МЕGACOM'дон «МЕГА ЫЛДАМДЫК!»

MegaCom уюлдук оператору байланыш сапатын жакшыртууга тынымсыз күч жумшап келет. Бул үчүн дүйнөлүк жаңы технологиялардан артта калбай, үчүнчү муундагы байланыш менен өз абоненттерин камсыздап, аны Кыргызстандын бардык аймактарында жайылтууга алгылыктуу аракеттерди көрүүдө. Алсак, кечээ жакында компаниянын кызматкерлери Орловка тоо-лыжа базасына кезектеги базалык станцияны орнотуп, аны ишке киргизди. Анын урматына спорттук мелдеш да уюштурулду.

НЕГИЗГИ МАКСАТ – БАЙЛАНЫШТЫН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ
Бүгүнкү күндө MegaCom уюлдук оператору өлкөнүн калк отурукташкан аймагынын 95 пайызын байланыш менен камсыздады. Ири шаарлардан тартып айыл-кыштактарга чейин байланыш кызматын көрсөтүүгө жетишкен компания эми 3G cтандартындагы базалык станциялардын санын көбөйтүүнүн үстүндө иш алып барууда. Үчүнчү муундагы станция байланыштын сапатын азыркыдан да жакшыртып, интернеттин ылдамдыгын жогорулатат.
Учурда MegaCom’дун 3G түйүнү Кыргызстандын 50 пайыздан ашуун аймагын кучагына алып, жети дубандын эл отурукташкан аймактарында жеткиликтүү иштеп жатат. Бул өз кезегинде маалымат алмашууларды ыкчам ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берип, дүйнөлүк желедеги ресурстарды жеткиликтүү алууга шарт түзүүдө. Мына ушундай стандарттагы кезектеги базалык станция Орловка тоо-лыжа базасынын аймагына орнотулуп, ал жердеги эс алуучулар үзгүлтүксүз байланыш менен камсыз болушту.

Бул тууралуу MegaCom компаниясынын радиопландоо бөлүмүнүн адиси ЖАНЫБЕК ОРОЗАКУН УУЛУ:
– 2014-жылдын башында бул жайдагы эс алуучуларга жакшы шарт түзүү үчүн 3-муундагы базалык станция орнотконбуз. Бул аймакта буга чейин байланыш сапаты начар болуп келсе, эми жаңы муундагы базалык станция абоненттердин мүмкүнчүлүгүн кеңейтти. Алсак, добуштук байланыштын сапаты жакшырып, мобилдик интернеттин ылдамдыгы секундуна 21 Мегабитке чейин жетти. Видеочалууларды аткарууга, онлайн режиминде видеолорду көрүүгө жана чоң көлөмдөгү файлдарды жөнөтүүгө болот. Станциянын үзгүлтүксүз иштеп туруусу үчүн шарттар каралган. Эгер электр жарыгы өчүп калса, аккумулятордук батареялар автоматтык түрдө ишке кирип, станциянын иштөөсүн камсыздап турат.

 

«MEGA ЫЛДАМДЫК!» ЖАРЫШЫ
Жогорудагы базалык станциянын ишке берилиши 8-февралда Орловка тоо-лыжа базасында кесипкөй спортчулар арасында «Mega Ылдамдык!» деген аталыштагы кызыктуу мелдеш менен коштолду. Өз күчүн сыноо үчүн Орловка шаарчасынан сырткары Бишкек жана Караколдон бардыгы биригип 30га жакын тажрыйбалуу спортчулар келишти. Кышкы спорттун гиганттык слалом түрү боюнча 800 метрлик узундуктагы жарышка катышууга келгендердин арасында Кыргызстанда гана эмес, дүйнөлүк ири мелдештерге катышып жүргөн лыжачылар да болду. Булар менен тең тайлашууга аракет кылган эң кенже катышуучу 9 жаштагы Кубатбек да жүрдү. Ошентип жарыш башталды. Ал эми бул учурда лыжачыларга көз салып, колдоого чогулган эс алуучулар да четте калбай компания тарабынан уюштурулган ар кандай оюндарга катышып, мыкты белектерге ээ болуп жатышты.

Иш-чаранын уюштуруучусу болгон MegaCom компаниясынын башкы директору АЗАТ БАЗАРКУЛОВ:
– Бүгүнкү иш-чара Орлов­ка тоо-лыжа база­сындагы 3G базалык стан­циясы­нын ишке киргизилгендигине арналып өт­көрүлүп жатат. Бул жердеги бардык катышуучулар жана эс алуучулар интернеттин сапаты жакшырганын сезишти деген ойдомун. Ошондой эле компания тарабынан таратылган белектер жакшы маанай тартуулады деп ишенем. Ал эми спорттук иш-чараларды биз дайыма колдоп келебиз. MegaCom компаниясы ар дайым дени сак жана сергек жашоо үчүн!
Жарыштын жыйынтыгында карды асманга сапырып, баш айланткан ылдамдык менен келген алдыңкы 3 спортчу диплом жана баалуу белектер менен сыйланды.
1-орун: Евгений Тимофеев, Бишкек шаары (43 секунд)
2-орун: Иван Борисов, Орловка (44 секунд)
3-орун: Алексей Балыбин, Каракол (47 секунд)

Биринчи орундун ээси “Сочи-2014” кышкы Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алып, бирок тилекке каршы, квота толуп калгандыктан катышуу мүмкүн­чүлүгүнө ээ болбой калган ЕВГЕНИЙ ТИМОФЕЕВ:
– Бул спорттун түрү менен 4 жашымдан тартып машыгып келатам. Тоо боорундагы лыжанын жолу жакшы экен. Бирок техникалык жактан бир аз татаал болду. Ага карабай жеңишке жеттик. Ушундай мелдешти өткөрүп, спортчулардын шыгына шык кошуп, өзгөчө белектери менен сыйлаган MegaCom компаниясына ыраазычылык билдирем. Көбүрөөк баарлашкыла жана спортту сүйгүлө!

 

 

Ал эми экинчи орунду ээлеген ИВАН БОРИСОВ IPhone 5 үлгүсүндөгү телефондуу болуп, кубанычын тең бөлүштү:
– Мелдеш аб­дан жакшы өттү. Экинчи орунду жеңип, абдан кымбат баадагы телефон утуп алдым. Мурда кытайлыктар чыгарган телефонду колдончу элем. Эми MegaCom тартуулаган эң мыкты жана заманбап телефонго ээ болуп отурам. MegaCom’го чоң рахмат!

 

 


Үчүнчү орунду камсыздаган АЛЕКСЕЙ БАЛЫБИН лыжачынын эң мыкты кийими менен сыйланды.

Жаратылышта жигердүү эс алууну сүйүүчүлөргө мыкты белектер менен кошо жагымдуу маанай тартуулаган MegaCom уюлдук оператору таза абаны, спортту, сергек мүнөздөгү жашоону айкалыштырган спорттук иш-чараларды чын дили менен колдоп келет.

Базалык станция аймакты сапаттуу байланыш менен толук камсыздай баштады.

Жеңиштин даамын татып, компаниянын баалуу белектерине ээ болгон спортчулар.

Спортко көбүрөөк көңүл буруп мелдештерди өткөрүп турсак, бизден да Дүйнө чемпиондору чыгарына шек жок.

Байгелүү орундарга жетпей калган спортчулар да четте калган жок. Баарына белектер берилди.

Кубаныч Сыдыков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
piramida
2014-02-17 21:05:44
Кечее мен статистикадан кордум кыргызстан орто азиядагы ен кымбат мобилный интернетти колдонот екен,концу казактарда бизге караганда 3 есе арзан,так что курганынардан не пайда арзандатпасанар.
0
piramida
2014-02-17 21:07:26
коншу
0
piramida
2014-02-17 21:13:07
Бизде ото еле кымбат интернет карапайым калк учун мен жакында кыргызстанда болдум интернетти бир айга унутууга туура келди агенттен башкасын.
0
A_l_i_b_e_k
2014-02-18 11:23:22
Билбейм мага арзандай эле сезилет даже ит бекер мен мегакомдун абоненттимин. Бир айга 395 сом төлөп коюп интернетте эле жашап калам.
0
piramida
2014-02-18 21:29:16
A_l_i_b_e_k, ошондо бир айга канча ГБ трафикти берет ылдамдыгы канча мб/с
0
kipchak
2014-02-19 13:23:56
piramida, Бул Inside 2Gb деген интернет пакет. Ылдамдыгында эч кандай чектоо койулган эмес. Ушул эле пакеттин 9 Гб да бар. Азыр билишимче мындай пакеттерди активдештируу токтотулган.
0
zamir_kgz
2014-02-24 00:26:12
A_l_i_b_e_k, мен 200 сом v4.0 го салам, ашып калат интернети деле башкасы да
0
Adik74
2014-02-18 19:42:19
Кыргызстанда интернетти пайдалануу башка кошуна мамлекеттерге караганда кымбат.Ылдамдыгы томон.Мегакомдуку Билайнга караганда кымбат.Арзандатып анан мактанса боло !!
0
joni90kg
2014-02-20 20:39:24
bizde internet oto ele kumbat I isho skorost otto ele tomon
0
zamir_kgz
2014-02-24 00:23:54
Башынан мага жакпаган ушул мегаком компаниясы, тейлоо жагынан артта калган. Кенсесине кирсен душманын коргондой болушат, мен капачылымды билдирип кетем. Мегаком которгон тааныштарым болгон учун айласыздан котором. Фонекс Некси окшоп жок болуп кетет мындай сапатсыз тейлешсе!
0
zamir_kgz
2014-02-24 00:29:09
Откон куну Жалалабаттагы кенсесине кирсем, жаным кайнатышты. Жетекчиге кирсемби деп кайра жиним келип башынарга тартып алгыла мегакомунарды дедим.
0
№ 589, 14-февраль-20-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан