«Ар-намыс» фракциясынын лидери Феликс Кулов менен Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы болуп турган Эрлан Сапарбаевдин кайым айтышуусу 7-февраль күнү Сапарбаевдин кызматтан кетиши менен аяктады. «Сапарбаевге бул тармактагы коррупцияны жоюуга мүмкүнчүлүк берилген, бирок аны ал пайдалана албады. Фракция тарабынан коюлган милдеттерди да аткарган жок»,- деген болчу Ф.Кулов.
Мамлекеттик каттоо кызматынын экс-башчысы лидер менен болгон пикир келишпестиктерге токтолуп, анын баары Ф.Куловдун паспортторду даярдоо боюнча ишти «Интел-Линкс» компаниясына өткөрүп берүүгө мажбурлоосунан улам келип чыкканын айткан. «Мен мамлекеттик документтердин жеке ишкананын колуна өтүүсүнө каршы чыгып, макул болгон эмесмин. Паспорт даярдоону чет өлкөлүк компанияга өткөрүп берүү мамлекеттик коопсуздук маселесин жаратпай койбойт»,- деди Сапарбаев. Эки тарап тең бири-бирине чоң айыптарды тагууда. Тиешелүү органдар бул кайым айтышууга көңүл буруп, эгерде айтылган сөздөрдүн үлүшүндө чындык бар болсо, кылмыш иштери деле козголо тургандай мандем бар.
Сапарбаевдин кызматтан кетүүсүн өкмөттүк маалымат кызматы «башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду» деп билдиришти. Бирок кайсы жумушка которулгандыгы айтылган жок. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин бул буйругу да талкуу жаратты. Анткени «Кумтөр» боюнча өкмөттүн жаңы макулдашуусуна каршы чыгып келген «Ар-намыс» фракциясынын депутаттарынын көпчүлүгү 6-февраль күнү өкмөттү колдогон добуштарын беришкен. Ал эми 7- февралда «Ар-намыстын» «ордуңду бошот» деген буйругуна моюн сунбай келе жаткан Сапарбаев өкмөт башчы тарабынан кызматтан алынды. Саясий соодалашуубу? Саясий коррупциябы? Коомчулукта ушундай суроо жоопсуз бойдон калды.
Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg