14-февраль – Махабат күнүнө карата «Супер-Инфо» гезити жана super.kg порталы жыл сайын сынак өткөрүп элге жылуу маанай тартуулап келишет. Быйыл да бул салтыбызды уланттык.
Порталыбыздагы добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 88 жаштагы Дүйшеке Абышов менен 85 жаштагы байбичеси Какен Абышовалардын сүрөтү менен сүйүү баяны алдыга озуп чыкты. Ысык-Көл облусунун Кашат айылында турушкан карылар, тилекке каршы, редакциябызга келе албай калышты. Бирок, Дүйшөн ата менен телефон аркылуу кыска маек курдук.
– Ата, байбичеңиз менен кантип таанышып калдыңыз эле?
– Какен апаңар экөөбүздүн чогуу жашаганыбызга 67 жылга чукулдап калды. 1947-жылы июль айында баш кошконбуз. Ал кезде согуш жаңы аяктап, жокчулук мезгил өкүм сүрүп турган. Какендин апасы тоок, менин атам кой багып, жакын тааныштардан болуп калышыптыр. Анан ата-энебиз Какен экөөбүздү тааныштырып, апаңарды эшекке өңөрүп алып качып келгем. Үйлөнгөндө мен 20, апаңар 17 жашта болчу.
– Сиздерде да казан-аяк кагышкан күндөр далай эле болсо керек?
– Майда-чүйдө түшүнбөстүктөрдү эске албаганда Какен экөөбүздүн катуу урушканыбыз эсимде жок. Бири-бирибизди аябай жакшы түшүнүшөбүз. Турмуштагы оош-кыйышты биз сүйүүбүз, сыйыбыз менен жеңе алдык деп ойлойм. Экөөбүз 11 баланы чоңойтуп-өстүрдүк. Азыр жетөө аман, биздин кашыбызда. 25 небере, 14 чөбөрөбүз бар. Карылыктын ушул жери абдан жакшы экен, куда-сөөк менен карым-катышта дайыма сыйдын үстүндө жүрөт экенсиң. Азыркы жаштарга да биздикиндей жашты, сыйды, дөөлөттү каалайм.
– Карыганда сүйүү күчөйт дешет, сиздерде кандай?
– Азыр сүйүүбүз жаш кездегиден да күчтүү. Кээде апаңардын көңүлүн көтөрүш үчүн сүйүүмдү арнап, ырдап берсем, кылыктанып калат. Көзүмө азыр деле кыздай көрүнөт, тамашалашып «Үкүбайым, Секетбайым» деп эркелетип калам. Эми Кудай кемпирим менен чогуу алып кетсе экен деп тилеп отурам.
Ал эми сынактын шарты боюнча алдыңкы орундарды ээлеген үч жуп түгөйлөрдү редакциябызга чакырып, оюн-зоок өткөрүп, жеңүүчүлөрдү аныктадык. Бардык катышуучуларга «Зина» кондитердик фабрикасынын торттору жана «Манас» кинотеатрына эки кишилик чакыруу билети тапшырылды. Оюндарда Улан менен келинчеги Динара жеңүүчү деп табылып, «Futuro» ресторанында шам алдында романтикалуу кеч өткөргөнгө мүмкүнчүлүк алышты.
Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
(Айрым сүрөттөр катышуучулардын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg