Жогорку Кеңештин депутаттары Игорь Гусаров менен Замир Бекбоев казинолорду иштетүү ишмердүүлүгүнө кайрадан уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоорду иштеп чыгышып, экөө документтин колдоо табуусу үчүн кара жанын карч уруп жатышат. 11-февраль күнү комитеттин кароосунда И.Гусаров: «Кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнө тыюу салуудан бюджет 550 миллион сом жоготту. Жаңы мыйзам долбоорунда казинолорду катаал тартипке келтирүү сунушталууда. Алардын үлүшүнүн 51 пайызы мамлекетке караштуу болот. Мыйзам долбоорунун кабыл алынуусу казынага миллиард сомго чукул каражат алып келет»,- деди.
Коомчулуктун бир бөлүгүн түзгөн super.kg порталынын колдонуучулары бул маселе боюнча жүргүзүлгөн сурамжылоого катышып, анда «Казинолордун кайрадан ишке кирүүсүнө уруксат берилбеши керек» деген жооп басымдуулук кылган.
Ширин Турдакунова
politika@super.kg