Эркинбек Алымбеков, ЖКнын экс-депутаты:«ЭЛИНЕ КЫЯНАТТЫК КЫЛГАН ПАРЛАМЕНТТЕ ДЕПУТАТ БОЛО АЛБАЙМ»

Биринчи болуп Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан баш тарткан Эркинбек Алымбековду кепке тарттык. Эмне үчүн мандатын тапшырды? Мындан кийинки кадамдары кандай болот?

– Эркинбек Жумабаевич, Жогорку Кеңештин бул чакырылыштагы депутаттарынын ичинен мамлекет үчүн маанилүү иштен улам мандатынан баш тарткан эл өкүлү болдуңуз. Карапайым калкка түшүнүктүү болуусу үчүн мындай кадамга барууңуздун эң башкы себептери эмне болду, айтып берсеңиз?
– Эң негизги себеп, өкмөт, парламент, президенттин (көмүскө түрүндө) эгемендүү укуктарынан түшүнүксүз себептер менен ыктыярдуу баш тартып, чет элдик компаниянын кызыкчылыгын колдогон келишимди кабыл алганы болду. Жогорку Кеңеш өкмөт сунуштаган «Кумтөр» долбоору боюнча 50 пайыздык үлүштөн турган келишимин бекиткени кыргыз парламентинин өз элине кылган кыянаттыгы деп эсептейм. Мен бул чечимди кабыл алууга каршы болуп, колумдан келишинче күрөштүм, тилекке каршы, күчүм жетпеди. Эми мен каршы болдум эле, баары бир өтүп кетпедиби деп өзүмдү сооротуп, мындан ары депутат болуп жүрө албайм. Өз элине кыянаттык кылган парламентте депутат боло албайм деп чечтим.
Жалпы окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн жөнөкөй тил менен чечмелеп берейин. 2007-жылы «Кумтөр» Кыргызстанга 67 пайыздык, «Камекого» 33 пайыздык үлүштө бөлүнүп, башкаруусу Кыргызстанга өтмөк. Башкаруу Кыргызстанга өтсө миллиарддаган долларларды «мыйзамдуу уурдоо» механизмдери жок болуп кетерин билип, канадалыктар Танаевдин өкмөтүн сатып алып, 350 тонна алтынын уурдап, биздин үлүштү 67ден 33 пайызга түшүрүшкөн.
«Центерра» 2003-2013-жылдардын аралыгында «капиталдык салымдар жана геологиялык чалгындоо» деген пункт менен 1 миллиард 400 миллион долларын «жууп», алып чыгып кетишкен. Экология боюнча 16 жылда (1996-2011-жылдар) мамлекеттик комиссиянын отчётунда 5 миллиард долларлык зыян келтирилгендиги жазылган.
Эми ошондой оркойгон мыйзам бузуулар турса, «биз эч нерсе кыла албайбыз, өзүбүз кол коюптурбуз, өзүбүз күнөөлүүбүз» дешүүдө. Эгемен мамлекет катары өзүнүн мыйзамдарын танып, өзүнүн сот, прокуратура жана мамлекеттик органдардын укуктарын колдонбой, рейдерлердин кызыкчылыктарын колдоп турганы элге карата чыккынчылык эмей эмнени көргөзөт?
Акаевдин, Бакиевдин бийлигин эл коррупциялык деп, Кыргызстандын мыйзамдарын тебелеткени үчүн кулатты. Алардын бир тараптуу кабыл алган келишимдерин (2003 жана 2009-жылдагы) коррупциялык негиздер менен жокко чыгарып, азыр биздин юридикалык жак катары каттоодогу жана жоопкерчиликте бүгүнкү күндө иштеп жаткан «Кумтөр голд компани», «Кумтөр оперейтинг компани» ишканаларынын мойнуна 5 миллиард долларды илип койбойбу? Ага нааразы болгон эл аралык субъект болсо, экологияга келтирилген зыяндарды ээрчитип барып көргөзүп, мындай мыйзам бузуулар Канадада дагы же мыйзам иштеген кайсы өлкөдө болбосун деле, компанияга чоң айып пул каралып, ал эми менеджерлер камаларын баса белгилеш керек эле.

– Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев парламенттин талкуусунда «Кумтөрдүн» адвокаты эмесмин» деп кайталап жатты. Сиз анын айтып чыккан кайсы сөздөрүнө кошулбайсыз?
– Сатыбалдиевдин калптары – бир жылдан бери айтылган фактылар менен чараларды колдонуу аркылуу үзүрлүү жыйынтык алып келгендин ордуна «Башкы прокуратура далилдесе, анан карап көрөбүз, азыр 50/50 пайыздык үлүштөн турган келишим менен жаңы ишкана түзө берели» дегени. Аны шылуундардын кыргыз элинин алдындагы жоопкерчилигинен андан ары дагы куткарып кетүүгө карата аракети деп түшүнсөк болот. Сатыбалдиевдин дагы бир калпы «жаңы түзүлө турган ишкана кыргыз мыйзамдары менен иштейт, көзөмөлдөө механизмдери пайда болот» дегенинде. Бүгүн деле кенди иштетип жаткан «Кумтөр голд компани» менен «Кумтөр оперейтинг компани» биздин юридикалык мыйзамдардын чегинде иштейт. А «Центерра» азыр кандай Канадада болсо, ишкана түзүлгөндөн кийин дагы ал жакта кала берет. Ошентсе да тарыхый адилеттүүлүк баары бир калыптандырыларына бекем ишенем. «67 пайыздык үлүштү алып келген жаран болсо, ордумду бошотом» деп жарыялап, эми «Кумтөрдөн» сырткары оркойгон кыңыр иштери чыгып жатса да кетпей тырмышып отурат. Мындай жоруктары менен бул киши элди мал катары санап, канадалык аферисттерден үйрөнгөн ыкмасына, кара өзгөйлүккө салып, бул макулуктарды алдай берсем болот деген деп түшүнсөк болот.

– Мандаттан баш тартууңузду жактаган комментарийлер социалдык тармактарда көп жазылды. Парламентте кадамыңызды ээрчигиси келген депутаттар болдубу?
– Депутаттардын баасын жана кадамдарын мен этикалык негиздер үчүн баалабай эле коёюн, ага сиздер жана эл тараза.

– Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевден тышкары спикер Асылбек Жээнбеков менен болгон мамилеңиздин курчуп кетүүсүнө эмне себеп болгон?
– Жээнбеков жана Сатыбалдиев менен мамиленин курчуганы өйдөдө айтылган негиздерден келип чыгат. «Кумтөргө» чейин деле креслосуна жармашып, көрүнгөнгө жалтактап карап, парламенттин беделин түшүргөн, а «Кумтөр» боюнча Сатыбалдиевдин 50/50 пайыздык үлүштөн турган кыянат келишимин ишке ашырууга далбастап аракет кылганы үчүн Жээнбековдун тарыхый жана юридикалык жоопкерчилиги али алдыда. Сатыбалдиевге «Кумтөргө» байланыштуу дооматтардан тышкары башка кыңыр иштерине кылмыш иштери ачылып кетпесин деп, өкмөттү марионеттик өкмөткө айлантып бергени анын авторитаризмди кайтарууга президентке жол ачып бергени болуп саналат. Сатыбалдиевдин бардык кыңыр, кыянат иштери боюнча тарыхый, саясий жана кылмыш-жаза жоопкерчилиги али алдыда.

– Өкмөткө болгон каршылыгыңызды бир тууганыңыз Акылбек Жумабаевдин Жарандык авиация агенттигинин директорлугунан бошотулушуна байланыштуу деп сындап жүргөндөр көп. Сиздин буга оюңуз?..
– Сатыбалдиев «Кумтөр» боюнча жогоруда айткан негиздерге жооп таппай тайсалдап, иниме байланыштырып, болгон каралоосу ошол болду. Аларды кайталоонун кажети жок деп эсептейм. Өтө кызыккан ушакчы менен сокурларды бул айтканым кубандырып жана тынчтандыра турган болсо, алар үчүн айтып коёюн, инимди жумуштан алып салганы үчүн таарынып, мен депутаттык мандатымды таштадым.

– «Кумтөр» боюнча мындан кийинки кадамдарыңыз кандай болот? Саруулуктар менен митингге чыгышыңыз мүмкүнбү?
– Эч кандай нааразычылык акцияларына катышып, чакырып жана башка иштерге барбайм. Саруулук туугандарга буга чейин кайрылгам, азыр дагы айтам, бардык иштер мыйзам чегинде болсун, жол бууп, барымтага алуу, объектилерди басып алууга барбоо керек. Азыркы пландарда мамлекетибиздин эгемендүүлүгүн бекемдөө, бийлик системинин эффективдүүлүгүн жогорулатуунун конкреттүү чараларын иштеп чыгуу, Кыргызстандын накта мекенчилдери менен иш-чараларды турмушка ашыруу биринчи орунда турат.

– Партиядан чыгуу ыктымалдыгын айтып өтүпсүз. Бул чынбы?
– Партиядан чыга коёюн деген ой-пикирим жок. Бирок коомду бириктирип, элибиздин, мамлекетибиздин алдындагы масштабдуу маселелерди ишке ашыруу боюнча менин көз караштарым, принциптерим партия менен дал келишпей калса, ошондо кандайдыр бир чечимге келишим мүмкүн.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
altun.kairat
2014-02-17 12:44:08
Азаматсыз айткан создорунуз жуйоолуу, чынчыл чыныгы эл адамы
+3
aziz1990
2014-02-17 13:41:11
Кийинки шайлоодо ата мекен утат болушу керек Эми Эркинбек мырза сиз менен Жанторонун айырмасы сиз созуно турган ЭРКЕК экенсиз
+3
uluk1982
2014-02-17 14:25:29
Эн туура кылгансыз! Ата-Мекенден да чыгып кетиниз!!!
+1
saysat
2014-02-17 14:46:08
Жанторо Азамат киши. Ал эл учун тынбай жакшы иштеди. эл Жанторону колдойт. Жанторонун креслосун талашкандар атайын кылып жатышат. бирок, Жанторо акыйкат сиз тарапта алга!
-7
kombat
2014-02-17 15:57:42
saysat, Жанторо эмне кылып берди,1 жыл аралыгында кумторду чечип койдубу?Же жеке озунорго бизнес ачып бердиби?
+3
kombat
2014-02-17 15:59:20
Окмот эми озу эле уялып кетип калса болот эле,кой иштениз десе да болбой ха ха ха ха!!!
+2
nurik..asem
2014-02-17 18:37:30
Азыркы президент менен премьер министр креслосунда дагы 5-жыл отурса Кыргызстанды туготот
+1
Munarbek1011
2014-02-17 23:04:25
чыныгы эл адамы
0
kapo1
2014-02-18 09:17:57
жеп тытып жок кылгыла
+1
Ula672112
2014-02-19 09:09:31
Туура кылгансын братан,! Эркектин иши бул!
0
Manap_kg
2014-02-22 22:06:08
депутаттардын арасында да созуно турган эркек бар экен тобоо???
0
gulperi.kg
2014-02-23 20:27:41
Агабыз молодец!бирок элди алдаган эргулдар аларды кудай жазаласын эч кандай митинг жок эле тынч эле жашайлы эл тынч жашоону каалайт ач калышса да
0
Sherkul
2014-02-25 14:14:02
Бул саясатчыларга ишенбей эле коюш керек
0
№ 589, 14-февраль-20-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан