Кыштын да сапары карып баратат. Кышкы сууктан коргонууда бүт энергиясын сарптаган терибиз бул учурда алсыз болуп калат. Беттин терисин калыбына келтирүү, ага кам көрүү жана алдыдагы жазгы күндүн нурларынан сактоонун жолдору менен таанышып алыңыз.
Жаздын алды менен тери туурулуп, түлөп, айрым жерлери карарып, так түшүп, ал тургай аллергиянын да өөрчүшү байкалат. Буга эмне себеп? Андан кантип коргонуу керектиги тууралуу врач-дерматолог, косметолог АЙНУРА САГЫНБАЕВА кеп-кеңешин бермекчи.
– Жазгы шамал, нымдуу аба, тике тийген күндүн нуру. Мына ушулардын баары териге бир мезгилде таасир этип, анын коргонуу инстинктин күчөтөт. Тагыраак айтканда, теридеги май бездери майды көбүрөөк бөлүп чыгара баштайт. Ал эми кар кетип, кара топурактан чыккан чаң ал майга жабышып, анын тез булганышына алып келет да, алсыз турган тери айласыздан сыйрылып түшүүгө аргасыз болот. Ал эми жаңы тери ого бетер сезимтал болуп, ар кандай аллергия, сезгенүүлөрдү жаратышы ыктымал. Андан тышкары күндүн нурунан коргонуу үчүн териде пигменттик тактар пайда болот. Теринин коргонуусуна жардам берүү үчүн жалпы организмди чыңдоо керек.
ТАМАК.
Майлуу, туздуу тамактардан баш тартканыңыз оң. Күнүнө 2 литрден ашык суу ичүүгө аракет жасаңыз. Бал, сүт азыктарын (майы аз), алма, банан жана башка витаминдүү азыктарды жегенге аракет кылыңыз.
КОСМЕТИКА.
Кышында колдонгон майлуу кремден баш тартып, анын ордуна жумшартуучу гелдерди, суюк крем, майлуу тери болсо лосьонду колдонгон жетиштүү. Тоналдык кремдин ордуна упа колдонуңуз. Жазында жеңил кийим кие баштаган сыяктуу боёктун да жеңил түстөрүнө өтүү керек.
ТАЗАЛОО.
Эртең менен жана кечинде бетиңизди сөзсүз тазалап туруу керек. Самын колдоно турган болсоңуз, териңиз туурулуп, майдын андан да көп бөлүнүп чыгуусун шарттайт. Андыктан бетти атайын тазалоочу каражат колдонуңуз. Эгер колуңузда тазалоочу каражат жок болсо, кечкисин кадимки кремди же өсүмдүк майын кебезге тамызып, аны менен териңизди сүртсөңүз болот. Эртең менен ромашканы демдеп, бетиңизди жууп коюңуз.
КОРГОО.
Терини сууктан, шамалдан, чаңдан жана ультра кызгылт нурлардан коргоо керек. Ал үчүн сыртка чыгардын алдында күндөн коргоочу крем (SPF 20), кара көз айнек, шляпа (же кепка), капюшон жардамга келет. Жазында жол жээгинде ар дайым чаң сапырылып турат. Андыктан жөө баса турган болсоңуз, парк, бак-шак тигилген көк чөптүү жерлер же үйлөрдү аралап далдоо жерден басууга аракет кылыңыз.
ЖАЗГЫ МАСКАЛАР
Нормалдуу тери үчүн.
1аш кашык айран менен 1аш кашык быштакты аралаштырып, бетке жаап коюңуз.
Майлуу тери үчүн.
1 жумуртканын агын бөлүп алып, ага сүргүчтөн өткөзүлгөн жарты алманы жана 1 чай кашык лимондун ширесин кошуп, чалып алып маска даярдайбыз.
Кургак тери үчүн.
1 жумуртканын сарысына, 2 чай кашык быштак, 1 чай кашык каймак кошуп аралаштырып бетиңизге сүйкөңүз.
Жогорудагы маскаларды бетке жаап 15 мүнөт кармоо керек. Андан соң алгач жылуу, кийин муздак суу менен жууп салыңыз. Жумасына 1 же 2 ирет кайталап туруу сунушталат.
Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg