БУЗУК ТЕЛЕФОН

Эл ичинде “Айпери Кубик кызы менен Акбардын ортосунда сүйүү бар” деген сөздөр айтылууда. Кесиптештери аныгын билишеби деген ой менен бузук телефон аркылуу билүүнү чечтик.


Назира Кадыева:

– Билбейм, мен Айперини, тескерисинче, “Султан менен жүрөт” деп уккам. Эми Акбар менен жүрүп жатыптырбы? Акбар деле жакшы бала, чогуу ырдашат, чөйрөсү бир. Сүйүшсө сүйүшүп калгандыр да.


Максат Бегалиев:

– Эми бул эки жаштын ортосунда жуучу болбогондон кийин экөө сүйүшөт деп айта албаймын. Бирок Спорт Ордосуна ээрчишип келип, кайра чогуу кеткендерин көп көрөм. Албетте, сырттан караган кишиге сүйүшкөн жаштардай эле көрүнөт.


Дайыр Исмадияров:

– Элдин баары эле ошентип айтып жүрүшөт. Баягы “Достор” деген киного тартылгандан кийин Айперини “Султан менен жүрөт” деп уккам. Андан кийин Акбар экөөнүн кыз-жигиттердей болуп жүргөндөрүн көп көрдүм. Негизи, эмне кылышса да өздөрүнүн иши.


Айгүл Чалова:

– “Акбар менен Айпери жүрөт экен” деген сөздөрдү кулагым чалып жүрөт. Өткөндө бир белгилүү студиянын сүрөтчүсү айтып жаткан: “Айпери менен Акбар бирге келип сүрөткө түшүп кетишти. Акбар тим эле Айпериге сүйгөн кызындай мамиле кылат экен”,- деп. Балким, экөө достур, балким, ортолорунда чын эле сүйүү бардыр. Эмнеси болсо да өз тагдырлары өздөрүнүн колунда.


Роза Шакирова:

–  “Шамал болбосо чөп­түн башы кыймылдабайт” деп коёт го. Кыз-жигит болушпаса, эмнеге эл айтмак эле? Мен деле бул тууралуу уккам, чогуу жүргөндөрүн өз көзүм менен көргөм. Эми алардын мамилелерине биздин кийлигишкенибиз туура эмес болсо керек.


Сема:

– Ал экөөнө көптөн бери жолуга элекмин. Бирок “кыз-жигит болуп жүрүшөт экен” деп угуп калам. Өзүм көрбөгөндөн кийин аныгы мындай деп айталбаймын.


Султан Садыралиев:

– Жок, мунун баары жалган. Мен Акбардын бардык «секреттерин» билем. Эгерде чын эле Айперини жакшы көрсө, мага айтмак да. Экөө кыйышпас достордон. Булардын достугун көбү сүйүү деп түшүнүп алышкан окшойт.


Акбар Сүйүнбаев:

– Карап койсо күлдү деп, күлүп койсо сүйдү деп алгандар жакпайт да. Айпери экөөбүздүн ортобузда достуктан башка эч кандай мамиле жок. Гүлдү деле мага жабыштырып жүрүштү эле, күйөөгө тийип кетти. Эми кутулдум десем, Айпери менен сүйүштүрүп салышты. Балким, бул сөз менин түштүктүк кызды алам дегенимден улам пайда болсо керек. Айпериден башка деле түш­түктүк кыздар толтура.


Айпери Кубик кызы:

– Акбар менен жакын досмун. Сахналаш­та­рдын Акбар экөөбүздүн ээрчишип жүр­гөн­ү­бүз­дү көргөндөрү чын. Анткени мурда машинам жок, Акбардын машинасына көп түшчүмүн. Экөөбүз ыр жаздырганда да студияга бирге барчубуз. Ошондон улам сүйүшөт деген ойлор пайда болсо керек. Бирок бул ойлордо кыпындай чындык жок.


Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
erma
2009-10-12 15:12:05
Akbar)))) kulgondon bashka ech nerse dei albaim)))
0
ylduska
2009-10-12 15:41:59
Эми булар чынын баарибир айтышпайт да, бирок семьялары жок журсо журо беришсин да азыр семьясы барлар деле журуп атпайбы.
0
kgjigit
2009-10-13 10:21:52
эмнеси болсо жакшы жагына болсун...
уй було бул - ЫЙЫК...
0
Mile
2009-10-14 12:22:37
Тим койгулачы оздору билишсин. Ушак куугандарды жактырбайм.
0
azabraza
2009-10-15 16:25:55
Айпери башка жигит тугонуп калгансып Акбар менен журот бекен?
0
Kagan
2009-10-16 09:45:35
Эмне Акбар жаман жигит бекен. Акбар сени колдойбуз!
+1
№ 362, 9-15-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан