НАН МЕНЕН ЭТ КЫМБАТТАДЫ...

  • Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев быйылкы кышта ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН колдонуу 15 пайызга өскөнүн айтты.
  • Жогорку Кеңештин депутаттары 10-февралда Кыргызстандын чек арасынан өткөн чет өлкөлөрдүн автоунаалары үчүн 500 СОМДОН акча төлөтүү сунушун айтышты.
  • «Кыргызжолтрансдолбоор» долбоорлоо жана изилдөө институтунун директору Жамшитбек Калилов билдиргендей, өлкөдө ТҮНДҮК-ТҮШТҮК АЛЬТЕРНАТИВДИК жолунун курулушу үстүбүздөгү жылдын март айында башталат.
  • УКМКнын өкүлү Нурлан Жумашевдин айтымында, өткөн жылы 171 МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ кылмыш жазасына тартылган.
  • 2014-жылы Жалал-Абад шаарында бюджеттин эсебинен 60 БАТИРЛҮҮ эки көп кабаттуу үйдүн курулушу башталарын шаардын вице-мэри Тайырбек Чойбеков маалымдады.
  • Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, 2013-жылы Кыргызстандын 44 423 ЖАРАНЫ аты-фамилиясын өзгөрткөн.
  • Январь айында өлкөдө УН, НАН ЖАНА ЭТКЕ болгон баа кымбаттаганын Улуттук статистикалык комитети маалымдады.
  • БШК «Ата Мекен» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан баш тарткан Эркинбек Алымбековдун ордуна УЛАНБЕК НУРКУЛОВДУ каттады.

Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
lady-jemchug
2014-02-17 13:54:30
Аты-жонун озгорткон жарандар айласыздан кылып жатат ошол нерсени.Депортация болуп же кара тизмеге тушуп калып,анан башка жолун издоо менен,аты жонун озгортконго,Москвада иштегенге,жанын багууга мажбур болуп жатат.Бийликтегилерге ушул сандын корсоткучунон деле,эмнеге мындай болуп жатат деген ой келбесе керек.Аларга ашыкча баш оорунун деле кереги жок,ал маселени чече да алышпайт.
+3
nurik..asem
2014-02-17 18:52:31
Мигранттардын жашоосу оор департын айынан аты жонун озгортуп мен Москвада кордум Бир кишинин жалгыз баласы департ болуп чон атасынын атына отуп паспорт алып озунун атасы менен жалгыз уулу Бир тууган болуп калыптыр ата бала тиргиликтин айынан ошол ишке барып атат чёрный список тон чыгып калдым деп паспорт аты жонун алмаштырыштын кереги жок экен компьютерден чыгып калат экен
0
hakker
2014-02-17 21:07:23
Биздин унубуз бийликке жетеби озу.Айкылачы урматтуу Супер--Биздин чондор ушуларды окуйбу.Эли-жерине куйгон патриот адамдар бийликке качан келет экен....
0
men_aman
2014-02-20 19:56:06
Ото Чон суммада Акча берип Чон ишке орношот анан аны актайын деп жешетта байкуштар тушунуп койгула
+1
tynara1983
2014-02-21 15:46:03
элдин акысын жеген арам тамактарга, тамагына таш тыгылсын .
+1
№ 589, 14-февраль-20-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан