Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Кыргызстандын аймагына таркатылган басылмалардын нускасы боюнча жүргүзгөн анализи менен «Супер-Инфо» гезити 2013-жылдын алдыңкы 25 гезитинин 1-катарына чыкты. Өлкөнүн көпчүлүк гезиттери басылып чыгуучу «Учкун», «ММКларды колдоо борбору» жана «Рубикон» басмаканаларынын маалыматына ылайык, 200дөн ашуун басылмалар нускасы боюнча изилденип чыккан. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги «Супер-Инфо» гезитинин өлкөнүн кыргыз тилдүү жана көңүл ачуучу гезиттеринин арасында да биринчи орунду ээлегенин белгиледи. Кошумчалай кетсек, 2013-жылдын аягында «Супер-Инфо» гезити нускасын 120 миңден ашыруу менен өз рекордун жаңылаган.
Ширин Турдакунова
politika@super.kg