Бакыт Букаев: «КЕЛИНЧЕГИМ БАРДЫК ООРЧУЛУГУМДУ ӨЗ МОЮНУНА АЛДЫ»

“Жашы кыркка келди, качан үйлөнөт? Ушунун бир мандеми бар” деген аңыз кептер алпаруучу, шоумен Бакыт Букаевдин дарегине байма-бай айтылып келген. Мындай маанидеги кептин баары шамалга сапырылды да калды. 6-октябрь күнү алпаруучу кыргыздын илгертен келе жаткан каада-салты менен өмүрлүк жубайына сөйкө салып, ата-энесинин колунан алып кетти. Ошентип, көлдүк жигит Ысык-Көлдүн ак куусунун күйөөсүнө айланды. Көзүнөн кубанычтын бактылуу учкундары чачыраган шоумен менен сүйүктүүсүн алып кеткени Чолпон-Ата шаарына кайындарына барганда маектештик.

– Бакыт байке, куш боо бек болсун!
– Чоң рахмат. Сүйүнгөнүмдөн оозума сөз кирбей, ишенесиңби, катуу толкунданып турам.
– Албетте, ишенем. Бул күнүгө эле болчу көрүнүш эмес да. Сүйүп үйлөнүп жатасызбы же жашым өтүп баратат, үй-бүлө куруш керек деген чечимдин негизиндеби?
– Бир досум “кыркка чыккан жигит кыз алат, кыркка чыккан кызды ким алат?” деп айтып жатпайбы. Ошонун сыңары жашым өтүп баратат деп шашылганым жок. Кырк жаш жигиттин күч-кубатка толуп, толмок түгүл азоо аттай жулкунуп турган убагы эмеспи. Акыркы кезде шоулорду уюштуруп, Кыргызстандын жети дубанын кыдырып сайрандап эле жүрө бериптирмин. Күнүгө эле тамаша болсо, иш жүрүшүп кызыгуу артып жатса, чын эле күндөрдүн кантип учканын, жашым кыркка келгенин сезбей калыптырмын. Билбей калыптырмын десем, айрымдар кантип эле деп ойлошу мүмкүн. Бул чындык, жашың өйдөлөгөнү менен, жүрөк жаш бойдон калат турбайбы. Үйлөнүшүмө, биринчиден, сүйүүгө кабылганым, экинчиден, ооруп калганым чоң таасир берди.
– Эмне болуп ооруп калды­ңыз?
– Кан басымым көтөрүлүп жатып калдым. Ошондо катуу ойлондум да, тезирээк үйлөнүүм керек экенин сездим. Аңгыча Бактыгүл деген классташ кызым “Бакыт, мен сени бала кезиңден билем. Жакшы жигитсиң. Сени жакшы кыз менен тааныштырам”,- деп калды. Жакшы кызы Жылдыз экен. Экөөбүз таанышарыбыз менен эле жүрөктөрүбүз от чачыша баштады. Үйлөнүшүм керек деп миң жолу чечкеним менен, ылайыктуу кыз таба албасам дагы деле бойдок болуп жүрмөкмүн да, туурабы?
– Үйлөнөрүңүздү укканда ата-энеңиз, туугандарыңыз катуу сүйүнүшсө керек. Анткени көпкө күттүрүп койбодуңузбу...
– Менин апам эле бар. Атам өтүп кеткен. Туугандарым, албетте, сүйүнүштү. Баарынан апам катуу сүйүндү.
– Азыркы турмуш кургандардын көбү жарандык никеде жашап жүрүп, анан үйлөнүп жатышпайбы...
– Мен деле заманбап адаммын дечи. Бирок андай нерсе болгон жок. Кыргыз элимдин каадасы менен мына азыр туугандарымды ээрчитип, Жылдызды алып кеткени үйүнө келдим. Көп адам келген жокпуз. Бул эми үй-бүлөлүк майрам эмеспи, ошондуктан чыгармачыл чөйрөдөн эч кимди кошподум.
– Күйөө жолдошуңуз ким болду?
– Күйөө жолдоштун аты – Бакыт. Сүрөтчү болуп иштейт. Досторумдун ичинен эң жакыны десем жаңылышпайм.
– Өзүңүздү үйлөнүүгө 100 пайыз даярмын деп эсептейсизби?
– Аркы-беркинин баарын көрдүм. Көрмөк түгүл көп нерсени баштан да өткөрдүм. Үй-бүлө курууга 100 эмес, 120 пайыз даярмын.
– Жеңебизди кененирээк тааныштырып кетсеңиз...
– Жылдыздын жашы 27де. Менден он үч жаш кичүү. Кесиби боюнча модельер. Бирок иштей элек. Турмушту көрүп, кагылып-согулган, жөпжөнөкөй кыз. Анан өтө эле кыялкеч. Ортобузда көп жаш айырма болгонгобу, сиз деп жатат. “Сиздин бардык оорчулугуңузду, мүнөзүңүздүн көп кырдуулугун, чыгармачылыгыңыздагы ысык-суукту өз моюнума алам”,- деп айтып жатат, азырынча. Жакын арада үйлөнөм деп чечкен соң мындан бир ай мурун борбордогу ресторандардын бирине “Жаштык менен коштошуу” деген кече уюштурдум. Бул жаштык доорун жакшы эле сүрдүм, эми бойдокчулук менен коштошом деген маанидеги ишим болду.
– Сиздин оорчулугуңузду бүт моюнуна алса, жубайыңыз катуу сүйөт экен да...
– Туура таптың, мен деле андан кем сүйбөйм.
– Нике түнгө кандай сюрприз даярдадыңыз? Мисалы, жыпар жыттуу гүл белек кыласыз же ванна даярдап койгон чыгарсыз...
– Ха-ха-ха!.. Жок, элестет... Эч нерсе даярдаган жокмун. Кайдан эми, айылда жүрсөк.
– Канча калың бересиз?
– Калың жашыруун сыр. Калыңга көп кыйналган жокмун. Бир айда эле өзүм топтоп койдум.
– Жубайыңыз канча күн көшө­гөдө отурат?
– Бир эле күн отурат. Андан кийин чыгып, жеңелерине жардам беришет. Мен өзүм Ысык-Көл районундагы Темир айылынан болом да. Айылда катары менен үч күн той берем. Андан соң борборго барганда чоң той кылсамбы деп пландап жатам.
– Айылда өтчү тойго кайсы ырчылар барышат?
– Бир да ырчыны чакырганым жок. Алар­дын баары Бишкекте өтчү үлпөткө келишет.
– Кимди өкүл ата шайлаганы жатасыз?
– Азырынча ойлоно элекпиз.
– Рахмат маегиңизге, Бакыт байке. Кармашкан колуңар бекем болсун!

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
ymyta
2009-10-13 13:17:34
Бактылуу болгула!!!Кармашкан колунуз эч качан узулбосун!!!чыгармачылык ийгилик каалайм!!!
0
Айчурок
2010-05-31 16:04:03
Бактылуу болунуздар!Сиздерге кен келечек чыгармачылыгынызгачон-чон ийгиликтерди каалайм
0
Айчурок
2010-06-10 10:39:07
эмне учун бакыт букаев ушул убакытка чейин уйлонбой журосуз.
0
№ 362, 9-15-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан