Нурмат Садыров: «БИРИНЧИ СҮЙГӨНҮМ ТУУГАНЫМ БОЛУП ЧЫККАН»

Былтыр «Мен сүйгөн менен пайда жок» деген ыр хит болуп, гезитибиздин «Жылдын супер ыры» наамына талапкер болууга жетишкен. Ошол ырдын аткаруучусу Нурмат Садыровдун эң алгачкы эстен кеткис окуяларына чогуу саресеп салабыз.

«БИРИНЧИ ОЮНЧУГУМ...»
– Кичинекей кезимде оюнчуктарым көп болчу. Эсимден кетпеген оюнчук бул – 3 жашымда атам сатып берген учак. Атамдын классташтары бардыгы чогуу балдарын сүннөткө отургузмакчы болуп Торкен айылынан Токтогулдагы ооруканага алып келишкен. Ошондо атам мени алдап алып берген болчу. Мени менен чогуу ойногон кошуна кыз «мен да барам» деп бизди ээрчип ыйлаган эле.

«АЛТЫН УЯМ...»
– 1995-жылы Токтоналы Ашыралиев атындагы орто мектептин босогосун аттадым. Апам мектепте мугалим болгондуктан, аны уят кылбайын деп жакшы окуганга аракет жасачумун. Ага карабай балдарга кошулуп терезе аркылуу сабактан качкан учурларым көп эле болду. Андан тышкары мектептин «артист» окуучусу элем. Кайсы кароо-сынак, майрамдык кече болбосун Айпери деген классташ кызым экөөбүз дуэт ырдай берчүбүз.


«БИРИНЧИ МУГАЛИМИМ...»
– «А» тамгасын тааныткан алгачкы мугалимим – Динара Сасыкеева. Алиппе майрамына биздин класстагы балдардын колуна көпөлөктөрдүн канатын кийгизип даярдаганы эстен кетпейт. Анан бизге «эң эле жаманыңар Абды Сүйөркулов атабыздай болгула» деп көп айтчу. Себеби ал киши биздин айылдан да. Ал эми алгачкы ирет нота тааныткан музыка мугалимим – Калмира Таштакеева. Бул эжелериме азыр жолуксам «сендей окуучубуз менен сыймыктанабыз» деп
калышат.

Ал эми ДИНАРА САСЫКЕЕВА окуучусу тууралуу буларды эскерип өттү:
– Нурматтын мектеп босогосун аттаганы али күнгө эсимде. Кичинекей, татынакай бала болчу. Сабактарын жакшы окуп, коомдук иштерге активдүү катышчу. Анан кыздардын бардыгы жакшы көрчү.


«ТУН СҮЙҮҮМ...»
– Мектепте Санирабийга аттуу классташ кызымды жакшы көрчүмүн. Ага жакшы көрөрүмдү айта албай көпкө кыйналып жүрдүм. Аны менен кыз-жигит катары сүйлөшкөн жокпуз, бирок чоңойгондо дос болуп калдык. Ал эми алгачкы сүйүүм Аида деген кызга арналган. Экөөбүз бири-бирибизди жактырып, кат жазышып жүрчүбүз. Көрсө, экөөбүз тууган болуп кетет экенбиз. Аны билген соң кат жазышууну токтотконбуз.

«ДОСУМ...»
– Кичинекей кезимден бери Айбек Сатаров деген бала менен досмун. Ал менин ыр жазарымды билчү. Бир жолу мага «буга ыр жазып жүр» деп калың дептер белекке берген. Мен ошол дептер толгончо ыр жаздым. Айбек учурда Бишкекте турат. Экөөбүз азыр да кыйышпас доспуз, бат-баттан жолугуп, бири-бирибизге жардам берип турабыз.

«АЛГАЧКЫ ДЕМӨӨРЧҮМ АЙЫЛДАГЫ СООДАГЕР АПА БОЛГОН»
– Айылда Гүлсайра Алиева деген соодагер чоң апа бар. Ошол менин алгачкы демөөрчүм десем болот. Кичинекейимде мектептен келе жатсам тосуп алып ырдата берчү. 5-класс кезимде Бишкекте Сыймык Бейшекеев агабыз жаш таланттарга кароо-сынак уюштуруп, Гүлсайра апа мени ошого алып барууну ойлоптур. Анан ата-энемден мени сурап, жол киремди төлөп шаарга алып келген. Шаарды ошондо биринчи ирет көрдүм жана чоң сахнада ошондо ырдадым. Кароо-сынакта 3-орунга ээ болуп, «Сыймык» деген жазуусу бар свитер утуп алгам. Ошол жеңишим менин чыгармачылыкка болгон кызыгуумду өркүндөттү.

ГҮЛСАЙРА АЛИЕВА Нурмат тууралуу мындай эскерет:
– Нурмат кичинекейинен таланттуу эле. Ушудан бир нерсе чыгат деп ойлоп, Сыймыктын концертине алып келип катыштыргам. Концертте шаарды, чоң сахнаны биринчи жолу көргөн бала толкунданып, бир жеринен жаңылып калбаса экен деп тиленип отурдум. Нурмат тартынбай, жаңылбай сопсонун ырдаган. Эми анын минтип эл тааныган ырчы болгонуна кубанып жаткан чагыбыз.


«БИРИНЧИ ЧӨНТӨК ТЕЛЕФОН...»
– 9-классты бүткөн соң борборго келип М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда окуп калдым. Окуудан тышкары кафелерде ырдап жүрдүм. 2004-жыл болсо керек, кафеде ырдап жатсам бир эже келип ырдаганым жакканын айтып, телефон номеримди сурады. Телефонум жок болгондуктан ага эжемдин номерин бердим. Эртеси тиги эже чалып, анан экөөбүз жолуктук. Ошондо «колдонуп жүр» деп Siemens үлгүсүндөгү телефон белекке берген. Азыр Samsung Galaxy S II колдоном.


«САХНА ЖАНА УСТАТТАРЫМ...»
– Самыйбек Ооматов аттуу биздин айылдын Маданият үйүнүн жетекчиси мени айылдан тойлорго алып барып ырдатып жүрдү. Анын демилгеси менен Сыймык Бейшекеев уюштурган кароо-сынакка 2-жолу катышмакчы болдум. Анан Самыйбек байке жана мугалимдерим Маданият үйүнө алгачкы жолу жеке концертимди уюштуруп беришкен. Концертте жалгыз өзүм жалаң комуз менен ырдагам. Комузду Замирбек Сыдыев аттуу байке «сынакта комуз менен ырда» деп үйрөтүп, анан шаарга алып келди. Кароо-сынак 7 күнгө созулуп, акырында акчабыз жок калды. Замирбек байке акыркы акчасына билет алып сынакка мени киргизип жиберди да, өзү концерт бүткүчө сыртта күткөн. Ойдо жок жерден ошол күнкү катышуучулардын арасынан финалга мен чыгып кеттим. Замирбек байке экөөбүздүн кубанганыбызды айтпа. Анан маршруткага түшсөк концертке катышкандар бар экен, Спорт Ордосунан Ак-Өргөөгө жеткиче мени ырдатып келишкен.

«6-класстын окуучусумун. Кароо-сынакка экинчи жолу келишим».

«АЛГАЧКЫ МАШИНАМ...»
– Эң алгач Тойота Камри-10 үлгүсүндөгү унаа айдадым. Аны менден 1 жаш улуу Нурлан байкем 2011-жылы белек кылган. Ал кезде жаңыдан ырдап чыга баштагам. Анан байкемдин машинасына түшүп алып, «тиги жакка жеткирип коюңузчу» деп тажата берген окшойм, бир күнү өзүнүн машинасын мага берип койду. Ал машина менен 2013-жылы күзүндө жол кырсыгына кабылып, унаа жарабай калган. Кайра өз эмгегим менен акча чогултуп, жакында Ниссан Сефиро үлгүсүндөгү унаалуу болдум.

«ЧОҢ САХНАГА КАДАМ...»
– Биринчи жолу жаттаган ырым «Ак гүлдөр, көк гүлдөр» деген ыр болчу. Муну 1-класста Алиппе майрамында ырдагам. Ага чейин, апамдардын айтымында, «Эламан» деген ырды ырдачу экенмин. Чыгармачылыкта эң алгач 2005-жылы «Анара» аттуу ыр жаздырып, клип тарттырдым. Ага Айзада деген бир тууган эжем демөөрчүлүк кылып, баш-аягы 200 доллар чыгымдалган. Кафеде иштеп жүрүп музыкалык аппарат сатып алган элем. Кийин 2011-жылы аны сатып, ал акчага «Сүйгөн жүрөк» аттуу ырымды жаздырып, клибин тарттырдым. Ырдын клиби менен чыгышына 800 доллар кеткен. Ушул ыр мени жеке ырчы катары элге таанытты. Ал эми «Мен сүйгөн менен пайда жок» деген жетпей калган сүйүүмө арналган ыр мага ийгилик алып келди.

«АЛГАЧКЫ ПРОДЮСЕРИМ...»
– 2010-жылдан тарта «ekorekords» үн жазуучу студиянын жетекчиси Эрнест Үмөталиев мага продюсерлик кыла баштады. Экөөбүз 2012-жылга чейин ортодо келишим жок ага-ини катары чогуу иштедик. Кийин анын жумуштары көбөйүп кеткендигине байланыштуу өз алдымча иштөөгө өттүм. Азыр деле жардам берип калат, мамилебиз жаман эмес, саламыбыз түз.

Асхат Субанбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Нурмат Садыров: "Айыл боюнча атактуу болчумун"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
Gul.08
2014-03-04 03:45:32
Бар бол! аявай жонокой так суйлогон бала экен жакты мага))
0
hakker
2014-03-04 11:06:52
Барамыйин деп ырдап, барамын деп ырдоодон уялган киргиз ырчылардын алдында сен эн сонун ырдайсын.*Мен суйгон менен пайда жок* ырын жакшы чыккан.Ушул ырындан улам таанылдын окшойт.Сага ийгилик,бактылуу бол.Ильяз,Нурлан,Аваз сен озунор мээнет кылып,ыр жаратып жургонунор--чыныгы талант экенинерден кабар берет.Уну жок,таланты жок--бирок акчасы,таанышы коп ырчы болумуштар озулорун алдап ырчы болуп журушот,силер тарыхта кала турган жакшы чыгармаларды жараткыла!
0
chinakg0997
2014-03-04 22:27:30
SUper .......
0
mersedes2013
2014-03-05 01:32:25
молодец жонокой жигит экен.ырлары жакшы аябай .ийгиликтер
+2
mersedes2013
2014-03-05 01:43:09
айылдын жашоосу козго ушундай жагымдуу корунду.айылымды сагынып кеттим
0
asiia03
2014-03-05 01:52:23
Krasavchik alga.
0
Ema_nookat
2014-03-05 10:21:08
Ийгилик каалайбыз...
0
Kg.lady
2014-03-05 11:20:49
Уч жаштагы окуялары эсинде калганы жакшы экен,эске тутуу жондомуда мыкты окшойт))).

Комуз менен ырдаган ырларды кутуп калабыз!
0
seli
2014-03-05 12:06:48
Журогум журогум интерьвю бергенинизден кийин ооруп калды журогум.... Ийгилик! Жараткан чын ден соолук узун омур берсин!
0
aibek_akmataliev
2014-03-05 21:56:41
"Мен суйгон менен пайда жок" абдан жакшы чыккан. Рахмат сага жана дагы алдыда ийгилик деп кара кулжадагы алайкуудан мен. . .
0
Skyline...
2014-03-06 21:00:00
молодец. ишине ийгилик!!!!!!

0
RahiLa
2014-03-07 01:45:06
Нурмат байке азаматсыз ишинизге ийгилик!!!
0
aika_87_2007
2014-03-11 17:54:18
Chygarmachylyk igilik super super
0
baku0306
2016-01-07 03:09:07
Элге тааныла электе кандай болсо азыр да ошол бойдон. Жонокойлук адамдагы эн жакшы сапат. Ар дайым ушунундан жазба
0
baku0306
2016-01-07 03:10:06
Жонокойлук адамдагы эн жакшы сапат. Ушунундан жазба.
0
№ 591, 28-февраль-06-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан