ТАЛАСТА 20 ЖЫЛДАН БЕРИ ТОКТОП ТУРГАН АВТОБУС КАТТАМЫ ИШКЕ КИРДИ

«Талас-Нылды-Покровка-Кербен автобус каттамы 20 жылдан соң кайрадан ишке кирди. Ал тоолуу аймакта жайгашкан айылдарды облустун борбору менен байланыштырмакчы. Азырынча түшкөн эл азыраак болуп, автобус жумасына эки эле жолу: шейшемби жана жума күндөрү каттап жатат. Бирок жазга чейин элди кабардар кылып, автобус каттамына көндүрүүгө толук мүмкүнчүлүк бар»,- деп эсептешет анын уюштуруучулары.
Бул мактоого аларлык жаңы каттамды айрымдар «Өнүгүү маршруту» деп да атап алышкан. Себеби бул каттам тоо койнундагы айылдарды Союз урагандан бери оңдолбогон начар жол аркылуу Талас шаары менен байланыштырат.
«Бул каттам мурун бар болчу. Токтоп калган, азыр кайрадан жүрүп жатат. Жакшы болду. Өзгөчө Нылды айылынын тургундарына ыңгайлуу болду» дейт жүргүнчү Ниязбек Мадыгалиев.
Айыл тургундары үчүн бул каттам акыркы жылдар ичиндеги чоң жаңылыктардын бирине айланды. Совет доорунда жаралган жөнөкөй автобус болсо дагы элдин турмушун жеңилдеткенин элеттиктер жашырышпайт.
«Мектепте иштегендиктен, отчёт тапшыруу үчүн Талас шаарына көп каттоого аргасызмын. Буга чейин коомдук транспорттун жоктугунан азап менен келчүмүн. Биздин айыл таптакыр кароосуз калган, облустун борборуна жакын болгону менен, маршрут жок. Документтер үчүн Таласка келебиз, каттам ачылып, эми бизге ыңгайлуу болуп калды» деп билдирди Нылды айылынын тургуну Сабира Момункулова.
Нылды айыл аймагы Талас шаарынан болгону жыйырма чакырым аралыкта жайгашканы менен, соңку жыйырма жылдан бери бир да коомдук унаа жүргөн эмес. Анткени жолу жаман, ошондуктан бул жолго эски советтик унаалардан башкасы чыдабайт. Дагы бир жагдай – жашаган элдин саны аз. Эки айылды кошкондо 200 түтүндөн ашпайт.
Ал эми Таластан Покровкага каттаган маршруттар көп. Бирок баары борбордук көчө менен өтүп, алыскы айылдар камтылбай калат. Нылды айыл аймагынан тышкары Кайыңды, Арал айылдарынан өткөн каттамды таластыктар кубануу менен кабыл алышууда.
«Манас районунун аксакалдар кеңеши «автобус жүргүзүп бергиле» деп депутат Бакыт Төрөбаевге кат жазышкан эле. Ал автобус алганга каражат бөлүп берди. Бул автобус 150 миң сом турду, техникалык абалы жакшы. Башка унаалар чыдабайт экен...» деп билдирет «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын Талас облусу боюнча координатору Асан Ниязалиев.
20 жылдан кийин жанданган жаңы каттамдын аяккы аялдамасы – Кербен аймагы. Ал Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында жайгашкан. Бул жерден элди чогултуп алып, автобус кайрадан Талас шаарына жөнөйт.

Айзатбек Асанкул уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Taalaibek.
2014-02-25 20:57:59
Талас-Бакай-Ата каттамы дагы болот бекен? Болсо мен автобустун баардык тетиктерин ондоп жана каттоого даярмын.
0
№ 590, 21-февраль-27-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан