ЗАЙТУН - КАСИЕТТҮҮ ДАРАК

Адамдын ар дайым жаш, сулуу жана бекем ден соолукта болуусунун бир сыры зайтунга катылган. Ал сырды бизге керектүү адистер чечмелеп бермекчи.

МЕКЕНИ – ЖЕР ОРТОЛУК ДЕҢИЗИНИН ТҮШТҮК-ЧЫГЫШЫ
Зайтун дарагынын (европа зайтуну деп да аталат) мекени – Жер Ортолук деңизинин түштүк-чыгышы. Байыркы мезгилде эле адамдар мөмөсүн жана зайтундун майын тамак-ашка колдонушкан. Учурда маданий өсүмдүк катары Греция, Перу, Ирак, Грузия, Түркмөнстан, Орусия (Геленджик, Сочи) менен Украинада (Крым) жана башка жактарда өстүрүлөт. Эки жылда бир түшүм берүүчү түбөлүк жашыл дарак. Зайтунду эң көп өндүрүүчү үчилтикке Испания, Италия, Греция кирет. 100 грамм майы 898 килокалорийди камтыйт.

МЕДИЦИНА
МӨМӨСҮНҮН ЖАНА МАЙЫНЫН ШЫПААЛЫК ТААСИРИ
«Зайтундун организмге тийгизер кандай касиеттери бар жана кандай ооруларда колдонулат?»- деген суроо менен дарыгерлерге кайрылдык.

«ЖҮРӨК ООРУЛАРЫНЫН АЛДЫН АЛАТ»
Улуттук кардиология жана терапия борборунун директорунун орун басары АКПАЙ САРЫБАЕВ:
– Илимпоздор зайтун мөмөсүндөгү жана майындагы пайдалуу заттар (өзгөчө мөмөсүндөгү каныкпаган май кычкылы) диабет, кан тамыр жана жүрөк ооруларынын алдын аларын аныкташкан. Организмдеги жаман холестериндин чыгышын шарттап, кан басымды да жөнгө салат. Андыктан аны тамак-ашка колдонуу пайдалуу.



«КЫЗЫЛ ӨҢГӨЧ КҮЙГӨНДӨ ПАЙДАЛАНЫЛАТ»
Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнүн врачы БАКЫТ ЖАПАРОВ:
– Кокустуктанбы же башка себептенби, айтор, уксус ичип алгандардын кекиртеги, кызыл өңгөчү күйүп калат. Ушул себептен оорулуу суюктуктан башка эч нерсе иче албай кыйналат. Биз мындайда оорутууну басуу жана сезгенүүнү жок кылуу үчүн оорулууга зайтундун 100 грамм майына 1 чийки жумуртканы аралаштырып, ар бир 2-3 саатта 1 аш кашыктан ичүүнү сунуштайбыз. Май күйгөн жерди катырбай, жумшартып турат жана курамындагы пайдалуу заттары менен адамга азык болуп берет.

«ӨТТҮ ИШТЕТИП, ИЧТИ ТАЗАЛАЙТ»
Бишкектеги Кеңеш берүү кызматы жана спорттук медицина борборунун врач-терапевти ЛЮДМИЛА БАЙМАТОВА:
– Мөмөсү менен майы иммунитетти бекемдейт, боорду азыктандырып, ичегилерди тазалайт. Денедеги уулардын чыгышын шарттайт. Ал эми майынын курамындагы витаминдердин сөөктү, булчуңду чыңоочу таасири бар. Ичти тазалоодо жана өт жакшы иштебей калганда, 7-10 күн күнүгө эртең менен жана жатарда 1 чай кашыктан зайтун майын ичүү керек. Диета кармагандар зайтунду салаттарга кошуп колдонсо жакшы жыйынтык берет.



КИМДЕРГЕ КОЛДОНУУГА БОЛБОЙТ?
Зайтун майын жана мөмөсүн ашказан жарасы, боор, уйку бези, бөйрөк, өт жана өттүн таш оорусу барлар врач менен кеңешип, анын уруксаты менен гана колдонсо болот. Анткени өз алдынча пайдаланганда оорулар курчуп кетиши мүмкүн.

Жогоруда айтылгандардан тышкары окумуштуулар зайтун теринин, мээнин жана аялдардын эмчегинин рак оорусунун алдын ала тургандыгын айтышат.

АШКАНА
«ПИНГВИНДЕР» САЛАТЫ
Ашканада көбүнчө туздалган, маринаддалган, фаршталган мөмөлөрү колдонулат.
Салат үчүн керектүүлөр: 18 чоң, 18 кичине данеги жок зайтун мөмөсү, 1 сабиз, 125 грамм сыр, 80 грамм каймак май жана тиш чукугучтар.
Жасоо ыкмасы: Сүргүчтөн сырды өткөрүп, ага каймак майды кошуп, аралаштыруу керек. Эми чоң мөмөлөрдүн баарынын алдын узунунан кесип, ичин сыр аралашмасы менен толтуруңуз (бул денеси). Кичине мөмөлөрдүн ичин анча шыкабай толтуруңуз (бул башы). Сабизден мурундарды жана үч бурчтуу буттарды жасаңыз да, анан баарын бириктирип, тиш чукугуч менен сайып коюңуз. Салат даяр.

КОСМЕТИКА
«КАРЫЛЫКТАН САКТАЙТ»
Бишкектеги «Умай косметик»медициналык борборунун дерматолог-косметологу АЙНУРА УЕЗБАЕВА:
– Зайтун майы көптөгөн крем, шампунь, душ үчүн гель, бальзам жана самындардын курамына кирет. Кургак жана сезимтал терини күтүүдө ролу чоң. Терини жумшартып, бырышты түшүрбөй кармап тура алат. Өзгөчө жазында жана күзүндө бетке күнүгө кечкисин зайтун майынан жука шыбоо зарыл. Анан 20 мүнөттөн соң ашканын аарчып салуу кажет. Арадан убакыт өтүп, бет өңүнө чыгып калганда муну токтотсо болот. Денени да ушинтип күтсө жакшы. Безеткилерди көбөйтүп жибере тургандыктан, майын майлуу беттерге шыбаганга болбойт. Майы укалоодо да көп колдонулат. Терини жумшартып, азыктандырат, остеохондроздон арылууга жардам берет.

Майын шыбангысы келбегендер курамында зайтун майы бар кремди колдоно алышат. Адам күнүгө 5-6 мөмөсүн жеп турса карылыктын алдын алат.

КЫЗЫКТУУ

  • Зайтун бутагы – тынчтыктын жана жарашуунун символу. Инжилде көгүчкөн Кудайдын адамдарга ачуусу тарап, дүйнөлүк топон-суунун токтогонун кабарлап, Нойго зайтундун кичине бутагын алып келгендиги айтылат. Анткени зайтун топон каптоодон кийин жер бетинде алгач өскөн өсүмдүк болгон.
  • Испанияда жыл сайын 9-11- ноябрь аралыгында зайтун фестивалы өткөрүлөт. Майрам дарактын түшүмүн жыйнап бүтүүгө арналат.


Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (28)
mmdina2013
2014-02-17 23:28:55
Otu joktor koldonso bolobu? men otumdo tash bolup aldyrgam, oshonduktan betimde pigment taktar paida bolup ketpei jatat
0
pakistanka
2014-02-18 11:08:08
mmdina2013 wibansaniz bolot da olivka mayin.
0
altysha.kg
2014-02-18 16:02:55
Кенештериниздерге чоон рахмат!
0
Sonun90
2014-02-18 16:08:18
Оливка майы негизи осумдук майларынын эн тазасы жана пайдалуучсу дешет го. Ошондой эле эн кымбаты дагы
0
anipa11
2014-02-18 18:51:35
betada, vefada satılat
0
KURSHAB
2014-02-18 20:16:40
Оливковый масло деп аталат туугандар. Баардык магазиндерде сатылат.
0
dinar_13G
2014-02-19 12:15:49
супер инфо черный тмин жонундо да маалымат бериниздерчи сураныч.
0
admin_media
2014-02-19 13:22:01
dinar_13G,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз. Рахмат!
0
aliii
2014-02-19 21:04:48
admin_media, зайтун дарагы кайсыл жерде осот
0
admin_media
2014-02-20 10:07:13
aliii,
Зайтун дарагынын (европа зайтуну деп да аталат) мекени – Жер Ортолук деңизинин түштүк-чыгышы. Учурда маданий өсүмдүк катары Греция, Перу, Ирак, Грузия, Түркмөнстан, Орусия (Геленджик, Сочи) менен Украинада (Крым) жана башка жактарда өстүрүлөт.
0
pakistanka
2014-02-20 12:24:05
zaytun daragi Turkiyada kop osot.
0
gyly.ulan
2014-02-20 20:45:18
Аливке майы аптекада сатылган башка болобу айтып койгулачы сураныч
0
gyly.ulan
2014-02-20 20:47:09
Анткени аптекада 100грамы еле 400сом болсо магазиндердеги арзан еле болуп жатпайбы кайсынысын колдонуш керек?
0
poltenge
2014-03-12 15:12:00
gyly.ulan, аптекада баасын көтөрүп сатса керек да хотя ошондой эле баада болуп калат. негизи зайтун дарагы өскөн өлкөлөрдүн майыны алуу керек. мисалы сделано в Испании или в Греции же в Италии
0
pakistanka
2014-02-21 15:28:55
magazinden ala ber je bolboso mechiitin janindagi magazinderden ala ber ayirmasi jok
0
Milashka-92
2014-03-04 11:53:14
майын майлуу беттерге болбойт деп жазыптыр колдонууга болбойбу майлуу беттерге
0
mirzat94
2014-03-05 14:08:45
мен эч таппай койдум го саппатуу косметическийин азык тулук саткандардан сурасам беришти эле тамак кошконубу эч таасир тийгизбей эле бетими кургатып салды
0
kgmin1990
2014-03-10 15:39:32
Кенешиниздерге чон рахмаат.
0
poltenge
2014-03-12 15:03:46
зайтун майын чачы түшүп таз болуп бараткандарда сүртүнсө пайдасы болот. Зайтун майынын кыл өстүрүүчү касиети да бар. Ошондуктан чачын кашын сакал мурутун кою кылгысы келгендер сүртсө болот. Анан башка дененин мүчөлөрүнө көп колдонуу да ал мүчөгө кылдын пайда болуу коркунучу бар. Ошондуктан бетке же башка кылы жок мүчөгө сүртүнүүн
0
№ 589, 14-февраль-20-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан