«ЭР ЖИГИТ ЭЛ ЧЕТИНДЕ, ЖОО БЕТИНДЕ»

23-февраль – Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Megacom уюлдук оператору чек арачыларды куттуктады. Бул ирет Баткен облусундагы №2022 чек ара отрядындагы аскерлерге компания тарабынан майрамдык концерт тартууланып, белектер тапшырылды.

ЧЕК АРАЧЫЛАРДЫН ЖАШООСУНА КЕРЕКТҮҮ БЕЛЕКТЕР БЕРИЛДИ
Мырзалар үчүн эң башкы ыйык милдеттердин бири – Ата Мекенди коргоо. Өлкөнүн коопсуздугун коргоо иши өтө жоопкерчиликтүү жана коомчулук тарабынан кадыр-баркка ээ эмеспи. Мына ушундай ардактуу кызматты аркалап, мекенибиздин тынчтыгы үчүн кызмат өтөп жаткан Баткен аймагынын чек арачыларын Megacom уюлдук операторунун өкүлдөрү барып, майрамы менен куттуктап келишти. Иш-чарага Megacom компаниясынын жетекчилиги, Баткен облустук администрациянын, шаардык мэриянын өкүлдөрү, №2022 чек ара отрядынын башчылары катышышты. Алар жоокерлерди куттуктап, мекенди коргоо кызматын аркалап жүргөндөргө ыраазычылыктарын билдиришти.
Тынчы жок аймактагы чек арачылардын иши оор экендигин жана мамлекеттик чек ара кызматынын өтүнүчү менен компания жогорудагы аймакты тандап алган. Ошондой эле Мекенди коргоочулар күнүнө карата аймактагы мекен сакчылардын жууркан-төшөгүн толугу менен жаңыртып берүүнү туура деп тапкан. Жалпы суммасы 600 миң сомдон ашык каражатка алынган белектер облустагы чек ара тозотторунун бардыгына жеткирилет.

Мындай жардамга жалгыз гана Megacomдун эмес, анын абоненттеринин да салымы чоң экенин белгилеген компаниянын башкы директору АЗАТ БАЗАРКУЛОВ буларды айтты:
– Чек арачыларга жардам берүүнүн алдында мамлекеттик чек ара кызматына кайрылып, кандай жардам керектигин сураганбыз. Алар Баткен облусундагы чек арачыларга жылуу жууркандар жагынан жардам берүүбүздү өтүнүшкөн. Мына ошондон улам Мекенди коргоочулардын майрамдык күнүнө карата Баткен чек ара отрядына компания тарабынан 300 жууркан-төшөк белек катары берилди. Былтыр дагы компаниянын атынан Ош шаарындагы аскер госпиталын оңдоп-түзөп бергенбиз. Муну «Мегаком» компаниясынын жалпы абоненттеринин аскер кызматкерлерине кошкон салымы деп айтсак болот.

ЧЕК АРАЧЫЛАР КОМПАНИЯНЫН ИШИНЕ ЫРААЗЫ
Уюлдук оператор тарабынан жасалып жаткан бул ишти чек ара отрядынын жетекчилиги жогору баалады. Жарандык коом чек арачыларды унутта калтырбай, колдоо көрсөтүп турганы жоокерлердин демине дем кошуп, күч-кубат берерин белгилеген Баткен чөлкөмдүк чек ара башкармалыгынын башчысы КУБАТ ЖЭЭНБАЕВ
:
– Megacom уюлдук оператору Баткен чөлкөмдүк чек ара башкармалыгында кызмат өтөп жаткан чек арачыларды майрам алдында куттуктап келишти. Куру келбестен өздөрүнүн белектерин, тактап айтканда, жоокерлерге зарыл болгон жууркан-төшөк жана жаздык ала келишкен. Мындан тышкары облуста кызмат өтөп жаткан чек арачылардын үй-бүлө мүчөлөрүн да куттуктап, концерттик программа тартуулашты. Бизди унутпастан элге кылган кызматыбызды баалап келгендиги үчүн жалпы чек арачылардын атынан Megacom компаниясына ыраазычылык билдиребиз!
Мекен чегин тышкы душмандан коргоо милдети канчалаган кылымдарды басып келе жатса да, ушул кезге чейин «эр жигиттин милдети» деген башкы маанисин өзгөртө элек. Ошондон улам элибиз мындан миңдеген жыл мурдагыдай эле «Эр жигит эл четинде, жоо бетинде» деген сыпаттоо менен өз коргоочуларына жогору баа берип келет.

Эстрада ырчылары Сайкал Садыбакасова, Малика Дина жана бир катар бий топтору көрүүчүлөрдү концерттик номерлери менен майрамдык шаңга бөлөдү.

Шайыр мүнөз алып баруучу чек арачылардын маанайын көтөргөн оюн-зооктор менен иш-чаранын кызыгын арттырды. Оюнга жигердүү катышкандарга компаниянын белектери тартууланды

Концерттик программадан тышкары жоокерлер үчүн компания «Жакындарыңызга чалуу» акциясын уюштурду. Анын алкагында мекен сакчылары жакынкы жана алыскы мамлекеттеги жакындары менен бекер байланышып, кенен баарлашып, сагынычтарын таратууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Жумгалбек Өмүрканов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 590, 21-февраль-27-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан