Кезинде «арманым аттын башындай...» деп ырдап жүргөн Токтобек Асаналиев учурда кыргыздын мыкты ырларын аткарып келет. Маектин алкагында ырчы кыргыз маданиятынын күнгөй-тескейине, учурдагы абалына өз баасын берип өттү.
– Кандайсыз, сурообузду аба ырайынан баштасак. Эшиктеги суук сиздин маанайыңызга таасирин тийгизип жатабы?
– Биз, кыргыздар, төрт мезгилди убагы менен көргөн өтө бактылуу элбиз. Жашаган жерибизди туура пайдалансак ханга салам бербей, завод-фабрика курбай, ядролук, атомдук бомба жасабай эле алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирмекпиз.
Биздин мөңгүлөр канча миң жылдык суунун запасын камсыздайт. Нанды улук дейбиз, бирок нандан да суу улук. Өлүп бараткан адам эч качан «бир үзүм нан берип койчу» деп айтпайт, сөзсүз суу сурайт. Табияттын берген белегине ыраазы болуп, ар бир мезгилден ырахат алып жашашыбыз керек.
– Былтыр жандуу үн менен театрлаштырылган концерт койдуңуз эле?..
– Болгон каражатымды аябай, кыргыздын улуттук жүзүн көрсөтүү максатында концерт бергем. Концертиме силердин Толик сынчыңар келип, «Токтобекке эки жолу «Эмгек сиңирген артистин» берсе болмок» деген мактоосун жазган. Аны окуп алып мүшөктөп акча тапкандай эле болдум. Мындай мактоолордон руханий азыктанып, эрдемсип калат экенсиң.
– Жаштар фольклордук музыканы анчейин уга беришпейт, бул жаатты кантип өнүктүрсө болот?
– Бул нерсе айланып отуруп баягы эле мамлекеттик башкарууга такалат. Мисалы, фольклорду өнүктүрүүгө аз эле убакыт кетет. Эмне деген чоорчу, кыл кыякчы, комузчу, акын, жазуучулар бар. Мамлекет мына ошолордун башын бириктириши керек. Булар жылаңач баатырлар, бирок кылычы курч. Ар бир замандын өзүнүн залкарлары болот, балким, биз менен катарлаш жашаган адам залкар экенин билбей өтөрбүз, бирок кийин тарых ташы таразалап коёт.
Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын тегерегинде болуп жаткан окуялар ал жактагы өнөр адамдарына терс таасирин тийгизбей койбойт. Айла жок, бийлик баары бир өзүнүн адамын коёт экен. Ал жакта музыканын жоголушуна кайыл адамдар көп. Утурумдук акча табуу үчүн отургандар деп ойлойм.
– Ал эми учурдагы музыканын абалына кандай баа берет элеңиз?
– Өзүм учурда Кыргыз улуттук консерваториясында мугалим болуп иштейм. Ошол жакта окуган айрым жаштарды көрүп көзүң тоёт. Алар биздин «жылдызмын» деп төш каккылагандардан эмес, чыныгы искусствого башын урган балдар. Үндөрү укмуш, биринен экинчисиники өтөт.
Бизде мурун обончу деген термин бар болчу, ошол азыр жоголуп баратат. Жаш ырчыларыбыз интернеттен аркы-беркинин кайрыгын алып, түрктүкү же орустуку, өзбектики кылып чампалап, уурдалган ырларды ырдап жатышат. Алар акча таап, курсагын тойгузуп, үй-бүлөсүн багып жаткан чыгар, бирок булар кыргыздын музыкасынын келечегине балта чабууда. Ошон үчүн урпактарга шерменде болбой, улуу залкарлардын ырын уялбай эле өзүнүн боёгун кошуп эстрадалык мотивде ырдап чыгышса болмок.
– Кеп учугун үй-бүлөңүзгө бурсак. Жубайыңыз Саадат менен кантип таанышып калдыңыз эле?
– Саадаттын жездеси той бергенде Жеңишбек акын экөөбүз ырдап барганбыз. Ошол кезде «Боогачың сенин болоюн» деген ырым жаңы чыгып жаткан. Саадат ал ырды аябай жактырыптыр. Бирок мен ал тойдо Саадатты көргөнүмдү кийин эстей албай койдум. Андан көп өтпөй досумдун үйүнө конокко барып, Саадатты ошол жактан көрүп таанышып калдым. Өзү Жумгалдан болот. Ушул кезге чейин кубаныч-капамды тең бөлүшүп, ынтымакта жашап келебиз. Үйдөгү түйшүктөрдүн баары анын мойнунда. Түшүнүктүү, мени сыйлайт, эң негизгиси «качан келдиң, кайда баратасың?» деген суроону бербеген киши.
– Уулуңуз Канат да көптөгөн сынактардын жеңүүчүсү экенин билебиз...
– Уулдарымдын улуусу Канат. «Атадан үч уул туулат» деген макал бар. Менин оюмча, атадан эки эле уул туулуш керек, атадан артык уул жана атага тең уул. Эгер атадан кем уул төрөлсө, анда тукумуңдун өлгөнү. Канат кенедейинен оюнчук эмес, комуз менен ойноп чоңойду. Бир жылда 4-5 баш байгени утуп алган учурлары болду. Азыр 16 жашта, Мураталы Күрөңкеев атындагы окуу жайда билим алат. Келечекте мына мен да комузчумун деп капталыман чыкса, ошондо татыктуу уул тарбияладым деп айта алам. Экинчи уулум Боогачы да эки айга жетпей 4-5 күү үйрөнүп алды.
КЫСКА СУРОО-ЖООП
– Кичинеңизде ким болгуңуз келчү?
– Атам чабан кылам дечү. Мен ырчы болом деп шаарга келе бергем. Бирок баарынан мугалим болгум келчү эмес, анткени мектептеги балдар мугалимдерге ат коё беришчү.
– Музыкалык билимиңиз барбы?
– 2 жыл филармониянын алдындагы студияда, 4 жыл Искусство институтунда, 4 жыл Улуттук консерваторияда окугам. Музыкалык билимим Кудайга шүгүр эле.
– Үй-бүлөңүз тууралуу...
– Үй-бүлөдө он бир тууганбыз. Өзүм да он балалуу болгум келет. Учурда беш балам бар, үч уул, эки кыз.
– Спорттун кайсы түрүнө кызыгасыз?
– Футболду өзүм жакшы ойнойм. Чоң футболду сыналгыдан көргөндү жакшы көрөм.
– Акыркы жолу сиз окуп таасирленген китеп?
– Ашым Жакыпбековдун «Теңир Манас» деген китебин окуп таасирленгем. Кызыгы, аягына чыккан жокмун. Манас чоң казатка аттанып, Аккуласын минип душмандарды каптап келаткан жеринен токтотуп койдум. Анткени Манас мен окуган боюнча жүрөгүмдө аман жүрсүнчү дедим.
– Мүнөзүңүздөгү кемчиликтер?
– Кемчилигим өтө көп. Көп сөгүнгөн кишимин, апам айткандай, «энеңди урайын» деген сөздү «ананайын» деп айткандай эле колдоном. Ишенчээкмин, канча кишиге алдандым.
– Жашооңуздагы кыйын учур?
– Турмуштагы кыйынчылыктарды эч кимге айтпай жеңе билген киши – чыныгы эр жигит. Андыктан андай майда-чүйдөлөрдү айтпаганга аракет кылам.
Лунара Бекиева
star@super.kg