СӨЗ ЭРКИНДИГИНЕ КЫСЫМ КӨРСӨТҮҮ КҮЧӨДҮБҮ?

Сөз эркиндигинин кысымга алынышы жөнүндө кеп козголгондо бийликтин каарына калган калемгерлер көз алдыга тартылат. «ОшТВнын» айланасындагы иштерди да сөз эркиндигине кысым катары баалоого болот. Төртүнчү бийлик боло албай келе жаткан кыргыз журналистикасы 23 жылдан бери башынан эмнелерди өткөргөнүн сиз менен бирге эстеп көрөлү.

ДЕМОКРАТИЯЛУУ АРАЛЧА КАНТИП ТҮПТӨЛГӨН?
Журналисттердин куралы – сөз. Борбор азиялык мамлекеттердин ичинен биздин өлкөнүн негизги жетишкендиктеринин бири бул – сөз эркиндиги. Кыргызстандын журналисттери өз өмүрлөрүн канжыгага байлап жасаган иштери үчүн учурда биздин мамлекет Борбордук Азиядагы эң демократиялуу өлкө болуп саналууда.
Журналисттердин изине түшүү, өлтүрүү, оппозициялык басылмалардын чыгарылышына тоскоолдук жаратуу Акаев менен Бакиевдин бийлигине мүнөздүү көрүнүш болду. Эсиңиздерде болсо, 2003-жылдары бир катар гезиттер жабылган. 2005-жылдагы элдик революциядан кийин бир-бир жарым жылдай Бакиевдин саясаты да сөз эркиндигине лоялдуу мамиле кылды. Бирок мындай мамиле көпкө созулбады. Курманбек Бакиевдин заманында журналисттерди атып кетмей, бычактап кетүү, куугунтукка алуу бара-бара күчөдү. 2007-жылы «Фергана.ру» маалымат агенттигинин журналисти Алишер Саипов белгисиз адамдардын колунан каза тапса, 2008-жылы «Де-факто» гезитинин түптөөчүлөрү Чолпон Орозобекова менен Жеңишбек Эдигеев катуу кысымга кабылып, журт которууга аргасыз болушкан. Мындан сырткары беделдүү журналисттер Бермет Букашева, Кайрат Биримкулов, Турат Бектенов да куугунтукка кабылышкан. Ал эми 2009-жылы «Репортёр Бишкек» гезитинин кабарчысы Сыргак Абдылдаевди белгисиз адамдар сабап, денесинин 22 жерине бычак сайып кетишсе, көз карандысыз журналист Алмазбек Ташиев милиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынып, ооруканада көз жумган.
Экс-президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиевден кысым көргөн “Де-факто” гезитинин жетекчиси Чолпон Орозобекова менен жолдошу Жеңишбек Эдигеев болгон. Алар Жаныш Бакиевдин студент баласы унаасы менен бир кишини сүзүп өлтүргөнүн “Алиби” гезитинен кийин жазып чыгышкан. Сот гезитти 1 миллион сомго айып пулга жыккан эле. Мындай чечимге нааразы болгон редакция ээлери “Бакиевдерге 1 сомдон жардам” саясий акциясын өткөрүшкөн. Көп өтпөй салык системиндеги ыйкы-тыйкылар боюнча иликтөөсү үчүн кайрадан эле Жаныш Бакиевдин каарына кабылышат. Анда бийлик Орозобекованы 5 жылга эркинен ажыратмак болот жана 4 миллион сом айып салат. Ошентип, андагы бийликке багынып бергиси келбеген калемгерлер чет өлкөгө баш калкалап кетишкен.
Ал эми “Пирамида” телеканалынын шеф-редактору болуп турган Турат Бектенов да Курманбек Бакиевдин бийлигин катуу сынга алгандардын бири. 2007-жылдары бийлик анын артынан сая түшүп, басым көрсөткөнүнөн улам бала-бакырасын алып Швейцарияны көздөй жол алган.
“Репортёр Бишкек” гезитинин журналисти Сыргак Абдылдаев бакиевдик бийликтин айыбын ачып, аттуу-баштуу адамдардын өлүмүнүн сырын иликтегени өз керт башына да кыйын күндү салды. Анын денесинин 22 жерине бычак сайып кетишип, бактыга жараша, аман калган. 2009-жылы өлкөдөн чыгып кетип, Швециянын Эстерсунд шаарынан тынчтык тапкан кесиптешибиз Сыргак Абдылдаев менен байланыша албадык.
Бакиев бийлигинин куугунтугуна кириптер болгон оппозициялык «Лица» гезитинин башкы редактору Бермет Букашева өз гезитине макалаларын чыгарып жүргөн Сыргак Абдылдаевди бычактап кетишкенден кийин басым-кысым күч алганда гезитти жаап, АКШдан баш паанек сураганга аргасыз болгон.
Апрель окуясынан кийин бул тармакта эмгектенгендер кадимкидей жеңилдене дем тартып калышкан. Бирок...
«Көнгөн адат калабы?» дегендей, бийлик өкүлдөрү сөз эркиндигине кайырмак таштоону улантууга аракет жасап көрдү. Алгач 2012-жылы өкмөт башчылыкты аркалап турган Өмүрбек Бабанов ЖМКлардын жоопкерчилигин күчөтүү боюнча пикирин ортого салды. Ал мындай аракетин «ар ким өзүнүн жоопкерчилигин билиш керек» деп түшүндүргөн. Андан кийин 2013-жылы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Галина Скрипкина «журналисттердин жоопкерчилигин күчөтөлү» деп Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп чыгып, жалган маалымат тараткан журналистти эки жылга чейин эркинен ажыратууну сунуштаган. ЖМКлардын кескин сын-пикиринен улам депутат бул мыйзам долбоорун жалпы кароого алып чыкпай калды.
Биздеги тажрыйба көрсөткөндөй, мыйзамдар колунда бийлиги жокторго карата иштейт. Тагыраак айтсак, мыйзам колунда бийлиги барларга каршылашын кулатуучу курал катары колдонулат. Мындай мыйзамды эртеӊ бийликтегилер өздөрү жөнүндө чындыкты жазган ЖМКларга каршы колдонбойт деген кепилдик жок. Сөз эркиндигинин бийлиги барларга дегеле кереги болгон эмес. Сөз эркиндигин чектөөдө биринчи сокку чындыкты жазгандарга тиет. Ал дайыма эле болуп келген көрүнүш.
Өткөн жылдын сентябрь айында «Супер-Инфо» гезитинин SUPER.KG порталына интернет колдонуучу тарабынан жүктөлгөн видео боюнча ИИМдин 10-башкармалыгы «улут аралык кастыкты козутуу, таратууга» айыптап чыккан. ИИМ ал видеону кимдер тартканын, кандай максатта интернетке жүктөлгөнүн иликтебей, алгач жүктөлгөн сайт, улам бөлүшүлүп талкууга алынып жаткан социалдык тармактарды да тескөөгө албай, бир гана SUPER.KG порталын «жооптуу» катары көргөнү түшүнүксүз бойдон калды.
Үстүбүздөгү жылдын февралында «ОшТВ» телеканалына кысым башталганын анын жетекчиси Эрнис Кыязов айтып чыкты. УКМК «ОшТВга» «аймактар аралык жаңжалга чакыруу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгонун маалымдады.

Эрнис Кыязов:«ОшТВны» ЖАБАЛЫ ДЕП ЖАТЫШАТ»
– Бизге тагылган айыпты УКМК «ОшМУнун филология факультетинин илимпоздорунун экспертизасынын бүтүмүнүн негизинде койдук» деп жатышат. УКМК андай кыйын экен, Июнь окуясына чейин «ОшТВнын» мурдагы жетекчилигине да Кадыржан Батыровдун элди, эки улутту бөлүп-жарууга чакырган берүүлөрүнө мүмкүнчүлүк бергени үчүн ушундай экспертиза дайындашпайбы?
Азыр эле (ред. 12-февраль) Маданият, туризм жана маалымат министрлигинин алдындагы Улуттук тарыхый-археологиялык «Сулайман-Тоо» музейинин жетекчилигинен кат келип түштү. Анда «Сулайман-Тоодо жайгашкан телеканалдын антеннасын аймактан алгыла» деп жазылыптыр. Бул жерде иштин чоо-жайы «ОшТВда» же аны жетектеген Эрнис Кыязовду да кысуу эмес, Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовго басым кылуу болуп жатат. Анткени биз шаардык мэрди шайлоо күнү маалыматтарды түз жеткирип жаттык. Бул белгилүү эле болуп турбайбы, жогору жактан буйрук болгон үчүн шылтоо менен «ОшТВны» жабууну көздөп жатышат.

КУУГУНТУККА КАБЫЛГАН ЖУРНАЛИСТТЕР ЭМНЕ ДЕШЕТ?
Шералынын чокоюндай өткөн күндү бийликтин эсине салчу тарыхта калган издердин ээлерине кайрылдык. Дал ушул журналисттер чындык үчүн чыркырап, жаны кылдын учунда турганына карабай артка тартпай иштегенде учурдагы бийлик өкүлдөрү булар менен бир жээкте эле.

Чолпон Орозобекова:
– Биз учурда Швейцариянын Женева шаарында турабыз. Келгенден бери жалаң эле тил үйрөнүү, билим алуу менен алекпиз. Азыр француз, англис тилдеринде эркин сүйлөп, магистратурада окуп жатабыз. Жолдошум Жеңиш Женева университетинде эл аралык укук боюнча магистратурасын кийинки жылы аяктайт. Мен болсо эл аралык саясат боюнча магистратураны былтыр бүтүрүп, дипломду колго алгaм. Учурда эл аралык коопсуздук боюнча адистешип, магистрдик ишимди жазып жатам.
Кыздарыбыз мектепте окушат. Улуу кызым Нурайым Женева консерваториясынан пианино классында билим алууда. Музыкага шыктуу. Буюрса, окуубузду аяктасак, Кыргызстанга барабыз. Бул жактан алган билимибиз менен жакшы иштерди жасайбыз, алган дипломубуз мекенибизге кызмат көрсөтүүдө жардам берет деп ойлойм.


Турат Бектенов:
– Азыр Швейцарияда турам. Француз тилин жакшы билгендиктен, даректүү эки тасма тартууга жардам бердим. Которуу менен да алектенем. Өзүм Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы кеңсесинин маалымат бөлүмүндө иштейм. Албетте, Кыргызстанга кайтуу ниетибиз бар. Болгону, балдар бул жакта билим алып жатышат. Билим берүү системи башка дегендей, окууну бүтө беришсинчи, дагы көрө жатарбыз.

 



Бермет Букашева:
– Бүгүнкү күндө АКШнын Нью-Йорк шаарында уулум менен жашайм. Кыргызстанда болуп өткөн реалдуу окуяларга негизделген көркөм саясий роман жаздым. Саясий баяндамачы катары жүрөгүм, көздөрүм мекенимде.
Мен өлкөдөн кетерде 2009-жылы Алмазбек Атамбаев «кетпей эле койбойсуңбу, дагы күрөшөлү. Гезитиңе материалдык жардам берейин» деп моралдык колдоо көрсөткөн. Кетпей иштеп жүрө берсем болмок, бирок ошол учурда өлкөдөгү жалпы атмосферадан, саясатта болуп жаткан окуялардан, Бакиевдердин өлкөнү тоноп жаткандарынан кадимкидей стресске кабылып жүрдүм. Мен кеткенден көп өтпөй эле Геннадий Павлюкту өлтүрүштү. Бакиевдер качып кеткенде АКШда сүйүнүп, менден бактылуу киши болгон жок. Тилекке каршы, жаңы бийлик «кайтып кел» деп чакырган жок. Бакиевдердин режими менен согушкан бир да журналистти сыйлап коюшпады.
Саясатчылардын да сөз эркиндигинин өнүгүшүнө кошкон салымы чоң. Бир кездеги оппозиция лидерлеринин кысым көргөн күндөрү боюнча айткан сөздөрүн журналисттер унутушпайт.

20-июль, 2010-жыл. Өткөөл мезгилдин президенти РОЗА ОТУНБАЕВА:
– Биз сөз эркиндигинин негиздерин бекемдөөгө толук чечкиндүүбүз. Бийлик көзөмөлдөп турган ЖМКлар тарабынан катуу жана туташ кысымга дуушар болгонбуз.

 

 


28-июнь, 2012-жыл. Президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ:
– Кыргызстандын келечегин эркин басма сөз менен гана элестете алам. Буга чейин басма сөздү ооздуктоолорду көрдүк.

 

 


3-сентябрь, 2008-жыл. ТЕМИР САРИЕВ:
– Бийлик бир катар ЖМКларды жаап жатат. «Де-фактонун» редакторунун жеке өзүнүн өмүрүнө да коркунуч туулууда. Мына, биз эмнеге жетип калдык.

 


 

15-ноябрь, 2009-жыл. ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ:
– Кыргызстандагы авторитаризм вирус сыяктуу жаңы ыкмаларды таап, өзүнө ыңгайсыз журналисттерге катуу басым жасап жатат. Учурда бардык алдыңкы телеканалдар, радио-гезиттер «үй-бүлөнүн» көзөмөлүндө калды.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
hakker
2014-02-17 12:31:06
Шералынын чокоюн АШАнын мандайына илип коюу керек эле.Мурда кордук коруп жургон болсо азыр кордук корсотуп жатат.Соз эркиндиги болуу керек журналисттерди куугунтуктабагыла--урматтуу чондор айдын он беши жарык он беши карангы...
+1
infiniti
2014-02-17 17:28:47
hakker, Туура. Балгондо да,эки пайын тен.
0
muxammet
2014-02-17 12:46:56
Ош твны жаап Казино ачып койгула. Кыйраткан болосунар.
+1
lady-jemchug
2014-02-17 14:14:06
Кыргызстанда акча менен бардык нерсени жасаса болот.Акчага баары сатылат,акча менен каалаган сага жакпаган адамды жок кылсан болот.Акча берсен сот органдары кайра жабыр тарткан адамды куноолуу деп чечим чыгарып берет.Бизде демократия аябай жогорку денгээлде онугуп жатат,кылмыш,талап-тоноо,адам олтуруу,коркутуп уркутуу ж.б учун демократиялуу олко болуп калды.
+1
nurik..asem
2014-02-17 19:25:13
Акчалары коп мамлекетти жеп тоноп копкон оздорунун адрестерине айтылган чындыкты сын пикирди которо албай журналисттерден кучун чыгарышкан
0
mirbakg
2014-02-18 08:47:14
Оштвыны да ктрды да жаап салгыла ошондо каалагандай урдап жейсинер !!
0
Saiha.84
2014-02-18 15:32:45
Кээ бир оозуна алы жетпеген,журналист соройлорду Мадумаров айтмакчы "колу буттарын жулуп салыш керек"деп,чектен чыккандары толуп кетти,соз эркиндигин бетине жамынып алып ушакчынын созун суйлогондор да кобойду.
0
№ 589, 14-февраль-20-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан