«МИЛЛИОНЕРМИН, БИРОК БАКТЫСЫЗМЫН»

«БАКТЫМДЫН БАРКЫН БИЛБЕПТИРМИН»
– Өзүм жөнөкөй болгонум менен, ичимде өжөрлүк, тайманбастык күчтүү эле. Дал ошол мүнөзүмдүн айынан турмушумда жетпей калган максатым болгон жок. Кызматымдан бир тепкичтен бирине өйдөлөп отурдум, үй-бүлө күттүм, бала-чакалуу да болдум. Мамлекеттин эң күчтүү тармагын башкарып калдым. Бизнесим да жакшы жүрүшүп жатты. Чындыгын айтканда, чечилбей турган маселе мен үчүн жок эле, өзүмө болгон ишеничим өтө чоң болгондуктан, бул дүйнөнү толук багындырдым деп ойлогом.
Көрсө, бул жарыкта байлыкка сатып алгыс, бийликтин да алы жеткис баалуулуктар бар экен. Алар – өз каныңдан жаралган балдарың жана үй-бүлөң. Көбүнчөсү булар жаныңда жүргөн учурда кол жеткис экени билинбейт тура. Жашым элүүдөн ашканча жумуш деп жүрүп, аялым менен балдарымды айлап көрбөй калган күндөрүм көп болду. Алар менен чогуу отуруп баарлашуу, эс алуу деген нерсе жокко эсе болчу. Жубайым тектүү жердин кызы, мүнөзү токтоо, акылдуу жан эле, мен баркын билбепмин. Булардын баарын мен жападан жалгыз калганда гана түшүндүм...
Адам баласына телегейи тегиз, бир калыптагы жашоо да жакпайт экен. Кээде туруп баары жайында болсо деле бир нерсе жетишпегендей, жаңы нерсе издеп калчумун. 

«ЖАШООМДУ ТАЛКАЛАГАН СҮЙҮҮ»
– Бир күнү жумушта кофе ичип отуруп сыналгыны жандырдым. Спорт менин эң жакын досум болгондуктан, жаңылыктардан кийин спорт тууралуу берүү көрүп жаткам. Анан эле «көркөм гимнастика боюнча Кыргызстандын жаңы чыгып келе жаткан спорт жылдызы...» деп бир кыз жөнүндө берүү көрсөтүп калышты. Кунт коюп, чалууларга да жооп бербей аягына чейин көрдүм. Чынында, ийгиликтериң сага болгон кызыгууну жаратты. Маалымат катчымды чакырдым да, сен тууралуу болгон маалыматты топтоосун буюрдум. Негизи менде бир ой пайда болсо, аны бат ишке ашырганга көнүп калгам. Ошондуктан эртеси эле баалуу белек алдырып, сени куттуктап коюуну шылтоо кылып алдыма чакырттым. Бир оокумда эшиктен:
– Уруксатпы, саламатсызбы? Чакыртыпсыз...- деп бир аз иймене кирип келдиң. Көз алдымда бою узун, келбеттүү, каш-кирпиктери кара, жаш кыз турду.
– Саламатчылык, келиңиз, төргө өтүңүз,- деп өйдө тараптан орун көрсөттүм.
Ошол күндөн тарта сени толук өз камкордугума алып, колдой баштадым. Башында мындай жардам кылууну парзым, спортту колдоом деп билсем, бара-бара бул мамиле башка нерсеге айланып кетти. Сенин мүнөзүң, кайратың, айтканыңдан кайтпаган өжөрлүгүңдөн дайыма өзүмдү көрчүмүн. Ошондон уламбы, сага болгон сезимим ойгоно баштады. Көп ойлонбой бир күнү кечки тамакка чакырып, сезимдерим тууралуу айттым. Сен биринчи укканда күлүп жибердиң да, анан бир азга ойлонуп туруп:
– Сиз менден 25 жаш улуусуз да,- дедиң. Мен минтип айтарыңды билгем, бирок кебелбей туруп:
– 25 жаш болгону математикалык эсеп же ошончолук эле картаң көрүнөмбү?- десем, сен мага тигиле көпкө карадың да:
– Чын эле аябай жаш көрүнөсүз,- деп акырын гана шыбырадың. 
Буга чейинки жашоом ак-кара түстөгү кино сыяктуу болсо, ушул жолугушуудан соң менин дүйнөмдө мелодрама башталды. Чет мамлекеттерге жумуш менен барамбы, эс алуугабы, элитанын көңүл ачуучу кечелери болобу, сен дайым жанымда болчусуң. Ал эми аялым тууралуу ойлонуп да койбодум. Сени үй, машина мында турсун, чоң кызматка да орноштурдум. Ошентип экөөбүз жөнүндө маалымат каражаттары ачык эле жаза баштады. Ал тургай аял, бала-чакам да угуп, кыйла ызы-чуу салышты. Бирок баары пайдасыз, анткени сенин боюңда бар эле. Көп өтпөй балканактай уул төрөп бердиң. Сүйүнүчүмдө чек жок. Анан никебизди мыйзамдаштырайын деген максатта жубайымдын макулдугун алуу үчүн аны жолугушууга чакырдым. Ал болсо үн катпай ажырашууга жазылган арызын алдыма таштап кетип калды. Кечинде артынан үйгө барсам, сакчылардан башка эч ким жок. Болгону ал жазып таштап кеткен кат турат.
«Мен сени түшүнөйүн деп канча ирет аракет жасадым. Бирок өмүрүмдүн баарын сага арнап, жыйынтыгы мага ушундай кайгы алып келерин билсем кана?! Калган жашоомду өзүм каалагандай өткөрүүнү чечтим, мени сыйласаң такыр тынчымды алба, акыркы ирет сотто көрүшөлү!»
Окуп алып башыма эч нерсе келбей, турган ордумда каттым.

«ЖАЛГЫЗ КАЛДЫМ»
– Убакыт өтүп, сот да болду. Аялым ажырашуу штампы басылгандан кийин чет өлкөгө биротоло көчүп кетти. Бул ажырашуу мен үчүн аябай оор болду. Кантсе да жаштыгымдын жашыл шиберин бирге баскан эмеспизби, чогуу нечендеген бактылуу күндөрдү баштан кечиргенбиз. Мунун баарын коё берүү мен ойлогондой оңой эмес экен. Көп ойлонгондон улам ден соолугум начарлады. Мен тез-тез ооруган сайын сенин мага болгон мамилең өзгөрөт. Башында жашоомду гүлдөткөн мелодрама аяктап, ашыктык гүлүбүз соолуп баратты.
Адаттагыдай эле жумуштан чарчап келсем, үй кызматкери сенин бүгүн кеч келериңди айтты. «Кызык, эмнеге мага эч нерсе айтпады?» деп ачууланып, дароо сага чалсам телефонуң өчүк. Жан сакчыларыма сенин кайсы жерде экениңди табууларын буюрдум. Алар көпкө күттүргөн жок. Унаама отуруп шуулдап жигиттер берген даректи көздөй айдадым. Ээлеген ордум эчендерди титиретсе, азыр мен өзүм титиреп, жаш баладай сени аңдып турганымды айтпа. Сен шаардагы атактуу мейманканалардын биринен чыктың, жаныңдагы жаш спортчу жигит бетиңден өөп унааңа чейин узатты. Андан да кызыгы, ал жигит экөөбүздүн кичинекей уулубузга куюп койгондой окшош эле...
Оо, Жараткан, бул сенин мага көрсөткөн жазаң. Ушундан көрө өлсөм да арманым жок эле. Ошентип мен жалгыз калдым. Бирок мунун баарына өзүм күнөөлүүмүн.

Асылбек

Барчынай Таникулова
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (113)
bema161194
2014-02-21 09:26:01
bailykka kozu kor bolgon nemeda,aga bul jazaada kem.Adamga oomat,bakyt 1jolu gana kelet,owol 1jolu kel4u jyrgal jawoodo kata4ylyk kylsan oomat,bakyttan airyldyn.
0
Omurzak-17
2014-02-21 11:46:24
Путин Путин ал кыргыздарга окшоп жашыруун жасабай эле ачык эле айтып расмий турдо ажырашып аялы менен жакшынакай эле по закону иштеп атпайбы Путиндин башы иштейт отлична.
0
kutordo
2014-02-22 14:05:58
Биз билбеген жашоонун сырлары терен. Жогорку жазылган окуяга толук кошулам. Биз жашоонун бизге тартуулаган мыйзамын билбей аны буздук пендечилик деп журуп анын да чегине жеттик. Бирок анын артын андабай оз бактыбызды озубуз кесдик. Жашоого сыноону озубуз жараттык себеби жандуйнобуздун тилин билбей, акылдын азгырыгына алданып таалайынан жанылбасын деген сезим тилин азгырыктын кызыкчылыгы менен жаптык.Анын минтип антташкан нике - кайыптагы шертти буздук, анын убалы баарынан улуу экенин билбей
0
kutordo
2014-02-22 14:12:40
калдык.Мунун арты туптолгон Ак - ордобузду ураттык, чер коргонубузду кулаттык. Жашшодогу азгырыкты тыйып анын азгырыгына чалындырбай туруучу улуу эрти капмай албай, айбан болдук. Мына ошонун айынан ыйык болгон ордобуз кыйрап калып жатат. Башынан адам жашоосуна жолуна корсоткон жарыктын жарыгын жаап, оз кызыкчылыгыбыздагы ойлор менен калган артыбыздагы жаштарыбызды да ак жолдон адаштырып келуудобуз. Мындай туура эмес жашоонун аягы минтип сазга эл жашоосун батырды. Эмне учун саз.Ан - сезим оспой
0
kutordo
2014-02-22 14:17:37
багыттын баасын кармоо менен канчалык жетишкенибиз менен бугун чектелип ан - сезимдер осуу эмес ирууго туура келгендиктен эмнеге жашап, кайда баратабыз деген жолдун нугун изденбей, жыргалчылык жанденебиздин кумарлыгы, курсагыбыздын тойгону менен жашоонун арты минтип манкуртчулукка, айбанчылыка ан - сезимибизди алып келди. Эми мындай садан элди алып чыгып таза нуктагы суунун бойуна ким алып келе алат. Миллионер эмес миллиардер бол анын бугун туболук болбогондук кийин ал болгону кагаз. Мына ошол к
0
kutordo
2014-02-22 14:20:33
кулу болгон ан - сезим бугунку кыйроодон алып чыга алабы? Жок ал кайра сормо сазга сордуруп такыр эле чыксыз кылат. Эсибиз барда акылга келеели. туугандар. Жогоркудай окуялар андан жаман окуялар оруу дарт, койгой коштогон терс корунуштор ото кучоп кобойуудо. Мындан чыгууга бир гана жол бар. Кут -Ордого келгиле жаны нуктагы жашоонун багына биригеели.
0
N.Bakazova
2014-02-23 09:26:40
кызык экен
0
KARAGER
2014-02-23 22:20:38
Аялынын балдарынын убалы жеткен экен бу кишиге. Эми башка бироонун баласын бага берсин. Оз балдары болсо ата мээримине зар болуп журот.
0
mr.ulan89
2014-02-23 23:12:06
эх жашоо достор жашоо ушунусу менен кызык да ошончо атак данк байлык бийлик козун май бастырып койгонда
0
mekusha
2014-02-24 03:47:37
ото кайгылуу
0
mani
2014-02-25 17:14:24
биз дагы ушул сыактуу маалыматыбызды кайсыл дареке жоното алабыз жардам бергилечи
0
janabidin
2014-04-01 12:16:30
ото окунучтуу ошол экинчи жубайынызга кетирген акчаны жетим балдар уйуно берсениз сооп болмок
+1
kanyshaikg
2014-11-03 17:35:23
озунузду куноологонунуз туура экен.кээ бирлер аялын куноолойт
0
Rosaika
2014-11-07 04:51:20
Адам баласын кээ бир убакта ушинтип козун май басып калат туура!Кудайым баарын озу таразалап коет да!!
0
chinaltyn
2015-01-24 02:21:22
Путин супер инфого жазганго )))
0
№ 589, 14-февраль-20-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан