«СЕНИ САГЫНАМ» ДЕГЕН ПАК Ю ЧОН ЖАҢЫ СЕРИАЛГА ТАРТЫЛУУДА

Өткөн жылы Түштүк Кореяда «Сени сагынам» аттуу сериал жарык көрүп, ал Азия континентинде да көрүүчүлөрдүн купулуна толгон. Аталган сериалдагы негизги каармандардын биринин ролун аткарган Пак Ю Чон жакында «Үч күн» деген сериалга тартылып жатат. Анда ал президенттин жан сакчысынын образын жаратат. Жаңы сериал Түштүк Кореянын SBS телеканалынын эфирине 5-мартта чыкмакчы.
2010-жылы гана актёрдук карьерасын баштаган Ю Чон «Сонгюнгвандагы дүрбөлөң», «Мисс Рипли», «Чатырдан түшкөн ханзаада», «Сени сагынам» сериалдарынын көркүн ачып, атактуулуктун улам бир чокусун ийгиликтүү багындырып келет. Пак Ю Чон режиссёрлордун көзүнө түшкөнгө чейин белгилүү топтун ырчысы катары таанылган

Барчынай Таникулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
koka9713
2014-02-24 14:46:16
Тезирээк эле чыкса экен корот элек!
-1
indira.1991
2014-02-24 15:17:55
чындыгында корейский сериалдарды такыр корбойм
0
merinargiz
2014-02-24 16:09:26
УШул бала аябай жагат да,Ал Эми Я скучаю по тебе сериалы вообще сонун.Корсонор окунбойсунор.
0
Айпери Сыдыкова
2014-02-24 16:18:00
Сериалдарын коруп отуруп,окуя кандай болуп уланаарын билип турасын...
0
mirrow
2014-02-25 00:48:35
Super Info, koreiskyi Horowyi paren serialy jana andagy kaarmandar boiuncha da maalymat jazyp koiunuzdarchy...please....
0
admin_media
2014-02-25 10:29:36
mirrow,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз.
0
balshirin
2014-02-26 15:38:57
корей сериалдарынан мен КЫШКЫ СОНАТА менен ВА БАНК(Ким Ина) ты эле коргом, калган сериалдары бири бирине коендой окшошко , кантип коросунор
0
№ 590, 21-февраль-27-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан