Өткөн аптада «Кумтөр» кенин канадалыктар менен тең шериктик негизде иштетүүгө парламенттеги 60 депутат «макул» деген добуштарын беришкен. «Кендеги Кыргызстандын үлүшү 67 пайыздан кем болбошу зарыл. Өкмөт сүйлөшүүлөрдөн андай жыйынтык чыгара албаса, «Кумтөрдүн» келишимдерин жокко чыгарып, кенди улутташтыруу керек» деп айгайлаган айрым эл өкүлдөрүнүн позициясынын өзгөрүп кетүүсүнө эмне себеп болду? Кыргызстандын «Кумтөрдөгү» үлүшүнүн 50 пайыз болушуна макул болгон депутаттар кимдер? Талдап көрөлү.
«АТА МЕКЕН» КАРШЫ ЧЫКТЫ, БИРОК ӨКМӨТТҮ ОТСТАВКАГА КЕТИРГЕН ЖОК
Адегенде «Кумтөр» долбоорунун жаңы келишимине каршы чыккандарга көз салып көрсөк. Мындай пикирдеги депутаттардын саны 35ти түзүп, анын ичинен эң көп «Ата Мекен» партиясынын эл өкүлдөрү болду. Ошондой эле «Ата Журт» жана «Республика» фракцияларынан да айрымдары «Кумтөрдү» канадалыктар менен тең шериктикте иштетүүгө каршылыгын билдиришти.
«Ата Мекен» фракциясынан Жогорку Кеңештин 14 депутаты, «Ата Журттан» 7 жана «Республикадан» 10 эл өкүлү «каршы» деген добуштарын беришти. Белгилей кетүүчү жагдай, соңку эки фракциядан чыгып өзүнчө депутаттык топторго бөлүнүп кеткен эл өкүлдөрү өкмөттү колдоого алышты. «Ата Журт» фракциясынын адатта активдүү, бийликти тынымсыз сындап келе жаткан депутаты Жылдызкан Жолдошева ак-көк дебей, добуш берүүдөн баш тартты. Мамлекет үчүн маанилүү иш каралып жатканда добуш бербей коюу да мамлекеттин кызыкчылыгына каршы добуш берүү менен барабар. «Ата Мекен» фракциясынан чыгып кеткен Равшан Жээнбеков да өкмөттүн сунушуна каршы чыккандардын катарын толуктады.
ӨКМӨТТҮ КИМДЕР КОЛДОДУ?
Өкмөттүн парламентке алып келген макулдашуусуна эң көп «макул» деген добушун бергендер КСДП фракциясынан болушту. Президенттик партиянын ичинен депутат Исмаил Исаков гана каршылыгын билдирди. Андан кийинки колдоочулардын ири тобу «Ар-намыс» фракциясында болушту. Аталган партиянын ичинен Айнуру Алтыбаева менен Дастан Бекешев гана жалпы командалык багытка баш ийбей каршылык билдирип чыгышты. Айтмакчы, Феликс Кулов жетектеген дал ушул фракция «Кумтөр» боюнча буга чейинки талкууларда кенге байланыштуу мурунку келишимдерди жокко чыгарууну жактаган позицияда келе жатышкан. Соңунда добуш берүүдө принципиалдуулуктан тайып кетишти.
КСДП менен «Ар-намыстан» топтолгон добуштар чечүүчү чекке жетмек эмес. Фракциялардан чыгып кетип өзүнчө уюшуп алышкан депутаттык топтордун активдүүлүгү ушундай жагдайда билинди. «Ынтымак», «Реформа үчүн» жана «Өнүгүү» депутаттык топторунун ичинен ошол күнү добуш берүүгө катышкандардын баары өкмөттү колдошту.
«КУМТӨРДӨН» АКЧА ТАЛАП КЫЛГАНДАР 7 ЖЫЛГА КЕСИЛИШТИ
КСДП фракциясынын добуш берүүдөгү ынтымактуулугун түшүнүүгө болот. Бул партия Жогорку Кеңеш шайланып келген күндөн тарта коалициянын өзөгүн түзүп келет. «Ар-намыс» фракциясынын «Кумтөргө» байланыштуу позициясын өзгөртүп жиберүүсүн «Феликс Кулов премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен ич ара соодалашты» деп сыпатташууда. Ал эми депутаттык топтордун мүчөлөрү менен калган фракциялардын ичинен макулдугун берген эл өкүлдөрүнө карата «артында калбыры бар, аларга каршы кылмыш иштери козголуу коркунучу күчтүү же чоң бизнесин коргоо үчүн бийликтен көз каранды болуп, ушундай кадамга барууга аргасыз болушту» деген пикирлер арбын.
Бул аралыкта «Кумтөр» компаниясынын өкүлдөрүнөн 3 миллион доллар талап кылган Бахтияр Курманов менен Эрмек Жунушбаев 7 жылга эркинен ажыратылды.
Маалымат үчүн: «Кумтөр» долбоорун кайра түзүмдөштүрүүнүн шарттары жазылган жаңы макулдашууга ылайык, кенди иштетүү боюнча 50/50 пайыз катышындагы биргелешкен ишкана түзүлөт. Жана 2026-жылдан кийин 17 пайыздык үлүштү коммерциялык баа менен Кыргызстандын сатып алуусу каралган. Бирок документте кенен түшүндүрмөсү камтылбай кеткен дагы көп жагдайлар бар экендигин 6-февраль күнкү сессияда депутат Өмүрбек Текебаев айткан.
Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg