Ушул жуманын башында Спорт Ордосунда бардык жылдыздардын башын бириктирген “Звёздный десант” аттуу концерт болуп өттү. Ушул концерттен кийин биздин редакцияга окурмандардан концертке нааразы болгон телефон чалуулар түшө баштады. Ал эле эмес, ушундай тариздеги кат да келген эле. Ал каттын кыскача мазмуну мындай: “Саламатсыздарбы, “Супер-Инфо” гезити? Жакында болгон “Звёздный десант” аттуу концертке биз атайын Султан, Мирбек Атабеков, Мирбек Иманбековдор үчүн барган элек. Бирок, бул концерттен күткөн ырчыларыбызды көрө албадык. Бул үчөө эле эмес, жарыяда жазылган ырчылардын көпчүлүгү келген жок. Акырында алпаруучу чыгып: “Ушинтип кээ бир ырчылар келбей коюшту. Бул алардын мени эле эмес, сиздерди, күйөрмандарын сыйлабагандыгы...” деген сыяктуу сөздөрүн айтты. Биз болсо колунан токочун жулдуруп жиберген баладай болуп томсоруп үйүбүзгө кайттык. Кантип эле биздин сүйгөн ырчыларыбыз күйөрмандарын сыйлабайт?.. Жазира, Майрам.”
Бул каттын ээлерине жана буларга окшогон күйөрмандардын кызыгуусун туудурган бул маселе боюнча ырчылардын продюсерлерине кайрылдык.
ДИНАРА ЭСЕНГУЛОВА, СУЛТАН САДЫРАЛИЕВДИН ПРОДЮСЕРИ:
– Негизи, Султан концертке ырдай турган болобу, башка жакка ырдай турган болобу, ал бир жарым-эки ай мурун чечилет. Анын сыңарындай, дал ушул сиздер сөз кылып жаткан концерт боло турган күндөрү Караколдо Мирбек Иманбековдун концертине катышмай болуп, бир ай мурун эле чечип койгон элек. “Звёздный десанттын” уюштуруучуларына да бул жөнүндө айткам. Бирок, алар болбой эле жарыясына кошуп коюшуптур. Биз Мирбек менен сүйлөшүп, койгондугубуздан, бул концертке катыша алган жокпуз.
АСЫЛ АППАСОВА, МИРБЕК ИМАНБЕКОВДУН ПРОДЮСЕРИ:
– Мен анда ооруканада жаткам. Бир күнү эле телевизор көрүп жатсам концерттин жарыясында Мирбек жүрөт. Ошол эле жерден концерттин уюштуруучусу Алексей Филатовго телефон чалдым. Анткени, Алексей менден бир ооз сураган эмес. Анын үстүнө 22синен баштап Мирбектин өзүнүн концерти болмок. “Кечирип коюңуз, эже, Мирбекти жарыядан алып салам” деген. Ошол бойдон алган жок. Такыр алдыра албай койдум. Анан анысы аз келгенсип, бизди элге жалганчы кылыптыр.
КАНАТ КУЛТАЕВ, МИРБЕК АТАБЕКОВДУН ПРОДЮСЕРИ:
– Алексейдин ушул кылганы туура эмес болуп калыптыр. Биздин макулдугубузду албай эле жарыяга кошуп койгону аз келгенсип, элдин алдына чыгып алып бизди жамандаптыр. Биз ушул убакка чейин сөз берген жерибизге барбай койгон эмеспиз. Мен гезит аркылуу күнөө башка адамда болсо да Мирбектин күйөрмандарынан анын атынан кечирим сурап өткүм келет.
Даярдаган Азиза Сатимбекова