Илгери аш-тойдун көркүн көк бөрү сыяктуу оюндар, Жеңижок өңдүү залкар төкмө акындар ачышса, бүгүнкү күндүн тойлорун ырчыларсыз элестетүү кыйын. Айрымдар сүйүктүү ырчыларын канча акчага чакырууга болорун билбей, баш катырышары анык. Биз ошол баш ооруну бир аз жеңилдетели дедик.
Аты-жөнү |
кызмат акысы |
Канча ырга? |
“Кыз-Бурак” тобу |
40000 |
4-5 |
Сайкал |
10 000-20 000 |
4 |
Бактыгүл Бадыева |
20 000 |
2-3 |
Ильяз Абдыразаков |
15 000 |
3-4 |
Урмат Усенов |
13 000-15 000 |
2 |
Мирбек Атабеков |
13 000 |
2-3 |
Гүлзинат |
13 000 |
3 |
Темир Назаров |
13 000 |
2-3 |
Гүлнара Тойгонбаева |
13 000 |
3-4 |
Бекчоро |
13 000 |
3 |
Айчүрөк Иманалиева |
13 000 |
3-4 |
Курмангазы Азыкбаев |
13 000 |
2-3 (күү) |
Бахтияр Токторов |
13 000 |
1-2 |
Айпери Кубик кызы |
9000-13 000 |
2 |
Съездбек Искеналиев |
10 000 |
3 |
Самат Дөөлөтбаков |
10 000 |
2 |
Дайыр Исмадияров |
9000-10 000 |
2 |
Нурайым Азыкбаева |
9000 |
2 |
Айя Садырова |
9000 |
1 |
Айжан Газиева |
9000 |
2 |
Аида Кулуева |
9000 |
2-3 |
Жанета |
9000 |
2-3 |
Роза Шакирова |
9000 |
2-3 |
Айбек Карымов |
9000 |
2-3 |
Алина Жетигенова |
9000 |
2 |
Максат Бегалиев |
9000 |
3-4 |
Айгүл Чалова |
9000 |
2-3 |
Сема |
9000 |
3 |
Кубаныч Сатаев |
9000 |
2 |
Нурзада Жолдошева |
6000-9000 |
3 |
Кайрат Примбердиев |
6000-9000 |
2-3 |
Мерген Турган |
6000-9000 |
3 |
Замир Арыкбаев |
6000-9000 |
2-3 |
Сапар Эркебаев |
6000-9000 |
2-3 |
KG Эльмурат |
7000-8000 |
5 |
Aлихан |
6000 |
2-3 |
Даниель |
6000 |
2-3 |
Бегимай Эсенгулова |
6000 |
2 |
Айдин Шер |
6000 |
2 |
Назми |
6000 |
2 |
Гүланда |
6000 |
2-3 |
Фарида Карбозова |
6000 |
4 |
Гүлжигит Сатыбеков |
6000 |
2-3 |
Айнура Салахидинова |
4000-6000 |
2 |
Микаэль |
4000-6000 |
3 |
Ильяз Андаш |
4000-6000 |
2-3 |
Акбар Сүйүнбаев |
4000-6000 |
2-3 |
Эрмек Маматов |
4000-6000 |
2 |
Алькамиль |
4000-6000 |
3-4 |
Мажит |
4000 |
3 |
Гүлзат Байзакова |
4000 |
2-3 |
Ынак Осмоналиев |
4000 |
3-4 |
Жаным Айзат |
4000 |
2-3 |
Алекс |
4000 |
2-3 |
Бегимай Бекбоева |
4000 |
2-3 |
Сауле |
2000 |
2 |
Тамадалар да кымбат
"Эс алууга" чыккандар
Ал эми...
Ырчылардын көбү эле "ставкаларын" доллар менен айтып киришти. Сыягы, аларга кризис таасир этпеген көрүнөт. Карапайым эл муну көрүп чочубасын деп, өзүбүздүн эле сомго айлантып бердик.
"Супердин" сурак бурчу
200-300 доллар төлөп ырчыларды тойго чакыруу шартпы?
Аида, 20 жашта, студент:
– Эгерде мүмкүнчүлүгүң болсо, Алла Пугачёваны деле чакырса болот. Негизи, адамдын жакшы нерселерге аракет кылып жашаганы туура. Жашоонун бир жагымдуу учурлары катары тойлор эсте калат эмеспи. Бирок шартка кароо керек. Сөзсүз түрдө ырчы-чоорчу чакыруу шарт деле эмес.
Эмилбек, 43 жашта, сүрөтчү:
– Биздин эл абдан куру намысчыл келет эмеспи. Бирөөнүн тоюна барып ырчы алып келгенин көрөт да, өзүнүн тоюнда да чакырууга аракет кылат. Бирок тойго келгендерге ырчылар жагымдуу маанай тартууласа, той ээси ырчылардын капчыгын кампайтат. Ошентип, эки тарап тең ыраазы.
Жамийла, 48 жашта, үй кожойкеси:
– Жакында эле баламды үйлөдүк. Эл катары белгилүү ырчыларды чакыралы десек, тим эле асмандын башын сурашат экен. Бирөөсүнө чалсак 500 доллар деди. Анан өзүбүздүн эле айылдын музыканттарын чакырдык. Алар 3000 сомго той бүткөнчө ырдап беришти.
Канат, 31 жашта, жеке ишкер:
– Азыр тойлорго ырчыларды чакыруу модага айланып баратат. Угушума караганда, жеке гана биздин ырчыларды эмес, Орусия, Өзбекстан, Казакстандан да чакыртышат экен. Бул да болсо элибиздин жашоосунун оңолуп калганынан кабар берет. Менимче, ырчыларсыз деле шаңдуу той өткөрүүгө болот.
Жаннат, 28 жашта, инженер-оператор:
– 200-300 доллар коротуп, тойго ырчыларды чакырып эмне кылам? Өзүбүздүн туугандарыбыздын арасында деле
анча-мынча ырчы атпайлардан жакшы ырдагандар бар. Аларга короткон акчага жакшысы, конокторду сыйлап узаткан жакшы эмеспи.
Асанбек, 59 жашта, пенсионер:
– Азыркы ырчыларды чакырып убара, чыгаша болуп эмне кылабыз? Ырларынын бир мааниси болсочу. Ырчы деген черди жазыш керек да. Ал эми азыркылардын ырларын угуп кыжырың кайнап, башың ооруйт. Той өткөрүүчүлөргө деле айта кетет элем, ашыкча чыгашанын кереги жок деп.
Гүлсана, 35 жашта, сатуучу:
– Азыр тойлорго ырчыларды чакыруу салтка айланып баратат. Бул эми той ээсинин конокторго жакшы маанай тартуулайын деген эле ниети. Илгери ата-бабаларыбыз деле ыр-күүгө жакын болгон. Элибиз өзү ыр жандуу эмеспи.
Бахияна Сатылганова