«ООБА, МАГОМЕДОВ КАЧТЫ, БУГА ЧЕЙИН БАШКАЛАР ДА КАЧЫП КЕТИШЧҮ»

Таш-Көмүр шаарына жакын жердеги Кызыл-Жар айылында жайгашкан республикалык психиатриялык оорукана 8 бөлүмдөн туруп, өлкөбүздүн ар аймагынан келген оорулууларды карайт. Дарыланып жаткан кылмышкер Заур Магомедовдун ооруканадан качып чыгып, каракчылык кылганы, милиция кызматкерлерин атып кеткени коомчулуктун көңүл борборун кайра ушул ооруканага бурду. Андан соң милиция кызматкерлеринин бул оорукананы текшерүү учурунда оорулуулар козголоң да чыгарып жиберишкен. Таң калычтуусу, оорулуулардын палатасынан баңгизат табылган.

«ООРУЛУУЛАР КАЧСАМ ДЕП ТУРУШАТ»
Таш-Көмүр шаарына барып, элден Кызыл-Жарга кантип барууну сурасаң, баары эле «Жиндиканага барасыңбы?» деп сурашат. Айыл ичи ээн, ары-бери жүргөн адам жокко эсе. Ооруканага киргенимде жетекчилиги козголоң чыгарган 2- жана 8-бөлүмгө кирүүгө, деги эле оорулуулар менен көрүшүүгө уруксат берген жок. Айтымдарында, жаңжал болгондон бери ал жакка кызматкерлер да кире албай калышыптыр. Оорукананын шарттары, көйгөйү туурасында башкы дарыгери ГҮЛНУР МИҢБАЕВА айтып берди.

– Гүлнур айым, оорукана тууралуу маалымат бере кетсеңиз?
– Оорукана 1961-жылы ачылган. Алгач 1125 адамга ылайыкташкан болсо, азыр 325 адамга ылайыкташып калды. Ооруканада 8 бөлүм бар. Аялдар, эркектер, психикалык оорусуна кошо жугуштуу оорулар менен ооругандар, соттун чечими менен дарыланып жаткандар болуп бөлүнүшөт.
Өкмөттүн акыбалын азыр баарыбыз билебиз. Жетишерлик акча бөлүп бере албайт. Бир канча жылдан бери оорукана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтпөй келет. Керебет, матрас сыяктуу буюмдар эски. Идиш-аяк, шейшептер жетишпейт. Оорулууларды тынчтандыруучу атайын жеңи узун көйнөктөр жок, алар эл аралык уюмдар берген эски кийимдерди кийишет. Өкмөт такыр эле бербейт деп айта албайм. Бизге жылына 2 миллион сомдой бөлүнөт, анын 1,5 миллиону оорукананы кайтарган кызматкерлердин эмгек акысына кетет. Калганы оорукананын күнүмдүк керектөөсүнө жетпей калат.

– Оорукананын кызматкерлеринин, оорулуулардын абалы кандай?
– Бул жерде иштегенге эч ким деле кызыкдар эмес. Ооруканада 320 кызматкер болсо, анын көпчүлүгү айылдагы пенсиядагы аялдар. Ушул ооруканада иштеген медиктин үй-бүлөсүндө төрөлүп, кийин бул жерде иштеп калган тажрыйбалуу кызматкерлер бар. Алар өздөрүнүн жумушун, оорулууларга кандай мамиле кылышын жетишерлик деңгээлде билишет. Кызматкерлердин орточо айлыгы 4 миң сом.
Психикалык жактан ооругандарды кароо татаал жана көбүрөөк түйшүктү талап кылат. Ооруга чалдыккандар тынбай дарысын ичип, дарыгердин карамагында болуп турса, жашоосу кадимки эле адамдардай улана берет. Кээ бир оорулуулардын туугандары булардын пенсиясын алып, бирок абалын сурап бир да жолу келбей, баш тартып койгондор бар.
1996-жылдан бери психиатриялык ооруканаларда иштеп келе жатам, практикамда ооруканадан качкандар көп болгон. Оорулуулар биринчи кезекте качсам деп турушат.

– Кээ бир учурда адамдар уруша кетип, бири «менин жинди деген маалымдамам бар» деп коркуткан учурлар болот. Аларга каалаган нерсесин жасай берсе болобу?
– Жок, алар деле мыйзам чегинде жооп беришет. Ал сөздү чыныгы оорулуу эмес, акылы баарына жетип турган адам айтат.

– Жакында кылмышкерлер жаткан бөлүмдөн бүт өлкөнү таң калтырган чуу чыкты. Азыр абал кандай?
– Бизде кылмыш жасап, соттун чечими менен келген психикалык жактан оорулуулар жата турган 2 бөлүм бар. 8-бөлүмдө кайтаруучу кызматкер бар. Ал эми 2-бөлүмгө кайтаруучу керек деген көйгөйдү дайыма айтабыз, бирок чечилбей келет. Мына ошонун кесепетинен кылмышкер Заур Магомедов качып кеткен. Бул бөлүмдө 50дөй оорулуу эң кеми дегенде 2-3 жылдай жатышат. Аларды ушул күнгө чейин өзүбүздүн кызматкерлер карап келди. Буга чейин да качып, жаман иштерди жасаган учурлар көп эле болгон. Мындай учурлар унутулуп, кайра кайталанып жүрүп, акыры ушундай ызы-чууга алып келди. Эми президентибизге чейин көңүл буруп жатышат.

– Кылмышкер Заур Магомедов жөнүндө да айта кетсеңиз?
– Магомедов 2012-жылдын август айынан бери бизде дарыланып жаткан. 5-февраль күнү качып кетиптир, бир күн өзүбүз издедик, табылбады. Эртеси милицияга кабар бердик. Кийин ошол факт боюнча кылмыш иши козголгон экен, милиция кызматкерлери келип Магомедов жаткан бөлүмдү текшеришти. Ушундан улам тополоң чыгып кетти. Оорулуулар имараттын ичиндеги стол, керебеттерди талкалап, терезелерди сындырышты. Жыйынтыгында орган кызматкерлеринен төртөө, оорукана кызматкерлеринен үчөө жараат алды.

«ӨТӨ ООР КЫЛМЫШ КЫЛГАНДАР ДА БАР»
Чынара Кошалиева республикалык психиатриялык оорукананын соттун токтому менен келген кылмышкерлер дарыланган бөлүмүн 12 жылдан бери жетектеп келет. Бул бөлүм жөнүндө ЧЫНАРА айым төмөнкүлөргө токтолду:

– Бул ооруканада иштегендерге адамдардын да көз карашы башкача болуп калган. Ошол себептен ар ким эле бул жерде иштегенди каалабайт. «Психиатрмын» десең аны уккан адам «Оорулуулар силерди урбайбы? Оорулары силерге жугуп калбайбы?» деген суроону сөзсүз беришет.
Бул бөлүмдө соттун токтому менен 48 кылмышкер жатат. Арасында өтө оор кылмыш жасагандар бар. Мындай оор кылмыш жасагандар Союз мезгилинде Казакстандагы Талгарда жатышчу экен, Союз урагандан кийин бизде дарыланышат.

– Тинтүү жүргүзгөн убакта ооруканадан баңгизаттар табылды. Алар кантип кириши мүмкүн?
– Кантип кирип калганын билбейм. Оорукананын бардык тарабы ачык болсо, жашыруун киргизип алышса керек. Ал тургай бир да терезеге торчо коюлбаган.

– Оор кылмыш кылып, бирок «психикалык жактан оорулуу» деп документ жасатып алып силердин ооруканада жаткандар барбы?
– Андайлар жок. Бизге соттук-медициналык экспертизадан текшерилген соң гана соттун чечими менен келишет.

– Магомедовдун качканына ким күнөөлүү деп ойлойсуз?
– Ооба, Магомедов качты, буга чейин башкалары да качып, кайра кармалып жүрүшкөн. Магомедовду бошотмок турсун, анын жанына барыштан коркчубуз. Абакта акыл-эси соо кылмышкерлерди бир канча милиция кызматкерлери карайт. Бизге психикалык жактан оорулуулары келет. Медиктердин иши – алардын ден соолугун кароо. Ал эми качырбоо, тартипке келтирүү бул – орган кызматкерлеринин иши.

«ТҮРМӨНҮН МЫЙЗАМДАРЫ МЕНЕН ЖАШАШАТ»
Оорукананын кызматкерлеринен бизди кызыктырган суроолорго толук жооп ала албагандан кийин, оорукананы текшерген ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы УЛАН АЛИЕВге байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– 2014-жылдын 17-февралында соттун чечими менен Кызыл-Жардагы психиатриялык оорукананын 2-бөлүмүн текшергенибизде уюлдук телефондор жана 50 граммдай баңгизаты табылды. Ошол убакта оорулуулар «текшербегиле» деп тополоң чыгарып, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөөчүсүн жана оорукананын 3 кызматкерин барымтага алышты. Аларды бошотуу үчүн асманга ок атууга туура келди.
Айылдын тургундарынын айтымында, оорулуулар ооруканага каалаган убакта кирип-чыгып, ал тургай ошол айылдан батир алышып, үй-бүлөсүн алып барып чогуу жашашат экен. Арасында автоунаа сатып алып, эркиндиктеги досторун чакырып, кой союп коноктогондору да бар экендиги маалым болду. Ооруканада соттун чечими менен жаткан 48 оорулуу бар болсо, текшерүү учурунда алардын ону психикалык жактан оорулуу эмес экендиги билинди. Аны өздөрү «акча берип ушул жакка келгенбиз» деп түшүндүрүштү. Ошол 48 кишинин 9у киши өлтүргөн болсо, калгандары башка кылмыштар менен кармалгандар. Анан да ал жерде түрмөдөгүдөй «общак», «смотрящий» деген түшүнүктөр менен жашашат экен.
Аягында ооруканадан чайпалып араң басып, ар нерсени сүйлөп жаткан жашы 50дөн ашып калган кишини көргөнүмдү эстедим. Ал жумушунан чыгып келе жаткан кызматкер аялдардын бирин кармап алып «Мен сени сүйүп калдым. Келчи, кучактап коёюн. Сен орус болсоң да кыргызча так сүйлөйт турбайсыңбы» деп бир топко кыйнап турду. Көнүмүш адат болуп калганбы же ушундай мамиле кылуу керекпи, кызматкер аял «ооба, ооба» дегенден башка кеп айтпай кутулуп кетүүгө шашты.
Бул окуяда ким күнөөлүү экенин билбейсиң. Дарыгерлер мамлекеттин шартына шылташса, укук коргоочулар дарыгерлердин боштугун айтышат. Ортодо маанилүү болгон кылмышкер качкын, палатадан табылган баңгизат темасы көмүскөдө калууда...

Оорулуулар сейилдөөчү жер. Бул жердин тегерегин тоскон бийиктиги эки метрдей темир тордон ашып өтсө эле эркиндик.

<

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Jaigz
2014-03-03 10:14:00
Ээх адамдар эмне болуп баратышат, кудай сактай кор...
0
Гулжигит
2014-03-03 11:05:28
Соттордун адилеттуулугунун пайдасы!
+2
rumaika5544
2014-03-03 12:24:54
Кызыл-Жар айылынын жанындагы айылда жашап,эми билдим жиндикана бар экенин тообо.
-2
fiura
2014-03-03 12:26:38
Тооба
0
monchok
2014-03-03 14:16:03
Орулуу ошол жерде иштеген аялды кучактап кыйнаганы кызыкго эч ким карап койбодуб?
0
end
2014-03-03 15:36:23
Ушуга окшогон фактылар толтураго. Кылмышты жасап алып акча берип ушул ооруканага даарыланымыш болуп боштондукта журушот, бирок ушул адамдар кайра кылмыш жасабайт дегенге эч ким кепилдик бере албайт.
+3
infiniti
2014-03-03 17:32:51
Саясатчылар менен кылмышкерлер баары эле "оорукчан".
+1
Lumia-800
2014-03-03 17:59:02
Ооруканадан качышына караганда чынеле оорулуу адамдар окшойт,даарылануу эмне экенин билбеген...
Баарына шыпаа берсин жараткан!
0
ayzharkyn
2014-03-06 08:17:09
Мамлекеттин азыр эч нерсеге алы жетпей калды. Азыр ар ким озунун камын озу коро турган мезгил
+1
Meris
2014-03-06 11:33:49
0
№ 591, 28-февраль-06-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан