«2013-жылдын супер дебюту» наамынын ээси Жоодарбешим мындан ары продюсери Каниет Жыргалбеков менен иштешпей калганын айтат. Мунун себеби ортодогу пикир келишпестиктерден улам болгон экен. Ырчы Жоодарбешим «Биз урушуп-талашпай эле, ортодо макулдашып ушундай чечимге келдик. Каниеттин мага кылган жакшылыктарын унутпайм» десе, Каниет мырза да Жоодарбешимге ийгилик каалаарын, бирок ичкен кудугуна түкүрбөшүн эскерте кетти.