АТАМБАЕВДИН СӨЗҮН БУРМАЛАГАН «МОНТАЖЁРЛОРДУН» КӨКСӨГӨНҮ ЭМНЕ?

Президент Алмазбек Атамбаевдин өткөн жылдын жайында Нарынга болгон иш сапарынан сүйлөгөн сөзү монтаждалып, бурмаланган тасма эми дисктерге жаздырылып, таратыла баштаптыр. Ал тасма социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып, карапайым калктын мындай терс аракеттерге тез ишенип, ынанып калуусу «монтажёрлорго» майдай жагууда. Эскерте кетсек, президент төмөнкүчө айткан: «Мына, нарындыктар, малчысыңар. Мына, кой сарай, 20 жыл тазаланбаса, анын кыгын бир күндө тазаласа болобу? Билесиңер, таш болуп калат». Монтаждалган соң ал «нарындыктар, малсыңар» болуп калган.
Журналист, саясий талдоочу Балбак Түлөбаевдин пикиринде, жаздын асты менен элдин тынчтыгын каалабаган күчтөр ушундай алдоо, арам жолдор менен чатак чыгаргысы келип жатат. «Биз каталарыбызды шайлоо жолу менен келип оңдогонго үйрөнүүбүз керек. Бул видеонун оңдолгонун керек болсо оппозициялык серепчи Шайыр Маматокторов да айтты. Элдин биримдиги, ынтымагы үчүн алдоодон баш тартып, сүйлөшүү, пикир алышуу жолун тандап алуу керек. Болбосо, мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алабыз»,- дейт Балбак мырза.
Ушул сыяктуу «оюндардын» жардамы менен видеону монтаждагандардын элге карата «карапайым кыргыздар баарына ишене берет, байкуштар» дегендей мамилеси байкалып турат.

 

Ширин Турдакунова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (62)
Taifun
2014-02-18 20:57:52
Karlik saga joop tabalbai jurso kerek.
+3
spain
2014-02-19 05:06:52
Taifun, Tura erten Karliktiki boiun4a da al men bargan emesmin menin dvoinigim bargan dep bironu karmap 4ygyp korsotso tan kalbaw kerek
+1
mega777
2014-02-18 21:26:40
Монтаж десе ага да ишенип алгыла эми "байкуштар".Жогоруда жазылып турбайбы.Карапайым кыргыздар баарына ишене берет БАЙКУШТАР деп.Озунорду озунор алдап жашаганды да билбейсинер байкуштар,Атамбаев кыйратып атат,онолобуз алтындарым деп ишенип жашай бергиле да байкуштар.
+3
spain
2014-02-19 05:05:08
Urmattu mekendewter meili anda malsynar degen jeri montajdalyptyr a Manas atabyz olorundo Kanykei enebizge, Talastyktar ele emes dep Tawkentke ka4yryp iyrgen dep aitkany da montajby? birin4iden Manas atabyz antip e4 ka4an aitpak emes, ekin4iden Tawkentke emes Bukaraga ketet Kanykei apabyz.bilip bilbei ele eldin astyna 4ygyp tantyi beriw kerek emes da. eger uwunun baryn ugup turup AWAnyn sozun suilovatkandar bolso anda nakta malsynar siler juro bergile malga okwop AWA onukturdu kyrgyzstandy dep
+3
lusi2013
2014-02-19 14:53:35
spain, чыпчын айтасын
+1
TolonturCN
2014-02-19 14:47:26
Атамбаевди жаман көрсөткүсү келген көп эле видеолор, макалалар жайылып жүрөт, мындай начар жоруктар жарабайт го, сизде чукуламайдан башка жакшы жактарын көрүү да болсун да.
-2
lusi2013
2014-02-19 14:52:15
Мына,нарындыктар малчысынар дебейле койбойбу анан,
+1
aikera1992
2014-02-19 15:10:00
Президент антип эч качан айткан эмес,айтпайт дагы.Мындай созду ар бир КЫРГЫЗ айтпайт.Анткени биз кыргызбыз.Майда-чуйдо нерсеге башыбызды да ооруткубуз келбейт,ишенебиз.Туурабы КЫРГЫЗДАР?
-2
aikera1992
2014-02-19 15:16:58
karlik ар бир созду чукуп отура берген болбойт.Билсениз создон ишке откон жакшы...Таластыксынбы-чылымчыбы же Нарын-малчыбы айырмасы жок.Кудайым берген нерсе м.н жан багып жатат.Мен Нарындыкмын,ООба МАЛчымын...
-1
USAROV
2014-02-19 17:07:05
Президент андай мындай деп жамандоодон эмне пайда? Падышалака кудай оз суйгон адамын койот дейт. Бизге ал нерсе буюрбагандан кийин эмне кылабыз жамандап. Кудайым деле айтат: ким, мен пендеме берген кызматты, жакшылыкты коро албаса ал менин алдымда таза инсан эмес деп. Башка президенттерибизге караганда кичине болсо да жакшы иштеп жатканын моюнубузга алышыбыз керек. Кемчиликтер деле бар. Коч бара бара онолот деген биздин ата бабалар.
-2
Mika8330
2014-02-19 23:57:24
Талас сага жер болбойт,Таластыктар эл болбойт,кыргыздын душманы кыргыз деп эле айттыго анан каяктагы монтажды айтып жатышат.Нарындыктар койсунар деп айтты эми кайсы мамлекеттин президенти оз элин ушинтип айтат?Президент айта турган созбу ушу?
+1
Mika8330
2014-02-20 00:01:31
Анан дагы Кыргызстан онолбой жатат деп жазсан эле saysat дегенге окшогондор ой Акаев менен Бакиев кылды деп куйгузот адамды.алар кетти жооок.
+1
aigera454500
2014-02-21 10:05:39
Азыркы бийлик кетип калса анан баштайт булар жамандап,ага чейин макташат кеткенден кийин жамандашат качанга чейин озубузду алдайбыз? Эмнени жыргатты??? Кайсы ишин баалап атасынар? Эл учун иштейм дегендерди айдап оз чонтогуно иштегенин баалап атасынарбы? Коп иштерди жасады деп? "озу кыла албайт,бироо кылса коро албайт" деген макал бар. Эл учун кызмат кылып баштагандарды кууп оздору отурушатко булар! Эмне кылды озу булар??? Ким дайындуу айта алат? М.Мырзакматов баштаган ЭСТАКАда токтоп калды аны и
+1
Aselina_kg
2014-02-21 13:01:21
Мал деп айткан эмес,бирок суйлогону кыжырды келтирет!Президент деген так-так,талковый суйлочу эле,биздин башчы былжырап,аркайсыны айтат.
+1
Mister.Erik
2014-02-21 13:29:42
Айткан созун Атамбаев мойнуна алган ясный эле корунуп турбайбы же эмне ал жерде болгон элдер да монтаждалып жасалган дегени турасынарбы? эмне учун кайра актап жазып жатасыздар ак иштеп адал мээнет менен элге чындыкты жазып чыгарсаныздар жакшы болмок
+1
Manap_kg
2014-02-23 20:13:15
Нарындыктар малсынар деп айтканын эл угуп отура бериптирби болбогон нерсеге башынарды оорутпагыла
0
Kumpulu
2014-03-01 18:52:51
Ала-Тоо маалымат программасынан "Кыргыздын душманы кыргыз" деген Атамбаевдин сөзүн даана уккам.
0
№ 589, 14-февраль-20-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан