан негизги каарман Ханна аттуу ырчынын образы 14 жаштагы Майлини дүйнөлүк жылдызга айланткан. Ошондон тарта анын музыкага болгон кызыгуусу артып, ырчылык карьерасын баштайт. Көз күйдүргөн бойдок кыз учурда эч нерседен коркпогон бейбаш айымга айланды. Майли кайда барбасын элдин көңүл чордонунда болууга жетишет. Мисалга ырчынын Бритни Спирстин концертинде бейтааныш кыз менен өбүшкөнү, кашын ак түскө боёп алганы, олуттуу кечеде күтүүсүздөн стриптиз бийлеп кириши элди көңүл кош калтырган жок. Анын үстүнө Майлини легендарлуу Мадонна айым да колдойт деген сөздөр айтылып келет.
ЖАЛГЫЗ СҮЙҮҮ РОМАНЫ...
Майли көп жылдар бою «Акыркы ыр» («Последняя песня») аттуу тасмада чогуу тартылган актёр Лиам Хемсворт менен мамиле куруп келген. Жадагалса ал экөө үйлөнүү тууралуу 2012-жылы жар салып, бирок жыл айланбай ажырашканын кабарлашкан. Мындан башка ырчынын жеке жашоосу тууралуу көптөгөн миш-миштер бар, бирок аларды ырчы өзү ушак гана деп келет. 15 жашынан тартып жандаган жигитинен ажыраган ырчы коомдук жайларда чыр чыгарып, болушунча көптүн көңүлүн өзүнө буруу менен алек. Ага карабай Майлинин жакын достору аны шайыр, назик, туруктуу адам экенин айтуудан тажашпайт. Бирок атактуулуктун артынан кууп жүрүп, ырчы айым адам катары өзүн жоготууда деген пикирлерди айткандар да бар.
МАЙЛИ ТУУРАЛУУ:
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg