Ырчы бул өнөргө чыгармачыл агасы Ильяз Абдыразаков менен чогуу иштеп жүргөн кезден тартып кызыга баштаган. Эми минтип аранжировка жасоону мыкты деңгээлде үйрөнүп, жаңы кесипти билек түрө аркалаганы турат. «Мындан кийин өзүмдүн ырларыма да, андан сырткары башка ырчыларга да аранжировка жасап берем»,- дейт ырчы мырза.