КУШ КАНАТЫН КАККЫЛАП, ЫРЛАР БҮГҮН САГА УЧАТ

Кээде жан дүйнө күнүмдүк тиричиликтен тажап, жакшы ырга, жакшы сөзгө суусайт эмеспи. Эмесе акындардын тили ширин, дили шайыр ырларына куш келипсиз, окурман. Сиз үчүн бир тамчы поэзия...

Аттиң, эми кеч дээрсиң

Жылдыз Жамгырчиева

Сезип турам сенсиз өтөр күндөрүм,
Сезип-сезбей бар кызыгын дүйнө­нүн.
Ырга айлантып ырдап өтсөм өзүңдү,
Ыйлаарсың сен мени жоктоп билгеним.

Сенсиз деле таңым атар агарып,
Сенсиз деле ыр жазылар жаралып.
Бириге албай, бөлүнө албай жолубуз,
Бизди бөлөт белгисиз бир аралык.

Бул аралык алыспы же жакынбы,
Биздин бакыт билбейм кайда жашынды?
Жолу болбос тун сүйүүнүн ээси деп,
Жүрөгүмө жазып койдум атыңды.

Менсиз калып өткөнүңдү эстээрсиң.
Бизди бөлгөн тагдыр жолду жектээр­сиң.
Жаркылдаган жары болсом башканын,
Жарыгым, ай, аттиң эми кеч дээрсиң.

Жамгыр

Себелеп жашын төксө жазгы жамгыр,
Сыздатып ыйлай турган сыры бардыр.
Буюгуп ушул түндө суроо салам,
Бизди качан бөлдү экен ушул тагдыр?

Билбеймин жаз экенин, күз экенин,
Билбеймин бөлүнүүнүн бир себебин.
Кача албай кусалыктын кыйноосунан,
Күнөөлүү бардыгына тагдыр деймин.

Бирок да жолуктурган жамгыр эле,
Билбеймин бөлдү анан тагдыр неге?
Жанчылып эстейбиз го өткөн күндү.
Жаш төгүп жазгы жамгыр себелесе.

Көздөрүң...

Самат Саралаев

Карагаттай жалжылдаган көздөрүң,
Сактайт мени көр дүйнөнүн суугунан.
Турмуш мени гүлгө айлантса чөлдөгү,
Булут белең аяп мага суу куйган.

Тыңша кантип туйлап согот жүрөгүм,
Сүйүү толгон көздөрүмө карачы.
Айлуу түндө ыр түрмөгүн түрөмүн,
Мени аяба, ырларымды аячы.

Көз карашың сүйүү сиңген канжарбы?
Эзет, эзет! Эзет байкуш акынды.
Коркуп кетем узап калса кадамың,
Болобу деп кадамдарың акыркы.

Кармашкан кол таштак жолдо үзүлүп,
Кээде сүйүү жүрөктөрдөн жулуна.
Сүрүлгөнчө бул дүйнөдө тирүүлүк,
Кансам экен көздөрүңдүн нуруна.

Армандуу ак куу

Атыркүл Абдрахманова

Бакчада тынбай, үн безей күкүк өткөндө,
Бактымды уурдап, күнүмдүк өмүр өткөрбө.
Алдейлеп сүйүп, аруулап койчу денемди,
Адашкан жалгыз ак чардак менмин көктөмдө.

Корооңо тиккен өрүктө куштар сайраса,
Колуңдан түшкөн уруктан гүлдөр жайнаса.
Ошонун баарын, жан биргем, мен деп тааныгын,
Жүрөгүң ооруп, көңүлүң менден калбаса.

Терезе чертип, ак жамгыр жууса айнегим,
Телмирип тиктеп, мени да күткөн бар дегин.
Толкундар уруп, тобуна жетпей үзүлгөн,
Тагдыры тайкы, армандуу ак куу ал менмин.

Тузакка түшүп, жан далбас урса жаш канат,
Тумандуу көктөн төгүлүп мончок жаш тамат...

Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Кыргызкритик
2009-10-14 19:22:35
Атайлап эле гезитинерге же сайтынарга ушундай рубрика ачып койгула. Поэзияга кызыккан адамдар бир топ эле. Мисалы мага, ушул ырлар абдан жакты. Кандай жагымдуу ырлар бар экенин башка адамдар деле билсин!
0
ibragimkam
2011-06-18 16:29:31
Мага баарынардын ырынар жакты.Кыргызстанда силердей адамдар бар экенине сыймыктанабыз
0
№ 362, 9-15-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан