ЫЛАЙ СУУДАН ТЫЙЫН ТАПКАНДАР

Эшикте кычыраган кыштын чилдеси сөөктөн өтүп турган чак. Мындайда кээ бири ысык чайдан ууртап, жылуу-жумшак сыналгы көрүп отурса, айрымдар суукта суу кечип, оор жүк көтөрүп акча табышууда. Бул сапарыбызды Бишкек Жылуулук электр борбору (ТЭЦ) бөлүп чыгарган көмүрдүн калдыктары төгүлүүчү жайга багыттадык.

КҮЙБӨЙ КАЛГАН КӨМҮРЛӨРДҮ АГЫЗЫП ЖИБЕРИШЕТ
Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылында бир нече карьер бар. Алар Бишкек Жылуулук электр борборунун тушунда жайгашкан. Бир нече чакырым аралыктан жер асты менен 4 жоон түтүк карьерге келип туташып турат. Жылуулук электр борборунда жагылган көмүрдүн күлү ушул түтүктөр аркылуу карьерге төгүлөт.
ЖЭБ жараксыз деп суу менен агызып чыгарган аралашманы тытмалап жүргөн 100гө жакын адамдын жанынан кызыкпай өтүп кетүүгө мүмкүн эмес. Ал жактан ондогон жүк ташуучу унааларды, араба сүйрөп, тырмоок көтөргөн кишилерди, мүшөктүн оозун ачып арабанын артынан ээрчиген аялдарды, резина өтүктөрдү жоон санына жеткире кийген күрөкчөн адамдарды көрүүгө болот. Баарынын башкы максаты – суу менен агып түшкөн күлдүн арасынан күйбөй калган көмүрлөрдү тырмалап чогултуп алуу.

КӨМҮРДҮН КАЛДЫКТАРЫН ИРГЕП АЛЫШАТ
Таңдан кечке чейин ушул аймакты байырлап жүздөгөн адамдар тиричилик кылат. Эртең менен эрте келишип, тизеге чейин суу кечишип, тырмооктун башына чоң тор байлап, күйбөй калган көмүрлөрдү иргеп алышат. Ал эми тайызыраак жерге баргандар суунун ичиндеги аралашманы төрт бурчтук тор менен сузуп алып сууга чайкашат. Натыйжада күл сууга жуулуп агып кетип, күйбөй калган көмүрдүн калдыктары тор тосмонун ичинде калат. Муну менен эле бүтүп калбайт. Алынган калдыкты кургак жерге төгүп алып, арасындагы ташты кол кап кийип терип чыгуу керек. Тырмоок менен чогултканын кошуп, көмүрлөрдү каптарга салышат.
Бир күндө бир адам үчтөн сегиз мүшөккө чейин көмүр калдыгын чогулта алат. «Кара-Кече», «Таш-Көмүр», «Миң-Куш», «Шабыркүл» көмүрлөрүнүн 1 кабы базарда 250-300 сом болсо, бул жакта чогулган көмүрдүн бир кабынын баасы 80-100 сом турат. Көмүр чогултуп саткандардан мурун көмүрдүн сапаты кандай экенин билүү үчүн такси айдатып келип кырда турган кардарды кепке тарттык.

«БАШКА ЖАКТАН КӨМҮР АЛБАЙБЫЗ»
Чынара Кудайбердиева көптөн бери кыш мезгили келгенде ушул жайдан көмүр чогултуп саткандардын туруктуу кардары. «Баасы арзан нерсенин сөзсүз түрдө сапаты ишеничсиз болот эмеспи, бирок бул жактын көмүрү андай эмес, табы ысык жана жакшы күйөт» дейт ЧЫНАРА айым
.
– Бул жакка келип, тандап алып кетсе болот. Майда көрүнүп жана биринчи алган кардарга бир аз ишеничсизирээк болушу мүмкүн. Үйүңүзгө алып барып, мешке ным боюнча салып койсоңуз, заматта үй ичин жылытып чыгат. Баасы да биздей үй-бүлөлөргө ылайыктуу. Жалаң электр энергиясы менен да үй жылыта албайсың, акчасы асманга чыгып кетет дегендей. 2-3 жылдан бери эле башка жактын көмүрүн алып жагууну унутканбыз. Сатуучу жок жерден пайда табат. Аларман капчыгына жараша арзан көмүр алат. Бирок бул жерде көмүр чогулткандардын ден соолугу эмне болуп жатты экен? Кырда карап туруп эле биз чыйрыгып жатабыз. А булар болсо резина өтүк менен суу кечип иштеп жүрүшөт.

«ҮЙГӨ МУЗ БОЛУП БАРАБЫЗ»
Кургак жумуш болсо бир жөн, чыдаса болот. Ал эми ушундай суукта суу кечип жүргөн жумушчулар үчүн көмүр калдыктарын чогултуу канча оорчулукка турарын билүү үчүн жумушчуларды аралай бастык. Дээрлик баары сүрөткө түшүүдөн, жумушу тууралуу кеп куруп берүүдөн качышты. «Жыргаганыбыздан ушинтип күл тытмалап, суу кечип жүрүптүрбүзбү?! Айткан менен мамлекет качан бизге боору ооруп, жардам берет болду экен деген нерсе азыркы заманда жаш баланын үмүтү болуп калды. Эптеп ден соолугубуз бузулса да минтип балдарды багуунун жолун таап жатабыз» дешет бир ооздон. Атын айткысы келбеген, 60ка таяп калган адам ошол жердегилердин баарын күлкүгө бөлөп, тамаша аралаш кеп ыргытып, шатыра-шатман иштейт экен. Тамаша-чыны аралаш кеп куруп берди:
– Бир аз үшүп калсаң эле «ичики-ий, тоңуп калдым» дейсиң го. Аны тоңду деп айтпайт, мына ушул жерде иштегендерди тоңду десе болот. Биз үйгө кадимкидей эле муз болуп барабыз. Себеби кечке иштеп жүрүп кийимдин баары суу болот. Андан кийин этек-жеңибиз тоңуп, муз тура баштайт. Бул жердегилердин улуусу эле мен. Менин го төрүмөн көрүм жакын калды. Бул жерде кырчындай 18-30 жаштардагы жапжаш жигиттер иштешет. Алар келечекте ата болушу керек, артында тукум калтырыш керек. Билбейм эми, күнүмдүк тиричилик деп эле колго тийген ишти кылып жатышат. Алардын келечегин ойлогон бир жан жок.

«ДЕН СООЛУК ДЕП ЖАТА БЕРСЕК, БИЗГЕ КИМ ТЫЙЫН БЕРЕТ?»
БЕЛЕК мырза 15 жылдан бери ушул жерден акча таап тиричилигин өткөрүп келет. 50 жашка таяп калган адам бул жерде тартынуунун кажети жоктугун айтып, өз маңдай тери менен нан таап жеп жаткандыгын белгилейт.
– «Алма, быш, оозума түш» деп жата бергендин пайдасы жок. Ким биздин табагыбызга аш салып бермек эле? Мен бул жерде 15 жылдан бери көмүрдүн калдыктарын чогултуп иштейм. Эч кимдин мүлкүн уурдаган жокмун, бирөөлөргө окшоп жең ичинен акча берип же алган жокмун. Жараксыз деп табылган агындыдан деле минтип тыйын таап жашап келебиз. Албетте, ден соолугубуз талкаланып жатат. Эгер үй-бүлө башчысы катары киреше таап келбесек, кантип турмуш болот?

«КЕРЕК БОЛСО БИЗ МАМЛЕКЕТКЕ ПАЙДА АЛЫП КЕЛИП ЖАТАБЫЗ»
Кийинки каарманыбыз КУБАН мырзанын мектеп жашындагы 5 баласы бар. 37 жаштагы бул мырза бир нече жылдан бери ушул жерде тыйын таап жатканын айтып, ал тургай бул жерде иштегендер, тескерисинче, мамлекетке пайда алып келип жатканынан кеп салып берди.
– Жубайым эч жерде иштебейт, балдар менен үйдө. Кечке жүрүп бир күндө 6-8 кап көмүр чогултам. Кээде ага деле жетпей калат. Эптеп эле капты толтуруп сатып ийгендер да бар, бирок көптөн бери иштегендер абийирине карап, арасындагы таштарды бирден терип тазалап чыгышат. Менде бир баса белгилей кетчү нерсе бар. Билесизби, биз мындай иш-аракет менен, тескерисинче, мамлекетке пайда алып келип жатабыз. Мисалы, ошол эле ЖЭБ калдыкка толуп кеткен карьерди бошотуу үчүн бир нече жүк ташуучу унаа менен аны ташып, күйүүчү май коротуп, шлакоблок чыгаруучу ишканаларга өткөрүп берет. Улам кийинки карьерге суунун агымын коё берген менен алар деле толот да. Биз андай зыянга жеткирбей калдыктарды ташып алып жатабыз. Бул көмүрдү жакканда бир аз жагымсыз жыт чыгат, себеби курамында мазут бар. Дайыма алып жүргөндөр ага көнүп деле калышат.
Март айында ЖЭБ ишин токтотсо, бул жумуш да бүтөт. Жумушсуздуктун айынан минтип суукка карабай суу кечип иштеп жүргөн замандаштарыбызды карап туруп аяп кетет экенсиң. Кычыраган кыштын сөөк какшаткан суугунда суу кечип иштеп жүргөндөргө бекем ден соолук тилегенден башка кеп айта албай кайтып келдик.

Эртеден кечке чейин резина өтүк менен суу кечип, көмүрдүн калдыктарын чогултушат. Арасында аялдар да бар.

Ылай суудан тор тосмо менен «кара алтынды» чайкап алышат.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ылай суудан нанга тыйын тапкандар
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (34)
mirbakg
2014-02-18 10:53:11
Эми Эртен жеп жутардын бироосу Бул жерди озуно откоруп албаса болду акчасын эсептеп Чыгып ! Кантседа тапканыныздар Жакшылыктарга жумшалсын !!
0
bsema
2014-02-18 11:41:39
шордуу Кыргызым.
0
Paiaz
2014-02-18 12:36:57
биздин Кыргыздар кантип ушундай жаман турмуштан айыгат экен аа биздин жогорудагы пул жегичтер ушул окшогон карапайым элди карабай качан болсо ушакташып бири-бир чукуп олтурат
0
admin_media
2014-02-18 12:49:33
Ayday2,
Сиздин билдирүүңүз ордунда турат медиа-порталда http://www.super.kg/media/stv/111303/
Билип-билбей сын-пикир жазуудан алыс болуңуз! 3 күн банга!
0
Nurzada88
2014-02-18 19:48:20
Биздин аткаминерлерибиз хан сарайларды салгандын ордуна, кичи ишканаларды ачса жумушсуздук жоюлат беле? Кыргыз элимдин жашоосу онолуп , башка элдерге окшоп жакшы жашайт беле? Ойлонгула жетекчилер!
0
moskva
2014-02-19 09:46:42
Кудайым ден соолук бер!ыйман бер деп тилеймин!!Аман болунуздар!
0
ernis_07
2014-02-19 11:51:22
ушул бетти окуйт бекен бизидин чондор жана биз эртен алланын алдында жооп берээрибизди унутпайлы туугандар
0
legenda23
2014-02-20 06:19:52
бийликтегилер оздорун ойлогон учун айла жок барып жатышатда бирок алар мындайды корбойт корсода корбомуш болот
0
Juliana
2014-02-20 07:31:44
Indiyada ushintip ishteshet, birok alar lyuktardan botkolordu chogultup, satyshat. Antkeni anyn arasynda altyndyn kaldyktary bar bolot eken. Bizde da komurdu chogultkanyn bilbeptirmin.
0
aika22_22
2014-02-20 12:56:05
Кудай куч кубат берсин....
0
bekbolot-NOOKAT
2014-02-21 11:03:09
Ото окунучтуу((
-1
kutordo
2014-02-22 15:04:42
0
kutordo
2014-02-22 14:53:13
Бул койгойлуу жашоодон тегиз чыгып кетууго жол бар, бирок бул койгойдон чыгып кетчуу жолду, элдин ыплас, чан баскан ан - сезими шыр эле кабыл ала койбойт. Ал учун эл башындагылар кабыл алышып мына ошол туура нуктагы багытты пайдаланып элдин акыр- чикир толгон акыл - эсин тазалап жаны жолдогу ан - сезимди бергенде эл чыгып кетет баардык койгойдон
0
rukopaWnik
2014-02-23 09:14:20
Боор ооруткудай жумуш го.Эмнеси болсо да бешене тери менен тапкан акча,бир гана денсоолук узун омур каалайм.Чондорго айта турган создорду,айтканга да ооз барбайт!
0
kolya121212
2014-02-23 22:21:42
Иий байкуштар. Аманчылык тилейм. Бул оор жумушунар убактылуу болушуна тилектешмин.
0
muratva.91
2014-04-11 04:46:55
hotia by bir zavot kuruwsa koop elder jumuw m.n bolot ele..bizden koptogon nerseler chygat emespi(((owolordu oilonuwtursa bolmok elge paida i mamleketivizge da paida bolot ele(((den sooluk bersin uwul bir tuugandaryvyzga
0
№ 589, 14-февраль-20-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан