19-февраль күнү стилист Замира Молдошева жана ал уюштурган «ПроFashion» сынагынын жеңүүчүлөрү Салтанат Мамытова командасы менен Милан шаарында өтө турган дүйнөлүк мода жумалыгына сапар алышмакчы. Бул ирет биздин дизайнерлер көрүүчү катары гана барышарын, ошондой эле дүйнөлүк атакты багындырган «Кавалли», «Армани», «Луи Виттон» сыяктуу бренддердин иштөө ыкмалары менен кеңири таанышып келишерин Замира айым билдирди. Уздарыбыздын дүйнө чеберлери менен болгон тажрыйба алмашуулары кыргыз модасына өз салымын кошот деген ойдобуз.