Гүлнара Салахидинова, Айнура Салахидинованын эжеси:«АЙНУРА ЭКӨӨБҮЗ МИТХУН ЧАКРАБОРТИНИ ТАЛАШКАНБЫЗ»

Бир тууган – жашоодогу таянар тооң, өйдөдө өбөгүң, муңайсаң сырдашың. Ырчы Айнура Салахидинованын эжеси Гүлнара каарманыбыз тууралуу төмөнкүдөй маек куруп берди.

«Айнура экөөбүз жана бажалар. Эки бажа «баш тырмашабыз» дешип ынтымактуу.

«АПАМ АЙНУРАНЫ ЖЕРИГЕН ЭКЕН»
– Айнура 8 айлык болуп төрөлүптүр. Анда мен 2 жашта болчумун. Дарыгерлер апама «сиз үйгө кете бериңиз, балаңызды дагы эки жума карашыбыз керек» дешиптир. Апам менден кийин эркек бала күткөнүн айтат. Анан Айнура төрөлгөндө бир чети аны жерип, экинчиден, мени сагынып, төрөт үйүнөн үйгө кетем деп чыгыптыр. Таежемдер «Сен эмне болуп жатасың, кызыңды таштап каякка барасың? Көрөсүң, ушул кызың сени багат, сулуу кыз болот» деп кетирбей коюшкан экен.
Кийин ата-энем мени Нарынга таенеме беришкен. Мен ал жакта 7 жашка чейин болуп, анан ата-энемдин колуна келгем. Келсем Айнура, иним экөө мени бөлүп, «башка жерде өскөнсүң» дегендей мамиле кыла башташты. Бир күнү апам «силер бөлө берсеңер, анда мен Гүлнараны терезеден ыргытып жиберейин» деп мени терезеге отургузуп койду. Экинчи кабатта жашачубуз. Айнура кыз эмеспи, чырылдап «Ыргытпаңыз!» деп кыйкырып жиберген. Ошондон кийин алар мага жакшы мамиле кылып, үй-бүлө мүчөлөрүнүн катарына кошушту(күлүп).

«ҮЙДҮН ТҮБҮНӨ КЕЛИП ТАМЕКИ ТАРТЫП...»
– Айнуранын музыкага шыгы кичинесинен эле ойгонгон. Ата-энем экөөбүздү музыкалык мектепке комуз үйрөтүү үчүн беришкен. Ээрчишип барып-келип, жакшы эле окуп жүргөнбүз. Баары апам экинчи инимди төрөгөндөн кийин башталды. Иним төрөлүп, үй оокатына жетишпей кыйналган окшойт. Таежелерим «эки кызыңды тең музыкалык мектепке берип койдуң, оокатка тыңын чыгарып ал, сага кол кабыш кылсын» дешиптир. Анан апам мени чыгарып алган, ошондо катуу таарынгам. Айнура болсо музыкалык мектепте окуп жүрдү. Башында жалаң күү чертчү. Кошуна байке «Сен күү эле черте бересиңби, ырдабайсыңбы? Бир чака балмуздак алып берем, ыр үйрөн» деген. Бир чака балмуздак жегиси келген Айнура комуздун коштоосунда ырдоону ошентип баштаган.
Мектепте окуп жүргөндөгү кызыктуу окуясын айтып берейин. 6-7-класста болсо керек, Айнура классташтары менен тамеки чегели деген ойдо музыкалык мектептен чыгышып, так үйүбүздүн түбүнө келип, кыздар менен тамеки чегишиптир. Апам көрүп калып аябай жаман болуп урушкан эле.

«ӨЛҮП КЕТЕЙИН ДЕГЕН СӨЗДҮ КОШУП СҮЙЛӨЧҮ»
– Индия кинолорун көрүп, экөөбүз тең Митхун Чакрабортини сүйүп калганбыз. Талашып, сеники-меники болуп эле уруша берчүбүз.
Айнуранын «өлүп кетейин» деген сөзү бар эле. Бир нерсени далилдеш керек болсо ошол сөздү кошуп жиберет. Анан «өлүп кетейин, мен кийин сөзсүз Митхун Чакрабортиге тием» дегени эсимден кетпейт. Акыры мен башка актёрду сүйүп калгандан кийин кырылбай калдык. Бул эми балалык сезимдер да. Урушканда Айнурадан коркуп, тайсалдап турчумун. Анткени ал өз үйүндө өсүп, мен таенемдикинде жүрүп калгандыктан, батына алчу эмесмин.
Үй жыйнаганда бөлүшүп алчубуз, «сен муну жыйнайсың, мен муну» деп. Айнура бир нерселерди кооздогонду жактырчу. Кийин ойлосом, мага кара жумушту берип койчу экен.»Гүлнара, сен үй шыпыр, пол жуу, идиш жуу, чаң сүрт. Мен үйдү кооздоп чыгам» дейт. Мен баарын жууп-тазалап, жыйнап чыккандан кийин Айнура ар кайсы жерге түрдүү открыткаларды чаптап койчу.

«АТАМ – АЙНУРАНЫН №1-КҮЙӨРМАНЫ»
– Айнуранын мүнөзү абдан жумшак, ак көңүл, ичинде кири жок. «Кичине жашырып же жымсалдап койсоң болмок» десем, «мен кандай ойлосом, ошону айтам» дейт. Борбордогу №68-мектепти аяктадык. Сабактарына тырышып жетишип, жакшы окуду.
Биринчи ырдап чыкканда аябай сүйүнгөнбүз. Бирок чоң сахнага чейин деле мектеп сахнасынан түшчү эмес. Айнуранын №1-күйөрманы атам болуш керек. Айнура катышкан концерт болсо же сыналгыдан көрүп калса, өзүнүн бөлмөсүндөгү сыналгыны кой, биздикиндегини да Айнуранын ырына коюп кетет. «Ата, коюңузчу, муну көрбөдүк беле!» десең да такыр укпайт.

«ЭЧ КИМГЕ АЙТПАЙ ТУРМУШКА ЧЫГЫП АЛГАН»
– Мен турмушка чыгарда элдин баарына жар салып, жигитимди үйдөгүлөр менен тааныштыргам. Айнура болсо бул жагынан өтө зымпыйды. Болочок күйөө баланы тааныштырмак түгүл, сүрөтүн да көрсөткөн жок. Мен турмушка 27 жашымда чыккам, ал дагы ушул жашта жоолук салынды. Жалал-Абадга эс алганы кетип эле турмушка чыгыптыр. Жар катары да, келин катары да абдан мыкты. Мен ушунча болуп бир эле жолу жоолук салынсам, ал кайындары келгенде башынан жоолугун түшүрбөйт. Жолдошун дайыма «сиз» дейт. Мен «Ал сенин жолдошуңбу же байкеңби?» деп тамашалай берем.

«Айнура кичине кезинде мурду барбайган, капкара, көзү алайган кыз болчу».

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Атам – Айнуранын №1-күйөрманы" дейт Гүлнара Салахидинова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
zaika.tvo9.1990
2014-02-17 11:44:05
Кичинесинен эле сулуу экен
+4
Sonun90
2014-02-17 12:53:06
Нарындык кыз Жалабатка келин болуптур да. Бактылуу болушсун. Негизи сиз деген бул сый эле мамиле. Болгондо да жолдошу озунон улуу болсо. Мен деле жолдошум менен тенмин кыз жигит маалда сен элек, сизин жерге турм чыг сиз деп калб бы. Бирок озун экообуз турганда сен эле деп кое берем
0
chingizhan01
2014-02-17 13:56:34
Айнураны суйом да.
+1
lady-jemchug
2014-02-17 16:13:16
Азыр эмне жалан эле жылдыздардын бир туугандарынан интервью алып калганбы?
0
nukulia
2014-02-17 17:39:59
кыйын ырчылардын арасына кирбейт. орто эле
+2
zzz---zzz
2014-02-17 18:22:58
Арманым батпай калды кимге айтам арманымды, бактылуу болгула!!!
0
samat-91
2014-02-17 21:17:02
мама дебей апа десе не болот?
+1
Munarbek1011
2014-02-17 22:41:46
оо Айнура Салафадинова бизге кошуна болдуго Санжар байкеге турмушка чыгып
0
Munarbek1011
2014-02-17 22:42:48
оо Айнура Салахидинова бизге кошуна болдуго Санжар байкеге турмушка чыгып
0
tilek-x
2014-02-18 13:40:36
Жакшы ырдайт уну да жагымдуу ырлары да маанилуу кыскасы супер суперский!
+1
k_medi04
2014-02-20 02:45:38
талантуу ырчы! бактылуу болсун!
+1
alibekova94
2014-02-20 20:05:46
Айнура соонун ырдап коет мага жагат ырлары дайым угам! БАКТЫЛУУ БОЛСУН! УВАЖУХА))
+1
Aksy-13
2014-02-21 20:53:18
мага Айнуранын бардык ырдаган ырлары жагат бактылуу бол
0
Prelestina
2014-02-22 11:39:29
Эжесинин интервьюсу жакпады. Же мактаганы билинбейт, же жамандаганы билинбейт.
-1
Aizat86
2018-03-07 12:26:02
Айнура кайсыл жылы торолгон
0
№ 589, 14-февраль-20-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан