Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 2022-жылкы кышкы Олимпиада оюндарын Алматы шаарында өткөрүү үчүн ат салышарын билдирди. «Олимпиаданы өткөрүү укугун утуп алууга үмүттөнүп жатабыз, ал үчүн бизге көп комплекстерди куруу зарылдыгы жок, Алматы мындай ири оюндарды өткөрүүгө жарым-жартылай даяр»,- деп билдирди казак президенти. Бул оюндарды өткөрүү үчүн расмий билдирүүлөр 2013-жылдын башынан 14-ноябрга чейин кабыл алынган. Анда алгачкылардан болуп Казакстан билдирүү тапшырган. 24-кышкы Олимпиада оюндары кайсы шаарда өткөрүлөрү 2015-жылдын июль-август айларында белгилүү болот.
Ширин Турдакунова
politika@super.kg